Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 178 НК
НК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 178. Счет-фактура. Счет-фактура, оформляемый налогоплательщиком НДС

1.

В счет-фактуре, кроме обязательных реквизитов, отражаются суммы, подлежащие оплате покупателем или заказчиком:

1) выручка от реализации товаров, работ и услуг;

2) косвенные налоги, возникающие в связи с реализацией товаров, работ и услуг.

1-1.

В счете-фактуре агента по агентскому договору, кроме обязательных реквизитов, отражаются следующие суммы:

1) агентское вознаграждение;

2) косвенные налоги, возникающие у агента от суммы агентского вознаграждения;

3) суммы, аккумулируемые агентом и подлежащие передаче принципалу и/или суммы расходов агента, подлежащие возмещению принципалом в зависимости от условий агентского договора.";

2.

Счет-фактура подлежит оформлению в виде электронного документа в соответствии с требованиями налогового законодательства Кыргызской Республики и законодательства Кыргызской Республики об электронном управлении и электронной подписи, за исключением случаев, предусмотренных настоящей статьей.

2-1.

Налогоплательщик вместо счета-фактуры в виде электронного документа в отдельных случаях оформляет документы, заменяющие такой счет-фактуру:

1) расходный кассовый ордер или платежное поручение покупателя, подтверждающие выплату за сельскохозяйственную продукцию, приобретенную у сельскохозяйственного производителя или сельскохозяйственного кооператива, с указанием наименования субъекта, его ИНН, паспортных данных лица, получившего оплату, количества и стоимости приобретенной продукции;

2) накладная на сельскохозяйственную продукцию, передаваемая сельскохозяйственным производителем/сельскохозяйственным кооперативом, а также сельскохозяйственным заготовителем такой продукции в качестве давальческого сырья субъекту, осуществляющему промышленную переработку сельскохозяйственной продукции, с указанием наименования субъекта, его ИНН, паспортных данных лица, осуществившего передачу продукции, и количества передаваемой сельскохозяйственной продукции. В аналогичном порядке осуществляется передача готовой продукции, произведенной из давальческого сырья;

3) выписка со счета банка по услугам банка, квитанция или платежное поручение банка, подтверждающие оплату за услуги, предоставленные банком, включая услуги по исламскому финансированию, а также выписка со счета банка, подтверждающая процентные расходы, подлежащие вычету в соответствии с частью 1 статьи 221 настоящего Кодекса;

4) выписка со счета Национального банка по услугам Национального банка или другие предоставленные документы Национального банка, подтверждающие оплату за товары и услуги;

5) сформированная автоматизированной информационной системой оформления перевозок, включая международные перевозки, маршрут/квитанция электронного документа, подтверждающего перевозку, на бумажном носителе в виде распечатки электронного документа, в котором указана стоимость перевозки, а также посадочный талон, подтверждающий перевозку по указанному в электронном документе маршруту, для багажа - багажная квитанция, для груза - накладная - при реализации услуг перевозки пассажиров, багажа и грузов;

6) договор купли-продажи, расходный кассовый ордер или платежное поручение покупателя, подтверждающие выплату за движимое/недвижимое имущество, в том числе имущественные/неимущественные права, приобретенные у физического лица, с указанием фамилии, имени, отчества, ИНН, паспортных данных физического лица, получившего оплату, количества и стоимости приобретенного актива;

7) договор аренды земельного участка под размещение базовой станции, платежное поручение/расходный кассовый ордер оператора связи, подтверждающие выплату арендной платы, в том числе услуги по обслуживанию базовой станции, приобретенные у физического лица, с указанием фамилии, имени, отчества, ИНН, паспортных данных физического лица, получившего оплату, количества и стоимости предмета договора;

8) иные документы в случаях, установленных Кабинетом Министров.

3.

При невозможности оформления налогоплательщиком счета-фактуры в виде электронного документа в случаях, установленных Кабинетом Министров, такой налогоплательщик имеет право оформить счет-фактуру на бумажном носителе в трех экземплярах с последующим оформлением электронного счета-фактуры в сроки и порядке, установленных Кабинетом Министров.

4.

Налогоплательщик, оформивший счет-фактуру на бумажном носителе, обязан один экземпляр счета-фактуры представить в налоговый орган по месту текущего налогового учета:

1) налогоплательщик НДС - вместе с отчетом по НДС за налоговый период;

2) не налогоплательщик НДС - в срок не позднее 25 числа месяца, следующего за месяцем, в котором счет-фактура на бумажном носителе был оформлен.

5.

Налогоплательщик имеет право не оформлять счет-фактуру при реализации товаров, оказании услуг и выполнении работ населению при условии осуществления расчетов посредством ККМ в соответствии с настоящим Кодексом.

По условиям настоящей части налогоплательщик обязан выдать счет-фактуру по требованию покупателя.

6.

При поставке налогоплательщиком товаров, выполнении работ и оказании услуг, предусмотренных частью 5 настоящей статьи, счет-фактура оформляется не позднее 10 рабочих дней месяца, следующего за предыдущим месяцем, в порядке, установленном Кабинетом Министров.

7.

Налогоплательщик НДС, за исключением иностранной организации, указанной в части 4 статьи 28 настоящего Кодекса, обязан:

1) оформлять счета-фактуры в соответствии с требованиями настоящего Кодекса;

2) вести учет счетов-фактур по поставкам и приобретенным материальным ресурсам.

8.

Корректировка реквизитов ранее оформленного счета-фактуры осуществляется оформлением дополнительного счета-фактуры в порядке, определенном уполномоченным налоговым органом в случаях, установленных Кабинетом Министров.

9.

Счет-фактура, кроме недействительного, служит основанием для принятия налогоплательщиком НДС сумм НДС по приобретенным материальным ресурсам к зачету в порядке, предусмотренном настоящим Кодексом.

10.

Порядок формирования и обращения счета-фактуры в виде электронного документа устанавливается Кабинетом Министров.

Форма счета-фактуры, порядок его оформления и применения, в том числе дополнительного счета-фактуры, оформляемого при корректировке размера облагаемой поставки, а также реквизиты, подлежащие обязательному заполнению, устанавливаются уполномоченным налоговым органом.

11.

Налогоплательщик, не указанный в части 7 настоящей статьи, оформляет счета-фактуры:

1) в добровольном порядке;

2) в обязательном порядке - в сроки, установленные Кабинетом Министров.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 2 февраля 2024 года № 31, 23 июля 2024 года № 136, 12 февраля 2025 года № 37 , 29 октября 2025 года № 243, 6 августа 2026 года № 145 )

Внимание! Изменения, внесенные Законом Кыргызской Республики от 2 февраля 2024 года № 31 в настоящую статью, вступают в силу с 3 апреля 2023 года.

Кыргызча
Эсеп-фактура. КНС төлөөчү тарабынан жол-жоболоштурулуучу эсеп-фактура 1. Милдеттүү реквизиттерден тышкары, эсеп-фактурада сатып алуучу же тапшырыкчы тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон суммалар чагылдырылат: 1) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражат; 2) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу келип чыгуучу кыйыр салыктар. 1-1. Агенттик келишим боюнча агенттин эсеп-фактурасында милдеттүү реквизиттерден тышкары төмөнкүдөй суммалар чагылдырылат: 1) агенттик сый акы; 2) агенттик сый акынын суммасынан агентте келип чыгуучу кыйыр салыктар; 3) агент тарабынан топтолгон жана принципалга өткөрүп берилүүгө тийиш болгон суммалар жана/же агенттик келишимдин шарттарына жараша принципал тарабынан орду толтурулууга тийиш болгон агенттин чыгымдарынын суммалары. 2. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулууга тийиш. 2-1. Салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна айрым учурларда мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу төмөнкү документтерди жол-жоболоштурат: 1) субъекттин аталышын, анын ИСНин, төлөмдү алган адамдын паспорттук маалыматтарын, сатып алынган продукциянын санын жана наркын көрсөтүү менен, айыл чарба өндүрүүчүсүнөн же айыл чарба кооперативинен сатып алынган айыл чарба продукциясы үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу сатып алуучунун чыгыш кассалык ордери же төлөм тапшырмасы; 2) субъекттин аталышын, анын ИСНин, продукцияны берген адамдын паспорттук маалыматтарын жана берилүүчү айыл чарба продукциясынын санын көрсөтүү менен, айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба кооперативи тарабынан, ошондой эле айыл чарба продукциясын даярдоочу тарабынан мындай продукция иштетип алма чийки зат катары айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъектке берилүүчү айыл чарба продукциясына коштомо кагаз. Иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн даяр продукция ушундай эле тартипте берилет; 3) банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча банктын эсебинен көчүрмө, исламдык каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп алганда, банк тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу банктын квитанциям же төлөм тапшырмасы, ошондой эле ушул Кодекстин 221-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарып салууга тийиш болгон пайыздык чыгашаларды ырастаган банктын эсебинен көчүрмө; 4) Улуттук банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Улуттук банктын эсебинен көчүрмө же товарлар жана Улуттук банк берген, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырас-тоочу башка документтер; 5) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүдө ташууларды, анын ичинде эл аралык ташууларды тариздөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы менен түзүлгөн, ташуунун наркы көрсөтүлгөн электрондук документтин кагаздан басылып чыгарылган түрүндөгү, ташууну ырастоочу электрондук документтин каттамы/квитанциясы, ошондой эле электрондук документте көрсөтүлгөн каттам боюнча ташууну ырастоочу отургузуу талону, багаж үчүн - багаж квитанциясы, жүк үчүн - коштомо кагаз; 6) кыймылдуу/кыймылсыз мүлк үчүн төлөмдү ырастоочу сатып алуу-сатуу келишими, чыгыш кассалык ордери же сатып алуучунун төлөм тапшырмасы, анын ичинде төлөмдү алган жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, ИСНин, паспорттогу маалыматтарын, сатып алынган активдин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган мүлктүк/мүлктүк эмес укуктар; 7) базалык станцияны жайгаштырууга жер участогун ижаралоо келишими, ижара акысын төлөгөндүгүн ырастоочу байланыш операторунун төлөм тапшырмасы/кассалык чыгыш ордери, анын ичинде акы алган жеке жактын аты-жөнүн, ИСНин, паспорттук маалыматтарын, келишимдин предметинин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган, базалык станцияны тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр; 8) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда башка документтер. 3. Салык төлөөчү эсеп-фактураларды Министрлер Кабинети белгилеген учурларда электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, мындай салык төлөөчү эсеп-фактураны кагаз алып жүрүүчүдө үч нускада жол-жоболоштурууга укуктуу, андан соң Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштурат. 4. Эсеп-фактураны кагаз түрүндө жол-жоболоштурган салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү: 1) КНС салык төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге; 2) КНС төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбеген мөөнөттө. 5. Ушул Кодекске ылайык калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуш аткарууда ККМ аркылуу эсептешүү жүргүзүү шартында салык төлөөчү эсеп-фактураны жол-жоболоштурбай коюуга укуктуу. Ушул бөлүктүн шарттары боюнча салык төлөөчү сатып алуучунун талабы менен эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү. 6. Салык төлөөчү ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө эсеп-фактура өткөн айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Министрлер Кабинети белгилеген тартипте таризделет. 7. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, КНС салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсеп-фактураларды жол-жоболоштурууга; 2) берүүлөрдүн жана сатып алынган материалдык ресурстардын эсеп-фактураларынын эсебин жүргүзүүгө. 8. Мурда таризделген эсеп-фактуранын реквизиттерин оңдоо Министрлер Кабинети белгилеген учурларда ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактураны тариздөө менен жүргүзүлөт. 9. Жараксыз эсеп-фактураны кошпогондо, эсеп-фактура КНС салык төлөөчүсү тарабынан ушул Кодексте каралган тартипте эсепке алуу үчүн алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммаларын кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. 10. Эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Эсеп-фактуранын, анын ичинде салык салынуучу берүүнүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактуранын формасы, аны тариздөө жана колдонуу тартиби, ошондой эле милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш болгон реквизиттер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет. 11. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү эсеп-фактураны төмөнкүдөй жол-жоболоштурат: 1) ыктыярдуу тартипте; 2) милдеттүү тартипте - Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.