Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 158 ТК
ТК КР · гл. 11Статус: действует

Статья 158. Гарантии, условия труда и отдыха лиц с ограниченными возможностями здоровья

1.

Работающим лицам с ограниченными возможностями здоровья работодатель обязан создавать условия труда в соответствии с индивидуальной программой реабилитации, выданной МСЭК, в том числе путем организации их профессионального обучения на производстве и надомного труда.

2.

Условия труда, в том числе оплата, режим рабочего времени и времени отдыха, продолжительность ежегодного отпуска, устанавливаемые соглашениями, в коллективном договоре, соглашениях и трудовом договоре не могут ухудшать положения или ограничивать права лиц с ограниченными возможностями здоровья по сравнению с другими работниками.

3.

Для лиц с ограниченными возможностями здоровья I и II групп устанавливается сокращенная продолжительность рабочего времени - не более 36 часов в неделю. При этом продолжительность ежедневной работы лиц с ограниченными возможностями здоровья I и II групп не может превышать 7 часов. Применение суммированного учета рабочего времени не допускается.

4.

Привлечение лиц с ограниченными возможностями здоровья к сверхурочной работе, работе в выходные дни и ночное время допускается только с их согласия и при условии, если такая работа не запрещена медицинским заключением.

5.

Направление лиц с ограниченными возможностями здоровья в командировку допускается только с их согласия.

6.

Работодатель вправе уменьшать лицам с ограниченными возможностями здоровья нормы выработки в зависимости от состояния их здоровья.

Кыргызча
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинин жана эс алуусунун кепилдиктери, шарттары 1. Иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга иш берүүчү МСЭК тарабынан берилген реабилитациялоонун жекече программасына ылайык, анын ичинде өндүрүштө аларды кесиптик окутууну жана үйдө эмгектенүүнү уюштуруу жолу менен эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү. 2. Макулдашууларда, жамааттык келишимде жана эмгек келишиминде белгиленүүчү эмгек шарттары, анын ичинде акы төлөө, жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, ар жылдык өргүүнүн узактыгы башка кызматкерлерге салыштырмалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын начарлата албайт же укуктарын чектей албайт. 3. I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумасына 36 сааттан ашпаган жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Мында I жана II топтордогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын күнүмдүк ишинин узактыгы 7 сааттан ашпоого тийиш. Жумуш убактысын суммалык эсепке алууну колдонууга жол берилбейт. 4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ченемден ашык иштөөгө, дем алыш күндөрү жана түнкү убакытта иштөөгө тартууга алардын макулдугу менен гана жана эгерде мындай ишке медициналык корутунду боюнча тыюу салынбаган шартта жол берилет. 5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш сапарына жиберүүгө алардын макулдугу менен гана жол берилет. 6. Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга алардын ден соолугунун абалына жараша аткарылуучу иштин ченемдерин азайтууга укуктуу.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.