Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 193 УПК
УПК КР · гл. 24Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 193. Содержание заключения эксперта, сообщение о невозможности дачи заключения

1.

После производства необходимых исследований с учетом их результатов эксперт (эксперты) от своего имени составляет письменное заключение, удостоверяет его своей подписью и печатью или составляет заключение в форме электронного подписанного документа, направляет его в орган, назначивший экспертизу.

2.

В заключении указываются:

1) дата, время и место производства экспертизы;

2) основания производства экспертизы;

3) должностное лицо, назначившее экспертизу;

4) сведения об экспертной организации, а также об эксперте или экспертах, которым поручено производство судебной экспертизы;

5) подписка о предупреждении об уголовной ответственности за дачу заведомо ложного заключения;

6) вопросы, поставленные на решение эксперта или комиссии экспертов;

7) объекты исследований (их состояние, упаковка, скрепление печатью), материалы, а также экспериментальные образцы, представленные для производства экспертизы;

8) данные о лицах, присутствовавших при производстве экспертизы;

9) содержание и результаты исследований с указанием использованных методик;

10) какие из поставленных вопросов, по мнению эксперта, выходят за пределы его специальных познаний;

11) установленные экспертом обстоятельства, по поводу которых ему не были поставлены вопросы;

12) выводы по поставленным перед экспертом вопросам и их обоснование.

3.

Если при производстве экспертизы эксперт установит обстоятельства, имеющие значение для дела, по поводу которых ему не были поставлены вопросы, он вправе исследовать их и дать оценку в своем заключении.

4.

В случаях производства дополнительной экспертизы в заключении отражается, кто, когда и по каким вопросам производил первичную экспертизу.

5.

При производстве повторной экспертизы в вводной части заключения указываются основания ее назначения, кем она произведена, а также выводы по тем вопросам, которые поставлены на разрешение экспертов. В случае если выводы произведенной повторной экспертизы не подтверждают предыдущие выводы экспертов, в заключении должны быть приведены результаты исследования, объясняющие причины расхождения в выводах экспертов.

6.

Если эксперт убеждается, что поставленные вопросы выходят за пределы его специальных познаний или представленные ему материалы непригодны или недостаточны для дачи заключения и не могут быть выполнены либо если состояние науки и экспертной практики не позволяет ответить на поставленные вопросы, он составляет мотивированное сообщение о невозможности дачи заключения и направляет его органу или лицу, назначившим экспертизу.

7.

Материалы, иллюстрирующие заключение эксперта, удостоверенные в порядке, предусмотренном частью 1 настоящей статьи, прилагаются к заключению и являются его составной частью. К заключению также должны быть приложены оставшиеся после исследования объекты, в том числе образцы.

Кыргызча
Эксперттин корутундусунун мазмуну, корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү 1. Зарыл изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин, эксперт (эксперттер) алардын натыйжаларын эске алып, өз атынан жазуу жүзүндө корутунду түзөт, аны өз койгон колу жана мөөрү менен күбөлөндүрөт же электрондук кол коюлган документ түрүндө корутунду түзөт, аны экспертиза дайындаган органга жиберет. 2. Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) экспертиза жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду; 2) экспертиза жүргүзүүнүн негиздери; 3) экспертиза дайындаган кызмат адамы; 4) эксперттик уюм, ошондой эле эксперт же соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттер жөнүндөгү маалымат; 5) билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертүү тууралуу эскертме; 6) экспертке же эксперттер комиссиясына чечүүгө коюлган маселелер; 7) изилдөө объекттери (алардын абалы, таңгакталышы, мөөр менен басылышы), материалдар, ошондой эле экспертиза жүргүзүү үчүн берилген эксперименттик үлгүлөр; 8) экспертиза жүргүзүүгө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар; 9) пайдаланылган ыкмаларды көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары; 10) эксперттин ою боюнча, коюлган кайсы маселелер анын атайын билим чектеринен чыгып кетүүдө; 11) ага коюлбаган маселелердин жүйөлөрү боюнча эксперт тарабынан белгиленген жагдайлар; 12) эксперттин алдына коюлган маселелер боюнча тыянактар жана алардын негиздемеси. 3. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө эксперт ага коюлган маселелердин жүйөлөрү боюнча иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилесе, ал аларды изилдөөгө жана өз корутундусунда баа берүүгө укуктуу. 4. Кошумча экспертиза жүргүзүлгөн учурларда корутундуга алгачкы экспертизаны ким, качан жана кандай маселелер боюнча жүргүзгөндүгү чагылдырылат. 5. Кайталап экспертиза жүргүзүүдө корутундунун кириш бөлүгүнө аны дайындоонун негизи, анын ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле эксперттердин чечүүсүнө коюлган маселелер боюнча тыянактар көрсөтүлөт. Эгерде кайталап жүргүзүлгөн экспертизанын тыянактары мурдагы эксперттердин тыянактарын ырастаган учурларда, корутундуда эксперттердин тыянактарынын ортосундагы айырмалардын себептерин түшүндүргөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары келтирилүүгө тийиш. 6. Эгерде эксперт коюлган маселелер анын атайын билиминин чектеринен чыкканына же ага берилген материалдар жараксыз же корутунду берүү үчүн жетишсиз жана аткарылышы мүмкүн болбосо, же эгерде илимдин жана эксперттик практиканын абалы коюлган маселелерге жооп берүүгө мүмкүндүк бербегенине ишенсе, ал корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү билдирүү түзөт жана аны экспертиза дайындаган органга же адамга жөнөтөт. 7. Эксперттин корутундусун иллюстрациялоочу ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте күбөлөндүрүлгөн материалдар корутундуга тиркелет жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат. Корутундуга ошондой эле изилдөөдөн кийин калган объекттер, анын ичинде үлгүлөр да тиркелүүгө тийиш.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.