Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 81 ТК
ТК КР · гл. 5Статус: действует

Статья 81. Учебные отпуска для работников, совмещающих работу с обучением в образовательных организациях высшего профессионального образования

1.

Работникам, направленным на обучение работодателем в образовательные организации высшего профессионального образования, имеющие аккредитацию, независимо от их организационно-правовых форм по заочной и очно-заочной (вечерней) формам обучения, успешно обучающимся в этих организациях, работодатель предоставляет дополнительные отпуска с сохранением среднего заработка для:

1) сдачи зачетов и экзаменов на первом и втором курсах - 40 календарных дней, на последующих курсах - 50 календарных дней;

2) подготовки и защиты дипломного проекта (работы) и сдачи итоговых государственных экзаменов - 4 месяца;

3) сдачи итоговых государственных экзаменов - 1 месяц.

2.

Работодатель обязан предоставить отпуск без сохранения заработной платы:

1) работникам, допущенным к вступительным испытаниям в образовательные организации высшего профессионального образования, - 15 календарных дней;

2) работникам - слушателям подготовительных отделений при образовательных организациях высшего профессионального образования для сдачи выпускных экзаменов - 15 календарных дней;

3) работникам - студентам образовательных организаций высшего профессионального образования очной формы обучения, совмещающим учебу с работой, для сдачи зачетов и экзаменов - 15 календарных дней в учебном году; для подготовки и защиты дипломного проекта (работы) и сдачи выпускных государственных экзаменов - 4 месяца; для сдачи выпускных государственных экзаменов - 1 месяц.

3.

Работникам, направленным работодателем на обучение по заочной форме обучения в образовательные организации высшего профессионального образования, один раз в учебном году работодатель оплачивает проезд к месту нахождения высшего учебного заведения и обратно для выполнения лабораторных работ, сдачи зачетов и экзаменов, а также для сдачи выпускных государственных экзаменов, подготовки и защиты дипломного проекта (работы).

4.

Гарантии и компенсации работникам, поступившим самостоятельно (без направления работодателя) и совмещающим работу с обучением в образовательных организациях высшего профессионального образования, устанавливаются коллективным договором или трудовым договором.

Кыргызча
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуу менен ишин айкалыштырган кызматкерлер үчүн окуу өргүүлөрү 1. Уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, жогорку кесиптик билим берүүнүн аккредитациясы бар билим берүү уюмдарына сырттан жана күндүзгү-сырттан (кечки) окутуу формалары боюнча окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген, бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге иш берүүчү орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнкүдөй кошумча өргүүлөрдү берет: 1) биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - 40 календардык күн, кийинки курстарда - 50 календардык күн; 2) дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 4 ай; 3) жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай. 2. Иш берүүчү төмөнкүлөргө эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: 1) жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кирүү сыноолоруна киргизилген кызматкерлерге - 15 календардык күнгө; 2) кызматкерлерге - жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына караштуу даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучуларына бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 15 календардык күнгө; 3) кызматкерлерге - жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын күндүзгү окутуу формасында окуган, окууну иш менен айкалыштырган студенттерге зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн - окуу жылында 15 календардык күн; дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 1 ай. 3. Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окутуу формасы боюнча окууга иш берүүчү тарабынан жиберилген кызматкерлерге иш берүүчү окуу жылында бир жолу лабораториялык иштерди аткаруу, зачетторду жана экзамендерди тапшыруу, ошондой эле мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу, дипломдук долбоорду (ишти) даярдоо жана коргоо үчүн жогорку окуу жайы жайгашкан жерге баруу жана келүү жол киресин төлөп берет. 4. Окууга өз алдынча (иш берүүчүнүн жолдомосуз) тапшырган жана ишти жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана компенсациялар жамааттык келишим же эмгек келишими менен белгиленет.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.