Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 381 НК
НК КР · гл. 49Статус: действует

Статья 381. Порядок исчисления

1.

Если иное не установлено настоящей статьей, исчисление налога на имущество производится налоговыми органами в соответствии с порядком, установленным настоящим разделом.

2.

Обязанность по исчислению суммы налога на имущество возлагается на налоговый орган в отношении:

1) жилых объектов имущества по месту нахождения:

- жилого здания, помещения;

- придомового, приусадебного или садово-огородного земельного участка, не используемого для осуществления предпринимательской деятельности;

2) нежилых объектов имущества, за исключением переданных в пользование (аренду) нежилых объектов имущества, находящихся в государственной и муниципальной собственности или принадлежащих (находящихся в пользовании) субъектам, освобожденным от налогообложения, по месту нахождения:

- нежилого здания, помещения и сооружения, в том числе нежилого сооружения, расположенного на территории рынка/мини-рынка и не прошедшего регистрацию в органе, осуществляющем государственную регистрацию прав на недвижимое имущество;

- земель населенных пунктов и земель несельскохозяйственного назначения;

3) земельных участков, относящихся к сельскохозяйственным угодьям, - по месту их нахождения.

3.

Исчисление налоговыми органами налога на нежилой объект имущества - нежилое сооружение, расположенное на территории рынка/мини-рынка, осуществляется на основании сведений, предоставляемых владельцем (дирекцией) рынка/мини-рынка в срок до 1 февраля текущего года.

Форма и порядок предоставления сведений определяются уполномоченным налоговым органом.

4.

При исчислении налога на жилой объект имущества при наличии у налогоплательщика более одного объекта жилого здания, помещения налоговый орган вправе применить льготу:

1) в соответствии с пунктом 1 части 1 статьи 409 настоящего Кодекса в отношении жилого здания, помещения с наибольшим размером исчисленной суммы налога;

2) в соответствии с пунктом 1 части 1 и пунктом 1 части 2 статьи 409 настоящего Кодекса в отношении одного жилого здания, помещения с наибольшим размером исчисленной суммы налога.

В случае если налоговая база данного объекта после применения льготы, установленной пунктом 1 части 1 статьи 409 настоящего Кодекса, имеет нулевое или отрицательное значение, то льгота, установленная пунктом 1 части 2 статьи 409 настоящего Кодекса, применяется к облагаемому жилому зданию, помещению со вторым наибольшим размером исчисленной суммы налога;

3) в отношении любого из подлежащих льготе объектов имущества в случаях, если исчисленная сумма налога двух и более объектов жилого имущества, указанного в пункте 1 настоящей части, имеет одинаковое наибольшее значение.

5.

Извещение налогового органа о начислении суммы налога на имущество вручается налогоплательщику:

- на жилой объект имущества - не позднее 1 августа текущего налогового периода;

- на земельный участок, относящийся к сельскохозяйственным угодьям, а также на нежилой объект имущества, включая нежилые сооружения, расположенные на территории рынка/мини-рынка и не прошедшие регистрацию в органе, осуществляющем государственную регистрацию прав на недвижимое имущество, - не позднее 1 марта текущего налогового периода.

6.

Если обязательство по уплате налога на жилой объект имущества возникает в период с 1 августа и до конца текущего налогового периода, извещение налогового органа о начислении суммы налога вручается не позднее 15 декабря текущего налогового периода.

Если обязательство по уплате налога на нежилой объект имущества возникает в период с 1 марта и до конца текущего налогового периода, извещение налогового органа о начислении суммы налога вручается не позднее 15 числа третьего месяца соответствующего квартала текущего налогового периода.

7.

Извещение налогового органа о начислении суммы налога на имущество содержит:

1) реквизиты налогового органа;

2) реквизиты налогоплательщика;

3) основание для начисления налога;

4) размер налоговой базы и сумму исчисленного налога;

5) установленный срок уплаты налога.

8.

Если налогоплательщиком не получено извещение налогового органа в срок, предусмотренный частями 5 и 6 настоящей статьи, налогоплательщик обязан самостоятельно исчислить и уплатить сумму налога на имущество.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262 )

Кыргызча
Эсептөө тартиби 1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, мүлк салыгын эсептөө салык органдары тарабынан ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт. 2. Төмөнкүлөргө карата мүлк салыгынын суммасын эсептөө милдети салык органына жүктөлөт: 1) төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча мүлктүн турак жай объекттерине: - турак жай имараты, жай; - ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу; 2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык (пайдалануусунда турган) турак жай эмес объекттерин пайдаланууга (ижарага) берилген мүлктөрдү кошпогондо, төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча турак жай эмес мүлк объекттерине: - турак жай эмес имарат, жай жана курулма, анын ичинде базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма; - калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер; 3) айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторуна - алардын жайгашкан жери боюнча. 3. Базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан турак жай эмес мүлк объектине - турак жай эмес курулмага салык органдары тарабынан салыкты эсептөө базардын/кичи базардын ээси (дирекциясы) тарабынан учурдагы жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды берүү формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. 4. Салык төлөөчүдө бирден ашык турак жай имаратынын объекти, жайы болгон учурда турак жай мүлк объектине салыкты эсептөөдө салык органы жеңилдикти колдонууга укуктуу: 1) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң көп өлчөмү менен турак жай имаратына, жайга карата; 2) ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнүн 1 -пунктуна ылайык салыктын эсептелген суммасынын эң чоң өлчөмү менен бир турак жай имаратына, жайга карата. Эгерде ушул объекттин салыктык базасы ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдиктер колдонулгандан кийин нөлдүк же терс мааниге ээ болсо, анда ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик салыктын эсептелген суммасынын экинчи эң чоң өлчөмү менен салык салынуучу турак жай имаратына, жайга карата колдонулат; 3) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн эки же андан көп турак жай мүлк объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей көп мааниге ээ болгон учурларда жеңилдик берилүүгө тийиш болгон мүлк объекттеринин кайсынысына болбосун карата. 5. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү салык төлөөчүгө тапшырылат: - турак жай мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирбестен; - айыл чарба жерлерине таандык жер участогуна, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулмаларды кошуп алганда, турак жай эмес мүлк объектине - учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен. 6. Эгерде турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-августунан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин 15-декабрынан кечиктирбестен тапшырылат. Эгерде турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын билдирүүсү учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 15инен кечиктирбестен тапшырылат. 7. Салык органынын мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) салык органынын реквизиттерин; 2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин; 3) салыкты эсептөө үчүн негизди; 4) салыктык базанын өлчөмүн жана эсептелген салыктын суммасын; 5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн. 8. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө салык органынын билдирүүсүн албаса, салык төлөөчү мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептөөгө жана төлөөгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.