Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 258 НК
НК КР · гл. 37Статус: действует

Статья 258. Поставка товаров, работ и услуг

1.

Поставкой товара является:

1) передача права собственности на товар другому лицу, включая передачу товара работодателем работнику в качестве оплаты труда или других выплат, предусмотренных Трудовым кодексом Кыргызской Республики, передачу заложенного имущества в счет погашения долга залогодателем по долговому обязательству;

2) передача имущества в финансовую аренду;

3) снабжение электроэнергией, природным и сжиженным газом, теплом, водой, рефрижераторными и кондиционерными услугами;

4) возврат товара в соответствии с таможенной процедурой реимпорта, вывезенного ранее в соответствии с таможенной процедурой экспорта.

2.

Поставкой работы и/или услуги является осуществление налогоплательщиком за оплату деятельности, отличной от поставки товаров, включая:

1) предоставление имущества во временное владение и пользование по договорам имущественного найма (аренды);

2) выполнение работ, оказание услуг работодателем наемному работнику в качестве оплаты труда согласно Трудовому кодексу Кыргызской Республики.

3.

Поставка сопутствующих работ или услуг, связанных с поставкой товаров, когда поставка товаров является основной по отношению к поставке таких работ или услуг, является частью поставки товаров.

4.

В случае когда поставка работ или услуг является основной по отношению к поставке товаров, поставка сопутствующих товаров, связанная с поставкой работ или услуг, является частью поставки работ или услуг.

5.

Поставка работы или услуги, связанная с импортом товаров, является частью импорта товаров.

6.

Поставка товаров, работ или услуг, осуществляемая в нарушение законодательства Кыргызской Республики, признается облагаемой или освобожденной поставкой в соответствии с настоящим разделом.

7.

При ликвидации организации или прекращении деятельности индивидуального предпринимателя, банкротстве путем ликвидации или реструктуризации остатки товарно-материальных запасов, основных средств и нематериальных активов, приобретенных в течение периода уплаты налогов в соответствии с налоговым режимом, признаются реализованными по их учетной стоимости.

При переходе налогоплательщика с общего налогового режима на специальный налоговый режим признаются реализованными на дату такого перехода по их учетной стоимости:

1) остатки товарно-материальных запасов, приобретенных/созданных в течение периода применения общего налогового режима, по которым ранее был принят НДС к зачету, если иное не установлено настоящей частью;

2) основные средства и/или нематериальные активы, приобретенные/созданные в течение периода применения общего налогового режима, по которым ранее был принят НДС к зачету;

3) объекты завершенного и/или незавершенного строительства, приобретенные/созданные в течение периода применения общего налогового режима, по которым в пределах срока действия исковой давности был ранее принят НДС к зачету, за минусом стоимости приобретенных материальных ресурсов, по которым ранее НДС не был принят к зачету.

Налогоплательщик НДС при переходе с общего налогового режима на специальный налоговый режим имеет право выбора применять нормы настоящей части или нормы, предусмотренные статьей 309 настоящего Кодекса.

8.

Не является поставкой передача товара:

а) по договору простого товарищества или по договору шарика, без образования организации, в соответствии с исламским финансированием;

б) по договору доверительного управления;

в) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 3 апреля 2023 года N 78)

г) если право собственности на товар не передается другому субъекту;

д) при реорганизации организации.

9.

Не является поставкой потеря товара:

а) в пределах норм естественной убыли, установленных законодательством Кыргызской Республики;

б) в пределах технологических норм потерь сырья и материалов в процессе производства товаров, установленных налоговой политикой налогоплательщика;

в) в результате обстоятельств непреодолимой силы.

10.

Не является поставкой использование или утилизация отходов в пределах технологических норм отходов сырья и материалов в процессе производства товаров, установленных налоговой политикой налогоплательщика.

11.

Стоимость товара, утраченного в результате обстоятельств неодолимой силы, должна быть документально подтверждена заключением независимой экспертной комиссии, состоящей из представителей Торгово-промышленной палаты и/или соответствующих органов в порядке, установленном Кабинетом Министров.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 2 февраля 2024 года № 31, 12 февраля 2025 года № 37 ,29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү 1. Товарды берүү болуп төмөнкүлөр саналат: 1) товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү; 2) мүлктү финансылык ижарага берүү; 3) электр энергиясы, табигый жана суюлтулган газ, жылуулук, суу менен, рефрижераторлук жана кондиционердик кызмат көрсөтүүлөр менен жабдуу; 4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык артка кайтаруу. 2. Жумуштарды аткарууну жана/же кызматтарды көрсөтүүнү берүү болуп, салык төлөөчү тарабынан акыга товарларды берүүдөн айырмаланган ишти, анын ичинде төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруу саналат: 1) мүлктүк жалдоонун (ижаранын) келишимдери боюнча мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү; 2) жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жалданма кызматкерге эмгекке акы төлөө катары жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү. 3. Мындай жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө карата товарларды берүүлөр негизги болуп эсептелгенде, товарларды берүүлөргө байланыштуу коштоочу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүнүн бөлүгү болуп саналат. 4. Жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды берүүгө карата негизги болуп саналган учурда, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү менен байланышкан коштоочу товарларды берүү жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн бөлүгү болуп эсептелет. 5. Товарларды импорттоого байланыштуу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү товарларды импорттоонун бөлүгү болуп эсептелет. 6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ушул бөлүккө ылайык салык салынган же бошотулган берүүлөр болуп таанылат. 7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат. Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө төмөнкүлөр алардын эсептик наркы боюнча мындай өтүү датасына карата сатылды деп таанылат: 1) эгерде ушул бөлүктө башкача белгиленбесе, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары; 2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана/же материалдык эмес активдер; 3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатылып алынган/түзүлгөн, алар боюнча чегерүүгө КНС мурда кабыл алынбаган сатып алынган материалдык ресурстардын наркын кемитүү менен доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде чегерүүгө КНС мурда кабыл алынган, бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери. КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө ушул бөлүктүн же ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган ченемдерин колдонууну тандап алууга укуктуу. 8. Товарды өткөрүп берүү төмөнкү учурларда берүү болуп эсептелбейт: а) жөнөкөй шериктик келишими же исламдык каржылоосуна ылайык уюм түзбөстөн шарик келишими боюнча; б) ишенимдүү башкаруу келишими боюнча; в) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) г) эгерде товарга болгон менчик укугу башка субъектке берилбесе; д) уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө. 9. Товарды жоготуу төмөнкү учурларда берүү болуп саналбайт: а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый жоготуулардын ченемдеринин чегинде; б) салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттарды жана материалдарды жоготуунун технологиялык ченемдеринин чегинде; в) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында. 10. Салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде чийки заттардын жана материалдардын калдыктарынын технологиялык ченемдеринин чегинде калдыктарды пайдалануу же утилдештирүү берүү болуп саналбайт. 11. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жоголгон товардын наркы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Соода-өнөр жай палатасынын жана/же тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссиянын корутундусу менен документ түрүндө ырасталууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.