Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 200 УПК
УПК КР · гл. 25Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 200. Применение звуко- и видеозаписи при допросе

1.

По решению следователя при допросе подозреваемого, обвиняемого, потерпевшего или свидетеля могут быть применены звуко- и видеозапись. Звуко- и видеозапись могут быть применены также по ходатайству адвоката, подозреваемого, обвиняемого, потерпевшего и свидетеля.

2.

Применение звуко- и видеозаписи (технических средств фиксации) является обязательным в случаях допроса:

1) детей;

2) слепых, неграмотных, малограмотных, которые не в состоянии прочесть записи своих показаний в протоколе допроса;

3) лиц, допрашиваемых через переводчика;

4) подозреваемых, обвиняемых по делам об особо тяжких преступлениях;

5) лиц, нуждающихся в исследовании экспертами-психиатрами;

6) при даче признательных показаний подозреваемыми, обвиняемыми о совершении ими преступлений.

3.

Следователь, приняв решение о производстве звуко- и видеозаписи, ставит в известность об этом допрашиваемого до начала допроса.

4.

Звуко- и видеозапись должны отражать весь ход допроса. Звуко- и видеозапись части допроса, а также повторение показаний специально для записи данных в ходе того же допроса не допускается.

5.

По окончании допроса звуко- и видеозапись полностью воспроизводятся допрашиваемому. По окончании просмотра или прослушивания у допрашиваемого выясняется, имеет ли он дополнения к сказанному, удостоверяет ли он правильность записи. Дополнения к звуко- и видеозаписи показаний, сделанные допрашиваемым, также заносятся на фонограмму и видеограмму. Звуко- и видеозапись заканчиваются заявлением допрашиваемого, удостоверяющим их правильность.

6.

Показания, полученные в ходе допроса с применением звуко- и видеозаписи, заносятся в протокол допроса в соответствии с правилами настоящего Кодекса. Протокол допроса должен также содержать отметку о применении звуко- и видеозаписи и сообщении об этом допрашиваемому; сведения о технических средствах и условиях звуко- и видеозаписи; заявления допрашиваемого по поводу применения звуко- и видеозаписи; удостоверение правильности протокола и звуко- и видеозаписи допрашиваемым и следователем. Фонограммы и видеограммы опечатываются и хранятся при деле.

Кыргызча
Суракта үн жана видео жазууну колдонуу 1. Тергөөчүнүн чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн-жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жана видео жазуу ошондой эле адвокаттын, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн. 2. Үн жана видео жазып алууларды (жазып алуулардын техникалык каражаттарын) колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат: 1) балдарды; 2) суракка алуунун протоколундагы өз көрсөтмөлөрүнүн жазууларын окуй ала турган абалда болбогон азиз, сабатсыз, билими аздарды; 3) котормочу аркылуу суракка алынган адамдарды; 4) өзгөчө оор кылмыштар жөнүндөгү иш боюнча шектүүлөрдү, айыпталуучуларды; 5) эксперт-психиатрлар тарабынан изилдөөгө муктаж адамдарды; 6) шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө моюнга алуу көрсөтмөлөрүн берүүдө. 3. Тергөөчү үн жана видео жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алып, бул жөнүндө сурак башталганга чейин суракка алынуучуга билдирет. 4. Үн жана видео жазып алуулар суракка алуунун бүткүл жүрүшүн чагылдырууга тийиш. Суракка алуу бөлүгүнүн үн жана видео жазып алуулары, ошондой эле ошол эле суракка алуунун жүрүшүндөгү маалыматтарды жазып алуу үчүн атайын көрсөтмөлөрдүн кайталанылышына жол берилбейт. 5. Сурак аяктагандан кийин үн жана видеожазуу суралып жаткан адамга толугу менен уктурулат. Көрүү же угуу аяктагандан кийин суралып жаткан адамдын өзү айткандарга кошумчасы бар же жок экендиги, анын жазуунун тууралыгын күбөлөндүрө тургандыгы аныкталат. Суралып жаткан адамдын үн жана видеожазууга кошумчаланган көрсөтмөлөрү да фонограмма менен видеограммага киргизилет. Үн жана видеожазуу суралып жаткан адамдын алардын тууралыгын күбөлөндүргөн билдирүүсү менен аяктайт. 6. Үн жана видео жазууну колдонуу менен сурактын жүрүшүндө алынган көрсөтмөлөр ушул Кодекстин эрежелерине ылайык сурак протоколуна киргизилет. Сурак протоколунда үн жана видео жазууну колдонуу жөнүндө жана бул тууралуу суралып жатканга кабарлангандыгы жөнүндө; техникалык каражаттар, үн жана видео жазуунун шарттары жөнүндө маалыматтар; үн жана видео жазууну колдонуу боюнча суралып жаткан адамдын билдирүүсү; протоколдун жана үн жана видео жазуунун тууралыгын суралып жаткан адам менен тергөөчүнүн ырастоосу камтылууга тийиш. Фонограммалар жана видеограммалар иш учурунда сакталып, мөөр коюлуп бекитилет.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.