Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 25
Закон КР от 16 июня 1999 года № 53 "Об охране окружающей среды" · ст. 25Статус: действует

Статья 25. Охрана климата и озонового слоя атмосферы

Охрана окружающей среды от экологически опасных изменений климата, озонового слоя атмосферы обеспечивается:

- организацией наблюдения, учета и контроля изменения состояния климата, озонового слоя под влиянием хозяйственной и иной деятельности и иных процессов;

- организацией регулярного сбора и учета данных по антропогенным выбросам из источников и абсорбции поглотителями всех парниковых газов, не регулируемых Монреальским протоколом, стороной которого является Кыргызская Республика, а также потреблению озоноразрушающих веществ;

- установлением и соблюдением нормативов предельно допустимых выбросов вредных веществ, воздействующих на состояние климата и озонового слоя;

- разработкой, осуществлением и регулярным обновлением национальных, региональных и отраслевых программ по сокращению выбросов парниковых газов и адекватной адаптации к изменению климата не реже одного раза в пять лет;

- регулированием в производстве и быту химических веществ, разрушающих озоновый слой;

- применением мер ответственности за нарушение указанных требований, в том числе приостановлением или запрещением вредной деятельности по решению государственных органов охраны окружающей среды Кыргызской Республики.

В соответствии с международными соглашениями Кыргызской Республики министерства и ведомства, предприятия, учреждения, организации обязаны сократить и в последующем полностью прекратить потребление и использование химических веществ, вредно воздействующих на озоновый слой.

Список химических веществ и отходов производства, вредно воздействующих на состояние озонового слоя атмосферы, утверждается республиканским государственным органом охраны окружающей среды Кыргызской Республики и сообщается всем органам государственной власти и управления, предприятиям, учреждениям, организациям.

В целях охраны озонового слоя атмосферы от негативного воздействия хозяйственной и иной деятельности устанавливается перечень озоноразрушающих веществ, обращение которых в Кыргызской Республике подлежит государственному регулированию.

Перечень озоноразрушающих веществ, обращение которых подлежит государственному регулированию, допустимый объем потребления озоноразрушающих веществ в Кыргызской Республике, требования к обращению озоноразрушающих веществ утверждаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Государственные органы, органы местного самоуправления, физические и юридические лица при осуществлении хозяйственной и иной деятельности обязаны соблюдать требования настоящего Закона.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 11 марта 2013 года № 36, 12 января 2015 года № 3,13 июня 2024 года № 95)

Кыргызча
Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо: - чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу; - Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу; - климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо; - беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу; - өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу; - аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомостволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү. Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат. Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат. Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)