Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 329 УПК
УПК КР · гл. 43Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 329. Особенности допроса детей в качестве потерпевшего и свидетеля

1.

При допросе потерпевшего и свидетеля в возрасте до 18 лет вызываются их родители или законные представители, в случае их отсутствия вызывается сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей. При допросе ребенка в возрасте до 14 лет в качестве свидетеля или потерпевшего также вызывается психолог или педагог.

Указанные лица могут с разрешения председательствующего судьи задавать потерпевшему и свидетелю вопросы.

2.

Перед допросом потерпевшего и свидетеля, не достигших 16-летнего возраста, председательствующий разъясняет им значение для дела полных и правдивых показаний. Об ответственности за отказ от дачи показаний и за дачу заведомо ложных показаний эти лица не предупреждаются и подписка у них не отбирается.

3.

Допрос детей в качестве потерпевшего и свидетеля по ходатайству сторон или по инициативе суда может быть проведен в отсутствие обвиняемого, о чем суд выносит постановление. После возвращения обвиняемого в зал судебного заседания ему должны быть оглашены показания этих лиц и предоставлена возможность задавать им вопросы.

4.

Потерпевший и свидетель, не достигшие 16 лет, удаляются из зала судебного заседания по окончании их допроса, кроме случаев, когда суд признает необходимым их дальнейшее присутствие.

Кыргызча
Жабырлануучу жана күбө катары балдарды суракка алуунун өзгөчөлүктөрү 1. 18 жашка чейинки курактагы жабырлануучуну жана күбөнү суракка алууда ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. Күбө же жабырлануучу катары 14 жашка чейинки курактагы баланы суракка алууда ошондой эле психолог же педагог чакырылат. Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жабырлануучуга жана күбөгө суроолорду берет. 2. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу алдында төрагалык кылуучу аларга толук жана туура көрсөтмөлөрдү берүүнүн иш үчүн маанисин түшүндүрөт. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө бул жактарга алдын ала эскертилбейт жана алардын колу койдурулуп алынбайт. 3. Тараптардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча жабырлануучу жана күбө катары баланы суракка алуу айыпталуучу жок кезде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат. Айыпталуучу соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин ага ушул жактардын көрсөтмөлөрү жарыя кылынууга жана аларга суроо берүүгө мүмкүндүк берилүүгө тийиш. 4. 16 жашка жете элек жабырлануучу жана күбө аларды суракка алуу бүткөндөн кийин, эгерде сот алардын мындан ары катышуусун зарыл деп таппаса, соттук отурумдун залынан чыгарылат.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.