Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 148 ТК
ТК КР · гл. 11Статус: действует

Статья 148. Отпуск по беременности и родам

1.

Женщинам по их заявлению и на основании медицинского заключения предоставляется отпуск по беременности и родам продолжительностью 70 календарных дней до родов и 56 (в случаях осложненных родов или рождения двух и более детей - 70) календарных дней после родов с выплатой за этот период пособия по беременности и родам в размере, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Женщинам, работающим в высокогорных районах и отдаленных и труднодоступных зонах, продолжительность отпуска по беременности и родам с выплатой пособия по беременности и родам в размере, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики, предусматривается:

1) при нормальных родах - 140 календарных дней (70 календарных дней до родов и 70 календарных дней после родов);

2) при осложненных родах - 156 календарных дней (70 календарных дней до родов и 86 календарных дней после родов);

3) при рождении двух и более детей независимо от фактической продолжительности дородового отпуска - 180 календарных дней (70 календарных дней до родов и 110 календарных дней после родов).

Кыргызча
Кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүү 1. Аялдарга алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 56 календардык күн (төрөт оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө - 70) узактыктагы өргүү ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөп берүү менен берилет. 2. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүүсүнүн узактыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө кош бойлуулугу жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөнкүдөй белгиленет: 1) төрөт кадимкидей болгондо - 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн); 2) төрөт оор болгондо - 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн); 3) эки же андан көп бала төрөлгөндө төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан - 180 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн).

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.