Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 106 НК
НК КР · гл. 11Статус: действует

Статья 106. Единая налоговая декларация

1.

Единая налоговая декларация является налоговой отчетностью, цель которой - предоставление информации об экономической деятельности субъекта, сведений о доходах, расходах и имуществе, необходимых для исчисления налогового обязательства, об исчисленной и/или уплаченной сумме налогов и применяемых налоговых льготах.

2.

Если иное не предусмотрено настоящей статьей, единую налоговую декларацию обязаны составлять и представлять:

1) отечественная организация;

2) иностранная организация, осуществляющая деятельность на территории Кыргызской Республики с образованием постоянного учреждения;

3) индивидуальный предприниматель;

4) физическое лицо, являющееся гражданином Кыргызской Республики, получившее доход от деятельности в дипломатических представительствах и консульских учреждениях иностранных государств, международных организациях или их представительствах, осуществляющих свою деятельность в Кыргызской Республике, а также иных организациях, которым предоставляются привилегии и иммунитеты в соответствии с международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика;

5) физическое лицо, получившее налогооблагаемый доход от субъекта, не являющегося налоговым агентом или у которого не возникает обязательства в качестве налогового агента;

6) физические лица, указанные в части 1 статьи 107 настоящего Кодекса.

2-1.

От составления и представления единой налоговой декларации освобождаются следующие организации и индивидуальные предприниматели:

1) финансируемые из бюджета и не имеющие налоговых обязательств по налогу на имущество за отчетный налоговый период;

2) осуществляющие деятельность:

- на основе налога в зонах торговли с особым режимом;

- на основе упрощенной системы налогообложения по ставкам единого налога 0 процентов, 0,1 и 0,5 процента;

- на основе патента;

- в качестве крестьянского/фермерского хозяйства без образования юридического лица;

- по транзакции.

3.

Физические лица, не указанные в части 2 настоящей статьи, вправе представлять единую налоговую декларацию на добровольной основе, в том числе для применения вычетов, предусмотренных статьями 195 и 196 настоящего Кодекса.

4.

В единой налоговой декларации указывается:

1) информация об объектах налогообложения;

2) имущественное и финансовое положение субъекта, его филиалов, представительств и иных обособленных подразделений.

5.

Информация о финансовом состоянии субъекта формируется в соответствии с настоящим Кодексом и законодательством Кыргызской Республики о бухгалтерском учете.

6.

Единая налоговая декларация составляется за календарный год и представляется:

1) организацией - до 1 апреля года, следующего за отчетным годом;

2) физическими лицами, указанными в части 1 статьи 107 настоящего Кодекса, - до 1 апреля года, следующего за отчетным годом;

3) физическим лицом, не указанным в пункте 2 настоящей части, а также индивидуальным предпринимателем - до 1 мая года, следующего за отчетным годом.

7.

Форма, порядок заполнения и представления единой налоговой декларации утверждаются уполномоченным налоговым органом.

8.

Налоговый контроль, хранение и уничтожение единых налоговых деклараций граждан Кыргызской Республики - физических лиц и государственных служащих осуществляется с учетом положений законов Кыргызской Республики "О подготовке к представлению единой налоговой декларации гражданами Кыргызской Республики", "О добровольном декларировании имущества и доходов физическими лицами", "О добровольной легализации и амнистии активов физических лиц".

(В редакции Законов КР от 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Бирдиктүү салык декларациясы 1. Бирдиктүү салык декларациясы салык отчеттуулугу болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши тууралуу маалыматты, салыктык милдеттенмелерин эсептөө үчүн зарыл болгон кирешелер, чыгымдар жана мүлк жөнүндө, салыктардын эсептелген жана/же төлөнгөн суммасы жана колдонулуучу салык жеңилдиктери тууралуу маалыматтарды берүү. 2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү: 1) ата мекендик уюм; 2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм; 3) жеке ишкер; 4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, өз ишин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү жана консулдук мекемелериндеги, эл аралык уюмдардагы же алардын өкүлчүлүктөрүндөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардагы ишинен киреше алуучу жеке жак; 5) салык агенти болуп саналбаган же салык агенти катары милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алуучу жеке жак; б) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар. 2-1. Бирдиктүү салык декларациясын түзүүдөн жана берүүдөн төмөнкү уюмдар жана жеке ишкерлер бошотулат: 1) бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмелери жок; 2) төмөнкүдөй иш жүргүзүүчү: - өзгөчө режимдеги соода зоналарында салыктын негизинде; - 0 пайыз, 0,1 жана 0,5 пайыз бирдиктүү салык ставкалары боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде; - патенттин негизинде; - юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан/фермердик чарба катары; - транзакция боюнча. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде, анын ичинде ушул Кодекстин 195 жана 196-беренелеринде каралган чыгарып салууларды колдонуу үчүн берүүгө укуктуу. 4. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат; 2) субъекттин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка обочолонгон бөлүмдөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы. 5. Субъекттин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. 6. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана: 1) уюм тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет; 2) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет; 3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлбөгөн жеке жак, ошондой эле жеке ишкер тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин берилет. 7. Бирдиктүү салык декларациясынын формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. 8. Кыргыз Республикасынын жарандарынын - жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо, сактоо жана жок кылуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө", "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө", "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.