Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 24 декабря 1998 года № 155 "О рекламе" · ст. 8Статус: действует

Статья 8. Неэтичная реклама

Кыргызча
Этикага жат жарнама 1. Адеп-ахлактын, гумандуулуктун, этиканын жана адептүүлүктүн жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуучу, адамдын укугуна жана эркиндигине шек келтирүүчү жүрүм-турумду көрсөтүүгө багытталган, расага, улутка, этностук таандыктыгына, кесибине, социалдык категориясына майыптуулугуна, жаш курагына, жынысына, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, дин тутуусуна, философиялык, саясий көз карашына карата мазактоочу сөздөрдү, салыштылууларды, образдарды пайдалануу менен гендердик стереотиптерди туюнткан гендердик басмырлоо элементтерин камтуучу жана ошондой эле шек келтирген тексттик, көрмө же үндүү маалыматты камтыган жарнама этикага туура келбеген жарнама болуп саналат: - улуттук же дүйнөлүк маданий кенчти түзгөн искусство объекттерин; - Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин мамлекеттик символдорун (желегин, гербин, гимнин),улуттук валютасын; - кайсы бир жеке же юридикалык жакты, кайсы-бир ишти, кесипти, товарды жамандаган жарнама этикага жат жарнама болуп саналат. Этикага жат жарнамага жол берилбейт. 2. Өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын же ишкердик аброюн жаманаттылоочу кабарларды камтыган жарнаманын чыгарылышы же таратылышы жөнүндө кабардар болгон жеке же юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипте сотко кайрылууга, ошондой эле жарнама берүүчүдөн мындай жарнаманы, ал кандай таратылса, ошондой ыкма менен төгүндөөнү талап кылууга укуктуу. (КР 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 , 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)