Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 231 УПК
УПК КР · гл. 31Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 231. Получение информации о соединениях между пользователями и пользовательскими устройствами и (или) местоположении пользовательского устройства

(Наименование статьи в редакции Закона Кыргызской Республики от 2 июля 2026 года № 101)

1.

При наличии достаточных оснований полагать, что информация о соединениях между пользователями (пользовательскими устройствами), которыми являются подозреваемый, обвиняемый и другие лица, может содержать сведения, имеющие значение для уголовного дела, следователь на основании постановления следственного судьи вправе истребовать указанные сведения.

2.

Постановление следственного судьи о получении информации о соединениях между пользователями следователь направляет в соответствующий орган для исполнения. Соответствующий орган обязан предоставить следователю требуемую информацию, зафиксированную на любом материальном носителе информации.

Информация о соединениях между пользователями должна содержать сведения о дате, времени, продолжительности соединений между пользователями, номерах пользователей; другие данные, в том числе электронные и иные сообщения, позволяющие идентифицировать пользователей, а также сведения о номерах и месте расположения приемопередающих базовых станций. Указанная информация предоставляется в опечатанном виде с сопроводительным письмом.

3.

Следователь исследует полученную информацию при необходимости с привлечением специалиста и должностного лица органа дознания. О результатах исследования составляется протокол.

4.

По результатам исследования полученной информации следователь поручает соответствующим подразделениям органа дознания установить местоположение пользовательского устройства.

5.

Должностное лицо органа дознания при наличии оснований и условий, предусмотренных абзацем третьим части 4 статьи 219 настоящего Кодекса, вправе получать информацию о соединениях между пользователями и пользовательскими устройствами и (или) о местоположении пользовательского устройства в порядке, установленном настоящей статьей.

(В редакции Законов КР от 9 августа 2025 года № 193, 2 июля 2026 года № 101)

Кыргызча
Пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды алуу (Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1. Шектүү, айыпталуучу жана башка адамдар болуп эсептелген пайдалануучулардын (пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн) ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматта кылмыш иши үчүн мааниси бар маалымат камтылышы мүмкүн деген шектенүүлөрдүн жетиштүү негиздери болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде көрсөтүлгөн маалыматты талап кылууга укуктуу. 2. Пайдалануучулар ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалыматтарды алуу тууралуу тергөө судьясынын токтому аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт. Тиешелүү орган маалыматтын ар кандай материалдык алып жүрүүчүлөрүндө жазылган талап кылынган маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Пайдалануучулар ортосундагы байланышуу жөнүндө маалымат пайдалануучулардын ортосундагы байланыштын датасы, убактысы, узактыгы жөнүндө маалыматтарды, пайдалануучулардын номерлерин; пайдалануучуларды идентификациялоого өбөлгө түзгөн башка маалыматтарды, анын ичинде электрондук жана башка билдирүүлөрдү; ошондой эле кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү базалык станциялардын номерлерин жана орун алган жери жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалымат коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет. 3. Тергөөчү алынган маалыматты зарыл болгондо адисти жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерин тартуу менен изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт. 4. Алынган маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү алгачкы текшерүү органынын тийиштүү бөлүмүндөрүнө пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жерин аныктоону тапшырат. 5. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте пайдалануучулардын жана пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар жөнүндө жана (же) пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. (КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.