Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 36
Закон КР от 12 августа 2003 года № 197 "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы" · ст. 36Статус: действует

Статья 36. Социально-бытовое обеспечение сотрудников уголовно-исполнительной системы

Сотрудники уголовно-исполнительной системы имеют право на получение из средств государственного органа уголовно-исполнительной системы выплат на первоначальное обзаведение хозяйством в виде беспроцентной ссуды в размере 12 окладов денежного содержания на срок до 3 лет в случае:

1) назначения на должность после окончания учебного заведения органов внутренних дел или уголовно-исполнительной системы;

2) назначения на должность прибывших по распределению выпускников гражданских высших учебных заведений;

3) в течение 3 месяцев с момента заключения первого брака.

При переезде сотрудников уголовно-исполнительной системы на новое место жительства в связи с переводом на новое место службы им производятся выплаты за счет средств государственного органа уголовно-исполнительной системы:

1) в размере 2 окладов денежного содержания на сотрудника уголовно-исполнительной системы и половины оклада денежного содержания на каждого члена его семьи, переезжающего вместе с ним;

2) в размере твердой ставки (суточные), установленной Кабинетом Министров Кыргызской Республики для командированных сотрудников за каждый день нахождения в пути, на сотрудника и на каждого члена его семьи, переезжающего вместе с ним.

Кроме того, сотрудники уголовно-исполнительной системы имеют право на перевозку всеми видами транспорта, кроме воздушного, до 20 тонн личного имущества с прежнего места жительства на новое место жительства в связи с переводом на новое место службы и при увольнении из учреждений и органов уголовно-исполнительной системы с компенсацией затрат за счет средств государственного органа уголовно-исполнительной системы.

Сотрудникам уголовно-исполнительной системы гарантируется предоставление их детям мест в дошкольных учреждениях, мест в гостиницах при нахождении в служебной командировке, обеспечение квартирным телефоном, получение земельных участков под индивидуальное жилищное строительство, оборудование квартир за счет органов уголовно-исполнительной системы охранной сигнализацией.

За сотрудниками уголовно-исполнительной системы, уволенными со службы по возрасту, выслуге лет или болезни, сохраняется право пользования льготами, предусмотренными для личного состава органов уголовно-исполнительной системы.

Сотрудники уголовно-исполнительной системы, осуществляющие охрану объектов, пользуются всеми льготами, установленными для рабочих и служащих данных предприятий и учреждений.

Сотрудники уголовно-исполнительной системы обеспечиваются продовольственным пайком по нормам, установленным законодательством в сфере уголовно-исполнительной деятельности для военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики, либо денежной компенсацией пайка.

Сотрудникам уголовно-исполнительной системы, использующим в служебных целях личный транспорт, выплачивается денежная компенсация в установленных размерах.

При переводе сотрудника уголовно-исполнительной системы на другое место службы (учебы), связанном с переездом, у его супруги (супруга) стаж трудовой деятельности не прерывается в течение 6 месяцев со дня увольнения с предыдущего места работы.

Сотрудники уголовно-исполнительной системы и члены их семей пользуются бесплатным медицинским и льготным санаторно-курортным обслуживанием.

Гарантированная медицинская помощь, а также санаторно-курортное, лечебно-профилактическое обслуживание по желанию сотрудника уголовно-исполнительной системы может быть оказано в любом медицинском, лечебно-оздоровительном учреждении Кыргызской Республики.

Сотрудники уголовно-исполнительной системы пользуются также льготным медико-социальным, лекарственным и протезно-ортопедическим обеспечением.

Кабинет Министров Кыргызской Республики, местные органы исполнительной власти вправе устанавливать дополнительные гарантии социальной защищенности сотрудников уголовно-исполнительной системы.

.

(В редакции Законов КР от 17 октября 2008 года № 231, 19 июля 2011 года № 111, 31 января 2023 года № 20)

Кыргызча
Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин социалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан төмөндөгүдөй учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө 12 акчалай айлык акынын өлчөмүндө чарба жүргүзүү үчүн пайызсыз ссуда түрүндө алгачкы төлөмдөрдү алууга укуктуу: 1) ички иштер органдарынын же жазык-аткаруу тутумунун окуу жайларын аяктагандан кийин кызмат орунга дайындалса; 2) жарандык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү боюнча келгендер кызматка дайындалса; 3) биринчи никеге турган учурдан тартып 3 ай ичинде. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жаңы кызмат өтөөчү жерге которулгандыгына байланыштуу жаңы жашай турган жерине көчкөн учурда, аларга жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан төлөмдөр жүргүзүлөт: 1) жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине 2 акчалай айлык акынын өлчөмүндө жана аны менен бирге келген ар бир үйбүлө мүчөсүнө акчалай айлык акынын жарымынын өлчөмүндө; 2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген иш сапарга жиберилген кызматкерлердин жолдо жүргөн ар бир күнүнө, аны менен кошо бараткан ар бир үйбүлө мүчөсүнө туруктуу ставканын (суткалык) өлчөмүндө. Мындан тышкары жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жаңы кызмат өтөөчү жерге которулганына байланыштуу мурдагы жашаган жеринен жаңы жерге көчкөндө аба транспортунан башка транспорттун бардык түрү менен 20 тоннага чейин өзүмдүк мүлкүн ташып кетүүгө жана жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен жана органдарынан бошотулганда тарткан чыгымдарын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен компенсациялоого укуктуу. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине кызматтык иш сапарында жүргөндө алардын балдарына мектепке чейинки мекемелерден орун, мейманканалардан орун берүү, квартиралык телефон менен камсыз кылуу, жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алуу, квартирасын жазык аткаруу тутумунун органдарынын эсебинен кайтаруу сигнализациясы менен жабдуу кепилдиги берилет. Жаш курагы, иштеген жылдары же оорусу боюнча кызматынан бошотулган жазык-аткаруу тутумунун кызматкерелеринин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын өздүк курамындагылар үчүн каралган жеңилдиктерди пайдалануу укугу сакталат. Объекттерди кайтарууну жүзөгө ашыруучу жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери ошол ишканалар менен мекемелердин жумушчулары жана кызматчылары үчүн белгиленген бардык жеңилдиктен пайдаланышат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк пайы, болбосо пайды акчалай компенсация менен камсыз кылынат. Кызмат өтөө максатында менчик транспортун пайдаланган жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине белгиленген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери башка кызматка (окууга) которулганда анын жубайынын мурдагы иштеген жеринен бошогон күндөн тартып 6 айга чейин эмгек стажысы үзгүлтүккө учурабайт. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жана алардын үйбүлө мүчөлөрү акысыз медициналык жана жеңилдик берүүчү санатордук-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат. Кепилдик берилген медициналык жардам, ошондой эле санатордук-курорттук, дарылоо-профилактикалык тейлөө жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын кайсы гана медициналык, дарылоо-денсоолукту чыңдоо мекемелери болбосун көрсөтүлүшү мүмкүн. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери жеңилдик берүүчү медициналык-социалдык, дары-дармек жана протездик-ортопедиялык камсыздоодон пайдаланышат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин социалдык жактан корголушуна кошумча кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 19-июлундагы № 111 , 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VII Глава Жазык-аткаруу тутумунун ишине контролдук кылуу