Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 501 УПК
УПК КР · гл. 57Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 501. Порядок рассмотрения ходатайства о заключении соглашения о признании вины в ходе досудебного производства

1.

В ходе досудебного производства прокурор рассматривает ходатайство о заключении соглашения о признании вины с участием следователя, обвиняемого и его адвоката. По результатам рассмотрения прокурор вправе:

1) удовлетворить ходатайство о заключении соглашения о признании вины;

2) отказать в удовлетворении ходатайства о заключении соглашения о признании вины, о чем выносит мотивированное постановление.

Отказ прокурора от заключения соглашения о признании вины обжалованию не подлежит, однако это не препятствует повторному заявлению ходатайства о заключении соглашения в дальнейшем.

2.

Прокурор составляет соглашение о признании вины, в котором должны быть указаны:

1) дата и место его составления;

2) должностное лицо органа прокуратуры, заключающее соглашение со стороны обвинения;

3) фамилия, имя и отчество, другие данные обвиняемого, заключающего соглашение, данные об адвокате;

4) описание преступления с указанием времени, места его совершения, а также других обстоятельств, подлежащих доказыванию;

5) пункт, часть, статья Уголовного кодекса, предусматривающие ответственность за данное преступление;

6) смягчающие обстоятельства и нормы Уголовного кодекса, которые могут быть применены в отношении обвиняемого, вид и размер наказания, предусмотренные статьей 79 Уголовного кодекса.

3.

Соглашение о признании вины подписываются прокурором, следователем, обвиняемым и его адвокатом.

Кыргызча
Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кароонун тартиби 1. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү прокурор тергөөчүнүн, айыпталуучунун жана анын адвокатынын катышуусунда карайт. Кароонун натыйжалары боюнча прокурор төмөнкүлөргө укуктуу: 1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга; 2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Прокурордун күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тартуусу даттанылууга жатпайт, бирок бул андан кийин макулдашууну түзүү тууралуу өтүнүчтү кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт. 2. Прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек: 1) анын түзүлгөн датасы жана орду; 2) айыптоо тарабынан макулдашууну түзүүчү прокуратура органынын кызмат адамы; 3) макулдашууну түзүп жаткан айыпталуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, башка маалыматтары, адвокаты жөнүндө маалыматтар; 4) кылмыштын жасалган убактысын, жерин, ошондой эле далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларды көрсөтүү менен анын сыпатталышы; 5) Кылмыш-жаза кодексинин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту; 6) Кылмыш-жаза кодексинин айыпталуучуга карата колдонулушу мүмкүн болгон жеңилдетүүчү жагдайлары жана ченемдери, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинде каралган жазанын түрү жана өлчөмү. 3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, айыпталуучу жана анын адвокаты кол коёт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.