Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 4 ТК
ТК КР · гл. 1Статус: действует

Статья 4. Трудовое законодательство и иные нормативные правовые акты, содержащие нормы трудового права. Нормы международного права

1.

Регулирование трудовых отношений и иных непосредственно связанных с ними отношений в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики осуществляется трудовым законодательством, включая законодательство об охране труда, и иными нормативными правовыми актами, содержащими нормы трудового права: настоящим Кодексом, иными законами, указами Президента Кыргызской Республики, постановлениями Кабинета Министров Кыргызской Республики, актами органов местного самоуправления и локальными нормативными актами, содержащими нормы трудового права.

2.

Межгосударственные договоры и иные нормы международного права, ратифицированные Кыргызской Республикой, являются основной частью законодательства Кыргызской Республики.

3.

Если международными договорами, ратифицированными Кыргызской Республикой, установлены более благоприятные для работника правила, чем предусмотренные законами и иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики, соглашениями, коллективными договорами, то применяются правила международных договоров.

4.

В случае противоречия между настоящим Кодексом и другими нормативными правовыми актами, содержащими нормы, ухудшающие положение работников, применяются нормы настоящего Кодекса.

Нормы настоящего Кодекса применяются к отношениям, возникающим в пределах специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом в части, не урегулированной и не противоречащей Закону Кыргызской Республики "О специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом" и актам, вытекающим из указанного Закона.

5.

Органы местного самоуправления вправе принимать акты, содержащие нормы трудового права, в пределах своей компетенции по согласованию с представительными органами работников.

(В редакции Закона КР от 10 июля 2025 года № 137)

Кыргызча
Эмгек мыйзамдары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар. Эл аралык укуктун ченемдери 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошуп алганда, жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар: ушул Кодекс, башка мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат. 2. Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдер жана эл аралык укуктун башка ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги бөлүгү болуп саналат. 3. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, макулдашууларда, жамааттык келишимдерде каралганга караганда кызматкер үчүн кыйла жагымдуураак эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат. 4. Ушул Кодекс менен кызматкерлердин абалын начарлатуучу ченемдерди камтыган башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат. Ушул Кодекстин ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат. 5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары менен макулдашуу боюнча эмгек укугунун ченемдерин камтыган актыларды кабыл алууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.