Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 263 УК
УК КР · гл. 33Статус: действует

Статья 263. Финансирование организованных групп и преступных сообществ

1.

Финансирование организованной группы и преступного сообщества, то есть предоставление или сбор денежных средств, предметов, веществ и (или) иного имущества, представление права на имущество или выгод имущественного характера, а также дарение, мена, пожертвования, благотворительная помощь, оказание информационных и иного рода услуг либо оказание финансовых услуг физическому лицу, либо группе лиц, либо юридическому лицу –

наказывается лишением свободы на срок от пяти до десяти лет с конфискацией имущества.

2.

Хранение либо распределение, либо передача денежных средств, предметов, веществ и (или) иного имущества для нужд организованной группы или преступного сообщества, а также разработка каналов их финансирования, совершенные лидером либо участником организованной группы или преступного сообщества, –

наказываются лишением свободы на срок от пяти до десяти лет с конфискацией имущества.

3.

Деяния, предусмотренные частями 1 или 2 настоящей статьи, совершенные лицом с использованием своего должностного положения или лицом, выполняющим управленческие функции в коммерческой или иной организации, общественном объединении, –

наказываются лишением свободы на срок от десяти до пятнадцати лет с конфискацией имущества, с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет.

Примечание. Лицо, осуществлявшее финансирование организованных групп и преступных сообществ под угрозой насилия и (или) добровольно заявившее об этом, освобождается от уголовной ответственности, если в его действиях не содержится состава иного преступления.

Кыргызча
Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо 1. Уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо, башкача айтканда акча каражаттарын, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү берүү же чогултуу, мүлккө укукту же мүлктүк мүнөздөгү пайданы берүү, ошондой эле тартуулоо, алмашуу, кайрымдуулук, кайрымдуулук жардамы, жеке адамга же болбосо адамдардын тобуна, же болбосо юридикалык жакка маалыматтык жана башка түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүү, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун муктаждыктары үчүн каражаттарды, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү сактоо же бөлүштүрүү, же болбосо өткөрүп берүү, ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун жетекчиси же катышуучусу тарабынан жасалган аларды каржылоо каналдарын иштеп чыгуусу, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан же коммерциялык же башка уюмда, коомдук бирикмеде башкаруу функцияларын аткарган адам тарабынан жасалган жосундар, - мүлкүн конфискациялоо менен белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту зомбулук коркунучу астында каржылаган жана (же) өз ыктыяры менен бул жөнүндө билдирген адам, эгерде анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.