Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 340 УПК
УПК КР · гл. 43Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 340. Содержание и порядок прений сторон

1.

После окончания судебного исследования суд переходит к прениям сторон, которые состоят из речей государственного обвинителя, потерпевшего или его представителя, обвиняемого и адвоката. Последовательность выступлений участников судебных прений устанавливается судом по их предложениям, но во всех случаях первым выступает государственный обвинитель, который исходя из результатов судебного разбирательства должен обосновать вывод о виновности обвиняемого, квалификации содеянного им и изложить свое мнение о наказании, которое следует назначить, или вправе отказаться от обвинения.

2.

Стороны в прениях сторон не вправе ссылаться на доказательства, которые не исследовались в судебном заседании. При необходимости предъявить суду новые доказательства они могут ходатайствовать о возобновлении судебного разбирательства.

3.

Суд не может ограничивать продолжительность прений сторон определенным временем, но председательствующий судья вправе останавливать участвующих в прениях лиц, если они не касаются обстоятельств, имеющих отношение к рассматриваемому делу.

4.

После произнесения речей всеми участниками прений сторон каждый из них может выступить еще по одному разу с замечаниями (репликами) относительно сказанного представителями сторон. Право последней реплики принадлежит обвиняемому или его адвокату.

5.

Каждый участник прений сторон может представить суду в письменном виде предлагаемую им формулировку решения по вопросам, указанным в пунктах 1 – 6 части 1 статьи 346 настоящего Кодекса. Предлагаемая формулировка не имеет для суда обязательной силы.

Кыргызча
Тараптардын жарыш сөздөрүнүн мазмуну жана тартиби 1. Соттук иликтөө аяктагандан кийин сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өтөт, ал мамлекеттик айыптоочунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн, айыпталуучунун жана адвокаттын сөздөрүнөн турат. Соттук жарыш сөздөрдүн катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнүн ырааттуулугу алардын сунуштары боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок бардык учурларда мамлекеттик айыптоочу биринчи болуп чыгып сүйлөйт, ал соттук териштирүүнүн натыйжаларына таянуу менен айыпталуучунун күнөөлүүлүгү, жасаганынын квалификациясы жөнүндө тыянакты негиздөөгө жана дайындала турган жаза жөнүндө өз пикирин баяндоого тийиш же айыптоодон баш тартууга укуктуу. 2. Тараптардын жарыш сөздөрүндө тараптар соттук отурумда иликтенбеген далилдерге шилтеме жасоого укуксуз. Зарыл болсо сотко жаңы далилдерди көрсөтүп, соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө өтүнүч бере алат. 3. Сот тараптардын жарыш сөздөрүнүн узактыгын белгилүү бир убакыт менен чектей албайт, бирок, эгерде каралып жаткан иштин жагдайларына тиешелүү болбосо, төрагалык кылуучу судья жарыш сөздөргө катышуучу адамдарды токтотууга укуктуу. 4. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн бардык катышуучулары сүйлөп бүткөндөн кийин алардын ар бири тараптардын өкүлдөрүнүн сөздөрүндө айтылгандарга карата сын-пикирлери (репликалары) менен дагы бир жолудан чыгып сүйлөй алат. Акыркы реплика берүү укугу айыпталуучуга же анын адвокатына таандык. 5. Тараптардын жарыш сөздөрүнүн ар бир катышуучусу сотко жазуу жүзүндө ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларга сунуштаган чечимдин туюнтмасын бере алат. Сунушталган туюнтма сот үчүн милдеттүү күчкө ээ эмес.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.