Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 377 НК
НК КР · гл. 48Статус: действует

Статья 377. Особенности определения налоговой базы в отдельных случаях

1.

По объекту имущества, находящемуся в общей собственности или пользовании нескольких субъектов, налоговая база для исчисления суммы налога на имущество, подлежащей уплате каждым из субъектов, определяется пропорционально доле владения или пользования объектом имущества, установленной правоудостоверяющим документом либо определенной соглашением собственников/пользователей.

2.

По зданию, помещению, сооружению или земельному участку, указанному в пунктах 5 и 6 части 1 статьи 375 настоящего Кодекса, переданному во временное пользование на основании договора аренды, налоговая база определяется договором аренды. В указанном договоре аренды площадь передаваемого в аренду объекта имущества или его части определяется в соответствии с данными правоудостоверяющего документа на объект имущества.

3.

В случае отсутствия правоудостоверяющего документа на здание, помещение, сооружение или земельный участок налоговая база определяется согласно физическим обмерам, осуществленным комиссией в составе представителей соответствующего органа налоговой службы, уполномоченного государственного органа по регистрации прав на недвижимое имущество и местного органа самоуправления.

4.

О дате и времени осуществления физического обмера здания, помещения или земельного участка орган налоговой службы извещает фактического пользователя земельного участка в срок не менее чем за 3 календарных дня до даты проведения обмера.

5.

В случае отсутствия фактического пользователя здания, помещения, сооружения или земельного участка, подлежащего обмеру, в назначенное время при условии его извещения в порядке, предусмотренном статьей 97 настоящего Кодекса, физический обмер такого объекта имущества осуществляется в его отсутствие, по внешнему контуру здания, помещения, сооружения или земельного участка, либо по сведениям и документации уполномоченных государственных органов.

6.

В случае когда здания, помещения, сооружения и/или земельные участки налогоплательщика или их часть представляют собой единый комплекс, состоящий из зданий, помещений и сооружений административного, производственного, вспомогательного, социального и другого функционального назначения, используемых исключительно для определенного вида деятельности налогоплательщика, а также обслуживания его работников, в целях исчисления налога на имущество на здания, помещения и земельные участки применяется единый коэффициент функционального назначения указанного комплекса или земельного участка, соответствующий данному виду деятельности.

7.

Если иное не установлено разделом XIII настоящего Кодекса, в случае когда здания, помещения, сооружения и/или земельные участки налогоплательщика или их части переданы другому налогоплательщику во временное пользование или используются налогоплательщиком для различных видов деятельности, соответствующих разному функциональному назначению объекта имущества согласно классификации, указанной в части 3 или части 4 статьи 397 настоящего Кодекса, в целях исчисления налога на имущество на здания, помещения, сооружения и земельные участки или их части применяется наибольший из коэффициентов функционального назначения, соответствующий:

1) функциональному назначению объекта имущества в соответствии с правоудостоверяющим документом;

2) фактическому использованию объекта имущества.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 243)

Кыргызча
Айрым учурларда салыктык базаны аныктоо өзгөчөлүктөрү 1. Жалпы менчиктеги же бир нече субъекттин пайдалануусундагы мүлк объекти боюнча ар бир субъект төлөөгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасын эсептөө үчүн салыктык база укук күбөлөндүрүүчү документ менен белгиленген же менчик ээлеринин/пайдалануучулардын макулдашуусу менен аныкталган мүлк объектине ээлик кылуунун же пайдалануунун үлүшүнө пропорциялуу аныкталат. 2. Ушул Кодекстин 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн, ижара келишиминин негизинде убактылуу пайдаланууга берилген имарат, жай, курулма же жер участогу боюнча салыктык база ижара келишими менен аныкталат. Көрсөтүлгөн ижара келишиминде ижарага берилүүчү мүлк объекттин же анын бир бөлүгүнүн аянты мүлк объектине укук күбөлөндүрүүчү документтеги маалыматтарга ылайык аныкталат. 3. Имаратка, жайга, курулмага же жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда салыктык база салык кызматынын тиешелүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн курамындагы комиссия тарабынан физикалык өлчөөлөргө ылайык аныкталат. 4. Имаратты, жайды же жер участогун физикалык өлчөөнү жүзөгө ашыруу датасы жана убактысы жөнүндө салык кызматынын органы жер участогун өлчөө күнүнө чейин 3 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө иш жүзүндө пайдалануучуга кабарлайт. 5. Ушул Кодекстин 97-беренесинде каралган тартипте кабарланган шартта, белгиленген убакытта өлчөнүүгө тийиш болгон имараттын, жайдын, курулманын же жер участогунун иш жүзүндө пайдалануучусу жок болгон учурда, мындай мүлк объектин физикалык өлчөө анын катышуусуз, имараттын, жайдын, курулманын же жер участогунун тышкы контуру боюнча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтары жана документтери боюнча жүзөгө ашырылат. 6. Салык төлөөчүнүн имараттары, жайлары, курулмалары жана/же жер участоктору же алардын бир бөлүгү иштин белгилүү бир түрү, ошондой эле анын кызматкерлерин тейлөө үчүн гана колдонулуучу администрациялык, өндүрүштүк, көмөкчү, социалдык жана башка функциялык багыттагы имараттардан, жайлардан жана курулмалардан турган бирдиктүү комплексти түзгөн учурда имаратка, жайга жана жер участокторуна мүлк салыгын эсептөө максатында иштин ушул түрүнө ылайык келген көрсөтүлгөн комплекстин же жер участогунун функциялык багытынын бирдиктүү коэффициенти колдонулат. 7. Эгерде ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө башкача белгиленбесе, салык төлөөчүнүн имараттары, жайлары, курулмалары жана/же жер участоктору же анын бир бөлүгү башка салык төлөөчүгө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилген учурда же ушул Кодекстин 397-беренесинин 3-бөлүгүндө же 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн классификацияга ылайык салык төлөөчү тарабынан мүлк объектинин ар кандай функциялык багытына шайкеш келген иштин ар кандай түрлөрү үчүн пайдаланылса, имаратка, жайга, курулмага жана жер участокторуна же алардын бөлүктөрүнө мүлк салыгын эсептөө максатында төмөнкүлөргө ылайык келген функциялык багыттагы коэффициенттердин эң чоңу колдонулат: 1) укук күбөлөндүрүүчү документке ылайык мүлк объектинин функциялык багытына; 2) мүлк объектин иш жүзүндө пайдаланууга. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.