Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 203 УПК
УПК КР · гл. 25Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 203. Особенности допроса ребенка в качестве свидетеля или потерпевшего

1.

При допросе ребенка в качестве свидетеля или потерпевшего вызываются родители или законные представители, в случае их отсутствия вызывается сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей. При допросе ребенка в качестве свидетеля или потерпевшего в возрасте до 14 лет также вызывается психолог или педагог.

2.

Свидетели и потерпевшие дети в возрасте до 16 лет не предупреждаются об ответственности за отказ от дачи показаний и за дачу заведомо ложных показаний. При разъяснении таким свидетелям и потерпевшим процессуальных прав и обязанностей им указывается на необходимость говорить только правду. Ребенку разъясняется право отказаться от дачи показаний, уличающих в совершении преступления их самих или близких родственников. О разъяснении прав и обязанностей делается отметка в протоколе, которая удостоверяется подписью свидетеля или потерпевшего, а также лицами, представляющими их интересы.

3.

Присутствующим при допросе лицам, указанным в частях 1 и 2 настоящей статьи, разъясняется право делать подлежащие занесению в протокол замечания о нарушении прав и законных интересов допрашиваемых, а также с разрешения следователя задавать вопросы допрашиваемому. Следователь вправе отвести вопрос, однако должен занести его в протокол и указать причину отвода.

Кыргызча
Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алуунун өзгөчөлүктөрү 1. Баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү чакырылат, ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жаш куракка чейинки баланы күбө же жабырлануучу катары суракка алууда психолог же педагог да чакырылат. 2. 16 жашка чейинки курактагы күбөлөр жана жабырлануулар көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилбейт. Мындай күбөлөргө жана жабырлануучуларга процессуалдык укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүүдө аларга чындыкты гана айтуунун зарылдыгы көрсөтүлөт. Балага алардын өздөрүнүн же жакын туугандарынын жасаган кылмыштарынын бетин ачкан көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартууга укуктуулугу түшүндүрүлөт. Укуктарынын жана милдеттеринин түшүндүрүлүшү жөнүндө протоколго белги коюлат, ал күбөнүн же жабырлануучунун, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын билдирген адамдардын колун койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн суракка катышып жаткан адамдарга суралып жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө протоколго киргизиле турган пикирлерди айтууга, ошондой эле тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамга суроолорду берүү укугу түшүндүрүлөт. Тергөөчү суроону четке кагууга укуктуу, бирок аны протоколго киргизүүгө жана четке кагуунун себебин көрсөтүүгө тийиш.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.