Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 261 НК
НК КР · гл. 37Статус: действует

Статья 261. Дата возникновения налогового обязательства

1.

Датой возникновения налогового обязательства является дата поставки, если иное не предусмотрено настоящей статьей.

2.

Дата поставки:

1) для товаров - дата передачи прав собственности на товары покупателю;

2) для выполненных работ или оказанных услуг - дата, когда вся работа завершена или услуги оказаны.

2-1.

Для выполненных строительно-монтажных работ датой возникновения налогового обязательства является дата, когда работа завершена и оплачена.

3.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 31 декабря 2025 года № 262)

4.

В случаях когда счет-фактура выписан или же оплата получена до даты облагаемой поставки, то датой возникновения налогового обязательства является дата поставки, указанная в счете-фактуре, или дата получения оплаты в зависимости от того, какое из этих событий наступило ранее, если иное не предусмотрено частью 2-1 настоящей статьи.

5.

Дата возникновения налогового обязательства по НДС при импорте иностранных товаров определяется в соответствии с таможенным законодательством ЕАЭС и законодательством Кыргызской Республики в сфере таможенного дела.

6.

Датой возникновения налогового обязательства при импорте товаров из государств-членов ЕАЭС является более поздняя из следующих дат, если иное не предусмотрено настоящей частью:

1) дата импорта товаров на территорию Кыргызской Республики;

2) дата, определяемая правилами бухгалтерского учета для отражения товаров в бухгалтерском учете налогоплательщика.

При импорте товаров из государств-членов ЕАЭС, датой налогового обязательства, возникающего у агента в соответствии со статьей 259 настоящего Кодекса, является дата ввоза товаров на территорию Кыргызской Республики.

7.

При ввозе на территорию Кыргызской Республики с территории другого государства-члена ЕАЭС давальческого сырья для переработки на территории Кыргызской Республики, если продукты переработки не были вывезены в течение 24 месяцев за пределы территории Кыргызской Республики, датой возникновения налогового обязательства является дата ввоза давальческого сырья.

8.

При вывозе с территории Кыргызской Республики на территорию другого государства-члена ЕАЭС давальческого сырья для переработки, если продукты переработки не были ввезены на территорию Кыргызской Республики в течение 24 месяцев, датой возникновения налогового обязательства является дата вывоза давальческого сырья.

9.

При временном ввозе товаров на территорию Кыргызской Республики с территории другого государства-члена ЕАЭС, если товары не были вывезены в течение срока, указанного в статье 4 настоящего Кодекса, за пределы территории Кыргызской Республики, датой возникновения налогового обязательства является дата ввоза товаров.

10.

При временном вывозе товаров с территории Кыргызской Республики на территорию другого государства-члена ЕАЭС, если товары не были ввезены в течение срока, указанного в статье 4 настоящего Кодекса, на территорию Кыргызской Республики, датой возникновения налогового обязательства является дата вывоза товаров.

11.

В случае отчуждения товара, ввезенного с территории государства-члена ЕАЭС на территорию Кыргызской Республики, в связи с его передачей в пределах одного юридического лица до истечения 60-месячного периода от даты импорта такое отчуждение приравнивается к облагаемому импорту. Датой возникновения налогового обязательства по НДС на импорт является дата ввоза товара.

(В редакции Законов КР от 12 февраля 2025 года № 37 , 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы 1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси келип чыккан дата берүүлөрдүн датасы болуп саналат. 2. Берүүлөрдүн датасы: 1) товарлар үчүн - товарларга болгон жеке менчик укуктарды сатып алуучуга өткөрүп берүүнүн датасы; 2) аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн - бардык жумуштар бүткөн же кызматтар көрсөтүлгөн дата. 2-1. Аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн дата саналат. 3. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Эгерде ушул берененин 2-1-бөлүгүндө башкача каралбаса, эсеп-фактура салык салынуучу берүүнүн датасына чейин жазылган же төлөм алынган учурда салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат. 5. Чет өлкөлүк товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмеси келип чыккан дата ЕАЭБ бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат. 6. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп төмөнкү даталардын ичинен акыркысы саналат: 1) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо датасы; 2) салык төлөөчүнүн бухгалтердик эсебинде товарларды чагылдыруу үчүн бухгалтердик эсепке алуу эрежелери менен аныкталган дата. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарларды импорттоодо, ушул Кодекстин 259-беренесине ылайык агентте боло турган салык милдеттенмесинин датасы болуп товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү датасы саналат. 7. Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан ташып кирүүдө, эгерде кайра иштетүү продуктулары 24 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп иштетип алма чийки затты ташып киргизген дата саналат. 8. Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки затты ташып чыгарууда, эгерде кайра иштетүү продуктулары 24 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирбесе, салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп иштетип алма чийки затты ташып чыгарган дата саналат. 9. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып кирүүдө, эгерде товарлар ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып кирген дата саналат. 10. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына убактылуу ташып чыгууда, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ташып киргизилбесе, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып чыгуу датасы саналат. 11. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товар импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин бир юридикалык жактын чегинде өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу ээликтен ажыратылган учурда мындай ээликтен ажыратуу салык салынуучу импортко теңдештирилет. Импортко КНС боюнча салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп товар ташып киргизилген дата саналат. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.