Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 413 НК
НК КР · гл. 56Статус: действует

Статья 413. Общие положения

1.

Отдельные налоги могут уплачиваться путем приобретения патента.

Патент оформляется в электронном формате (электронный патент).

2.

Патент удостоверяет:

1) право налогоплательщика осуществлять вид деятельности, указанный в патенте;

2) уплату налогов по виду деятельности, указанному в патенте;

3) получение доходов в течение налогового периода, в котором действовал патент.

3.

Патент приобретается налогоплательщиком в налоговом органе или в электронном виде через кабинет налогоплательщика по месту осуществления предпринимательской и/или индивидуальной трудовой деятельности. Для субъекта предпринимательства, осуществляющего торговую деятельность, дополнительным условием является наличие торгового места и/или объекта.

4.

Сумма налога на основе патента может быть уплачена налогоплательщиком:

1) в учреждении банка, в том числе посредством системы удаленного или дистанционного банковского обслуживания, включая интернет или мобильный банкинг;

2) посредством платежного терминала или POS-терминала, электронных денег.

5.

Квитанция банка, платежного терминала, POS-терминала или информация об уплате суммы налога на основе патента, направленная в уполномоченный налоговый орган через периферийные устройства, является основанием для выдачи патента налогоплательщику или для продления срока действия ранее выданного патента.

6.

Ведение деятельности без патента признается ведением деятельности без регистрации и/или уклонением от налогообложения.

7.

Патент действителен только на той территории, которая указана в патенте (район, город без районного деления или город Бишкек), за исключением патента по отдельным видам деятельности, определяемым уполномоченным налоговым органом. Передача патента или его копии в целях осуществления предпринимательской или индивидуальной трудовой деятельности другому лицу запрещается.

8.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 23 июля 2024 года N 136)

9.

Патент на осуществление отдельных видов деятельности не заменяет лицензий и других специальных разрешительных документов на право их ведения в соответствии с требованиями, установленными законодательством Кыргызской Республики.

10.

Деятельность, осуществляемая налогоплательщиком на основе патента, не подлежит выездной налоговой проверке за период действия патента, кроме встречной проверки. Иные формы налогового контроля осуществляются в соответствии с настоящим Кодексом.

11.

Форма патента и порядок его выдачи устанавливаются уполномоченным налоговым органом.

(В редакции Законов КР от 23 июля 2024 года № 136, 31 июля 2025 года № 185 , 29 октября 2025 года № 243)

Кыргызча
Жалпы жоболор 1. Айрым салыктар патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн. Патент электрондук форматта таризделет (электрондук патент). 2. Патент төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт: 1) салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу укугун; 2) патентте көрсөтүлгөн иштин түрү боюнча салыктарды төлөөнү; 3) патент жарактуу болгон салык мезгилинде киреше алууну. 3. Патент салык төлөөчү тарабынан салык органында же салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө ишкердик жана/же жеке эмгек ишин жүргүзгөн жери боюнча сатып алынат. Соода ишин жүргүзгөн ишкердик субъекти үчүн соода ордунун жана/же объектинин болушу кошумча шарт болуп саналат. 4. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй төлөнүшү мүмкүн: 1) банк мекемесинде, анын ичинде интернетти же мобилдик банкингди кошуп алганда алыстан же аралыктан банктык тейлөөнүн тутуму аркылуу; 2) төлөм терминалы же POS-терминалы, электрондук акча аркылуу. 5. Банктын, төлөм терминалынын, POS-терминалынын квитанциясы же ыйгарым укуктуу салык органына патенттин негизинде салыктын суммасын төлөө жөнүндө перифериялык түзүлүштөр аркылуу жиберилген маалымат салык төлөөчүгө патентти берүү үчүн же мурда берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат. 6. Ишти патентсиз жүргүзүү ишти каттоосуз жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат. 7. Патент ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу иштин айрым түрлөрү боюнча патентти кошпогондо, патентте көрсөтүлгөн аймакта (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу болот. Ишкердик же жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. 8. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 9. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга патент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата лицензияларды жана башка атайын уруксат берүүчү документтерди алмаштыра албайт. 10. Салык төлөөчүнүн патенттин негизиндеги жүзөгө ашырган иши патенттин колдонуу мезгилинде утурлама текшерүүдөн башка, көчмө салыктык текшерүүгө жатпайт. Салыктык контролдун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат. 11. Патенттин формасы жана аны берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.