Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 420 НК
НК КР · гл. 57Статус: действует

Статья 420. Порядок применения упрощенной системы налогообложения

1.

Налогоплательщик, за исключением субъекта, применяющего режим, установленный статьей 324 настоящего Кодекса, имеет право самостоятельно выбрать систему налогообложения в порядке, установленном настоящим Кодексом.

2.

При государственной регистрации в качестве индивидуального предпринимателя или юридического лица, намеренного применять упрощенную систему налогообложения, налогоплательщик обязан выбрать соответствующую ставку единого налога в регистрационном заявлении.

3.

Если иное не установлено настоящей главой, налогоплательщик, намеренный применять упрощенную систему налогообложения и уплачивающий налоги:

1) на основе общего налогового режима подает заявление в налоговый орган по месту текущего налогового учета до первого числа месяца предстоящего календарного квартала. Уплата единого налога на основе упрощенной системы налогообложения осуществляется налогоплательщиком с первого числа месяца календарного квартала, следующего за кварталом, в котором было подано заявление;

2) на основе иных специальных налоговых режимов, подает заявление в налоговый орган по месту текущего налогового учета. Уплата единого налога на основе упрощенной системы налогообложения осуществляется налогоплательщиком с 1 числа месяца, следующего за месяцем подачи заявления.

4.

В случаях несоответствия условиям, установленным статьей 419 настоящего Кодекса для применения упрощенной системы налогообложения, налогоплательщик до завершения месяца, следующего за месяцем, в котором установлено несоответствие, обязан подать в налоговый орган по месту текущего налогового учета заявление о переходе на общий налоговый режим. Уплата налогов на основе общего налогового режима налогообложения осуществляется налогоплательщиком с 1 числа месяца, следующего за месяцем подачи заявления.

Если налогоплательщик, который был обязан подать в налоговый орган по месту текущего налогового учета заявление о переходе на общий налоговый режим, но не подал его или подал несвоевременно, то он признается налогоплательщиком налогов на основе общего налогового режима с 1 числа месяца, следующего за месяцем, в котором он был обязан подать заявление.

5.

При добровольном выходе из упрощенной системы налогообложения налогоплательщик, намеренный уплачивать налоги:

1) на основе общего налогового режима, обязан подать заявление в налоговый орган по месту текущего налогового учета до 1 декабря текущего года. Уплата налогов на основе общего налогового режима осуществляется налогоплательщиком с 1 января следующего календарного года;

2) на основе иных специальных налоговых режимов, подает заявление в налоговый орган по месту текущего налогового учета. Уплата налогов на иных специальных налоговых режимов осуществляется налогоплательщиком с 1 числа месяца, следующего за месяцем подачи заявления.

6.

Налогоплательщик, который в соответствии с частью 5 настоящей статьи снят с учета в качестве плательщика единого налога, вправе вновь перейти на упрощенную систему налогообложения не ранее чем через 1 год после снятия его с такого учета.

7.

Налогоплательщик, указанный в части 8 статьи 423 настоящего Кодекса, не вправе применять упрощенную систему налогообложения с нулевой ставкой единого налога, если:

1) в течение 12 календарных месяцев, следующих подряд, у него были установлены два факта неприменения ККМ или непробития контрольно-кассового чека;

2) его деятельность не соответствует требованиям, установленным частью 8 статьи 423 настоящего Кодекса.

Налогоплательщик, у которого были установлены факты нарушения, указанные в пунктах 1 и 2 настоящей части, обязан уплачивать единый налог по ставкам, предусмотренным частью 1 статьи 423 настоящего Кодекса, с 1 числа месяца, следующего за месяцем, в котором такие факты были установлены.

8.

Налогоплательщик, подпадающий под критерии дробления бизнеса, не имеет права применять упрощенную систему налогообложения по ставкам, предусмотренным подпунктом "а" пункта 1 части 1 и частью 8 статьи 423 настоящего Кодекса.

В случаях несоответствия условиям, установленным настоящей частью, налогоплательщик до завершения месяца, следующего за месяцем, в котором установлено несоответствие, обязан подать в налоговый орган по месту текущего налогового учета заявление о переходе на применение ставки, предусмотренной в подпункте "б" пункта 1 части 1 статьи 423 настоящего Кодекса, и уплата налога осуществляется с первого числа месяца, следующего за месяцем подачи заявления.

Если налогоплательщик, который был обязан подать в налоговый орган по месту текущего налогового учета заявление о смене применения ставки налога, но не подал его или подал несвоевременно, то он признается налогоплательщиком налога с применением ставки, предусмотренной подпунктом "б" пункта 1 части 1 статьи 423 настоящего Кодекса, с первого числа месяца, следующего за месяцем, в котором он был обязан подать заявление.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонуу тартиби 1. Ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу тутумун өз алдынча тандап алууга укуктуу. 2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген жеке ишкер же юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодо салык төлөөчү каттоо арызында бирдиктүү салыктын тиешелүү ставкасын тандоого милдеттүү. 3. Эгерде ушул главада башкасы белгиленбесе, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген жана салык төлөгөн салык төлөөчү: 1) жалпы салык режиминин негизинде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына алдыдагы календардык кварталдын айынын бирине чейин арыз берет. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде бирдиктүү салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген кварталдан кийинки календардык кварталдын айынын биринен тартып жүзөгө ашырылат; 2) башка атайын салыктык режимдердин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берет. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде бирдиктүү салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып ишке ашырылат. 4. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонуу үчүн ушул Кодекстин 419-беренесинде белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурда салык төлөөчү шайкеш келбестик белгиленген айдан кийинки ай аяктаганга чейин учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына жалпы салык режимине өтүү жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү. Жалпы салык режиминин негизинде салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып ишке ашырылат. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына жалпы салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербеген болсо, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат. 5. Төмөнкүдөй салыктарды төлөөгө ниеттенген салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунан ыктыярдуу чыгууда: 1) жалпы салык режиминин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына учурдагы жылдын 1-декабрына чейин арыз берүүгө милдеттүү. Жалпы салыктык режимдин негизинде салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырылат; 2) башка атайын салыктык режимдердин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берет. Башка атайын салыктык режиминде салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып жүзөгө ашырылат. 6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин 1 жылдан эрте эмес салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна кайрадан өтүүгө укуктуу. 7. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасы менен салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укуксуз, эгерде: 1) катары менен келген 12 календардык айдын ичинде ККМ колдонулбаган же контролдук-кассалык чек басылбаган эки факты белгиленсе; 2) анын иши ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбесе. Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн бузуу фактылары аныкталган салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты мындай фактылар аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып төлөөгө милдеттүү. 8. Бизнести майдалоо критерийлерине туура келген салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укугу жок. Ушул бөлүктө белгиленген шарттарга ылайык келбеген учурларда салык төлөөчү ылайык келбестик белгиленген айдан кийинки ай аяктаганга чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонууга өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү жана салык төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүзөгө ашырылат. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салыктын ставкасын колдонууну өзгөртүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз убагында бербесе, анда ал салык төлөөчү катары ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонуу менен ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринен тартып таанылат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.