Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 69 ТК
ТК КР · гл. 5Статус: действует

Статья 69. Ежегодные дополнительные оплачиваемые отпуска

1.

Ежегодные дополнительные оплачиваемые отпуска предоставляются работникам, занятым на работах с вредными и (или) опасными условиями труда, работникам, имеющим особый характер работы, работникам с ненормированным рабочим днем, работникам, работающим в высокогорных, отдаленных и труднодоступных зонах, а также в других случаях, предусмотренных законодательством.

2.

Организации с учетом своих производственных и финансовых возможностей могут самостоятельно устанавливать дополнительные отпуска для работников, если иное не предусмотрено законами. Порядок и условия предоставления таких отпусков определяются коллективными договорами или локальными нормативными актами организации.

3.

Ежегодный дополнительный оплачиваемый отпуск предоставляется работникам, занятым на работах с вредными и (или) опасными условиями труда: на подземных горных работах и открытых горных работах, в разрезах и карьерах, в зонах радиоактивного заражения, на других работах, связанных с неустранимым неблагоприятным воздействием на здоровье человека вредных физических, химических, биологических и иных факторов.

4.

Перечень производств, работ, профессий и должностей, предоставляющий право на дополнительный оплачиваемый отпуск за работу с вредными и (или) опасными условиями труда, а также продолжительность и условия предоставления такого отпуска утверждаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

5.

Ежегодный дополнительный оплачиваемый отпуск за особый характер работы предоставляется отдельным категориям работников, труд которых связан с особенностями выполнения работы.

6.

Перечень категорий работников, которым устанавливается ежегодный дополнительный оплачиваемый отпуск за особый характер работы, а также продолжительность и условия предоставления такого отпуска определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

7.

Работникам с ненормированным рабочим днем предоставляется ежегодный дополнительный оплачиваемый отпуск, продолжительность которого определяется коллективным договором или правилами внутреннего трудового распорядка организации, но не менее 3 календарных дней. В случае, когда такой отпуск не предоставляется, работа сверх нормальной продолжительности рабочего времени с письменного согласия работника компенсируется как сверхурочная работа.

8.

Порядок и условия предоставления ежегодного дополнительного оплачиваемого отпуска работникам с ненормированным рабочим днем в организациях, финансируемых из республиканского бюджета, устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики, в организациях, финансируемых из местного бюджета, - органами местного самоуправления.

Кыргызча
Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөр 1. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүлөр зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерге, иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлерге, ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон зоналарда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда берилет. 2. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, уюмдар өздөрүнүн өндүрүштүк жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү өз алдынча белгилей алат. Мындай өргүүлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары жамааттык келишимдер же уюмдун локалдуу ченемдик актылары менен аныкталат. 3. Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда: жер алдындагы кен казуу жумуштарында жана ачык кен казуу жумуштарында, кен чыккан жерлерде жана карьерлерде, радиоактивдүү булганган зоналарда, адамдын ден соолугуна зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлорду жоюуга мүмкүн болбогон жагымсыз таасири менен байланышкан башка жумуштарда иштеген кызматкерлерге берилет. 4. Зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттарындагы иши үчүн акы төлөнүүчү кошумча өргүү алууга укук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги, ошондой эле мындай өргүүнү берүүнүн узактыгы жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 5. Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгеги жумушту аткаруунун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына берилет. 6. Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү белгиленген кызматкерлердин категорияларынын тизмегин, ошондой эле мындай өргүү берүүнүн узактыгы жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 7. Ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү берилет, анын узактыгы жамааттык келишим же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат, бирок 3 календардык күндөн кем болбойт. Мындай өргүү берилбеген учурда, жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан ашык иштөө кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ченемден ашыкча иштөө катары компенсацияланат. 8. Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдарда ченемделбеген жумуш күнү менен иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.