Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 23
Закон КР от 16 июня 1999 года № 53 "Об охране окружающей среды" · ст. 23Статус: действует

Статья 23. Охрана окружающей среды от производственных, бытовых и иных отходов

Сброс производственных и иных отходов разрешается в установленном порядке только в специально отведенные места. Запрещается сброс отходов и канализационных стоков в водоемы общего пользования, подземные водоносные горизонты.

Юридические и физические лица обязаны принимать эффективные меры по обезвреживанию, переработке, утилизации, складированию или захоронению производственных и бытовых отходов, соблюдать действующие экологические, санитарно-гигиенические и противоэпидемические нормы и правила.

Складирование и захоронение отходов производятся в местах, определяемых решением органов местного самоуправления по согласованию с государственными органами охраны окружающей среды и здравоохранения Кыргызской Республики.

Складирование и захоронение отходов производятся в порядке, предусмотренном законодательством.

Захоронение или иное размещение потенциально опасных, особо токсичных и радиоактивных отходов производится по лицензиям республиканского государственного органа охраны окружающей среды Кыргызской Республики по согласованию с республиканским государственным органом здравоохранения Кыргызской Республики на специально оборудованных полигонах.

Запрещается размещение токсичных отходов, в том числе отходов атомной промышленности, на территории и вблизи городов и других населенных пунктов, в лесах, в лесопарковых, курортных, лечебно-оздоровительных, рекреационных зонах и иных местах, где может быть создана опасность для здоровья населения и состояния окружающей среды.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 4 февраля 2002 года № 22)

Кыргызча
Айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтин жана башка калдыктардан коргоо Өндүрүштүк жана башка калдыктарды белгиленген тартипте агызып чыгаруу атайын бөлүнгөн жерлерге гана уруксат берилет. Калдыктарды жана канализациялык агындыларды жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, жер астындагы суу жаткан катмарларга агызууга тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактар өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, бир жерге топтоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү. Калдыктарды бир жерге чогултуу жана көмүү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталган жерлерде жүргүзүлөт. Калдыктарды бир жерге топтоо жана көмүү мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт. Өтө эле коркунучтуу, абдан уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды көмүү же башкача жайгаштыруу, атайын жабдылган полигондордо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын лицензиясы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Уулуу калдыктарды, анын ичинде атом өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын аймагында жана ага жакын жерлерге, токойлорго, токой, бак-дарак өскөн, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык зоналарга жана калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч түзүлүшү мүмкүн болгон башка жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)