Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 193 УК
УК КР · гл. 29Статус: утратил силуредакция 28.10.2021

Статья 193. Нарушение порядка финансирования избирательной кампании

Нарушение порядка финансирования избирательной кампании кандидата, политической партии, деятельности инициативной группы по проведению референдума, совершенное путем:

1) передачи кандидату, политической партии, инициативной группе по проведению референдума в целях достижения определенного результата на выборах или референдуме денежных или других материальных средств в крупных размерах, минуя соответствующий фонд;

2) расходования в целях достижения определенного результата на выборах или референдуме денежных средств в крупных размерах, не перечисленных в избирательные фонды, в фонды референдума;

3) выполнения оплачиваемых работ, реализации товаров, оказания платных услуг, прямо или косвенно связанных с выборами или референдумом и направленных на получение определенного результата на выборах или референдуме либо на выдвижение инициативы проведения референдума, в крупных размерах без оплаты из соответствующего фонда или с оплатой из соответствующего фонда по необоснованно заниженным расценкам;

4) внесения через подставных лиц в крупных размерах пожертвований, запрещенных законодательством о выборах или референдумах, в избирательный фонд или фонд референдума, -

наказывается лишением права занимать определенные должности либо заниматься определенной деятельностью IV категории или исправительными работами IV категории, или штрафом V категории, или лишением свободы I категории со штрафом I категории.

Примечание. Крупным размером в статьях 193 и 194 настоящего Кодекса признается размер суммы денег, стоимость имущества или выгод имущественного характера, которые превышают одну десятую предельной суммы всех расходов средств избирательного фонда кандидата, политической партии, фонда референдума, установленной законодательством о выборах и референдумах на момент совершения деяния, предусмотренного настоящей статьей, но при этом составляют не менее 5000 расчетных показателей.

Кыргызча
Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу Талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу: 1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү; 2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо; 3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү; 4) алмаштыруучу адамдар аркылуу шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат. (КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.