Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 107 НК
НК КР · гл. 11Статус: действует

Статья 107. Особенности представления Единой налоговой декларации государственными и муниципальными служащими и отдельными физическими лицами

1.

Действие настоящей статьи распространяется на следующих физических лиц:

1) лицо, занимающее или замещающее политическую, специальную государственную должность;

2) лицо, занимающее или замещающее административную государственную должность;

3) сотрудник правоохранительных органов, дипломатических служб и военнослужащий, за исключением военнослужащих, проходящих срочную военную службу, курсантов, слушателей высших военных учебных заведений и военнослужащих, сотрудников правоохранительных органов, деятельность которых связана с негласным характером;

4) лицо, замещающее или занимающее политическую и административную муниципальные должности;

5) председатель, заместитель председателя, член правления Национального банка;

6) член Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики;

7) член Совета по делам правосудия Кыргызской Республики;

8) руководитель, заместитель руководителя учреждений, предприятий или организаций с государственной долей участия.

2.

Физическое лицо, указанное в части 1 настоящей статьи, обязано представлять в электронном виде в налоговый орган по месту жительства (согласно паспортным данным) единую налоговую декларацию, содержащую сведения о доходах, расходах, обязательствах и имуществе, принадлежащих ему, а также его близким родственникам в Кыргызской Республике и за ее пределами, за отчетный год, а также основания получения доходов и понесенных расходов.

В целях настоящей статьи близкими родственниками признаются супруг (супруга), несовершеннолетние дети, лица, находящиеся на иждивении декларанта либо на полном попечении, либо имеющие право на содержание со стороны декларанта, совершеннолетние дети, родители, братья и сестры, в отношении которых декларанты несут финансовые затраты в части покрытия расходов на проживание, образование, здравоохранение и другие необходимые расходы.

3.

Отчетным годом является:

1) период с 1 января по 31 декабря;

2) если физическое лицо, указанное в части 1 настоящей статьи, начало замещать или занимать должность после 1 января отчетного года, - то период с первого числа месяца, в котором данное лицо начало занимать должность по 31 декабря данного года;

3) если физическое лицо, указанное в части 1 настоящей статьи, прекратило замещать или занимать должность до 31 декабря отчетного года, - то период с 1 января по последнее число месяца, в котором данное лицо прекратило замещать или занимать должность.

4.

Физическое лицо, указанное в части 1 настоящей статьи, может вносить изменения и/или дополнения в ранее представленную единую налоговую декларацию за отчетный год не позднее 30 июня года, следующего за отчетным годом, за исключением внесения изменения и/или дополнения в случае обнаружения ошибок, приводящих к изменению суммы налога, в течение срока исковой давности.

5.

Положение о порядке проведения анализа и изучения Единой налоговой декларации государственного, муниципального служащего и отдельного физического лица и Порядок предоставления информации государственными органами и органами местного самоуправления о физических лицах, замещающих или занимающих государственные и муниципальные должности, утверждаются Кабинетом Министров.

6.

В случаях несвоевременного представления или непредставления единой налоговой декларации, а также в случаях выявления в представленной декларации неполных и/или недостоверных сведений органы налоговой службы обязаны направлять в органы прокуратуры соответствующие материалы для принятия мер, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37 , 29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар тарабынан Бирдиктүү салык декларациясын берүү өзгөчөлүктөрү 1. Ушул берененин колдонулушу төмөнкүдөй жеке жактарга карата жайылтылат: 1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга; 2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга; 3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын жана иши жашыруун мүнөзгө байланышкан укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларын, кызматкерлерин кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына; 4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган жана ээлеген адамга; 5) Улуттук банктын төрагасына, төрагасынын орун басарына, башкармасынын мүчөлөрүнө; 6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнө; 7) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсүнө; 8) мамлекеттик катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын жетекчисине, жетекчисинин орун басарына. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк, ошондой эле кирешелерди алуунун жана кетирген чыгымдардын негиздемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын жашаган жери боюнча (паспорттук маалыматтарга ылайык) салык органына электрондук түрдө берүүгө милдеттүү. Ушул берененин максаттары үчүн жакын туугандары деп жубайы (жолдошу), жашы жете элек балдары, декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар, аларга карата декларанттар жашоого, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары таанылат. 3. Отчеттук жыл болуп төмөнкүлөр саналат: 1) 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил; 2) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак кызмат ордун отчеттук жылдын 1-январынан кийин убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү баштаса, анда бул адам кызмат ордун ээлеп баштаган айдын биринен ошол жылдын 31-декабрына чейинки мезгил; 3) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жылдын 31-декабрына чейин кызмат ордун убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү токтотсо, анда 1-январдан тартып бул адам кызмат убактылуу ордун ээлеп турууну же ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки мезгил. 4. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келген каталар аныкталган учурларда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн мурда берилген бирдиктүү салык декларациясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизе алат. 5. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жана изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо жана Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 6. Бирдиктүү салык декларациясы өз убагында берилбеген же берилбеген учурларда, ошондой эле берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар аныкталган учурларда салык кызматынын органдары тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.