Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 31 СК
СК КР · гл. 5Статус: действует

Статья 31. Последствия признания брака недействительным

1.

Брак, признанный судом недействительным, не порождает прав и обязанностей супругов, предусмотренных настоящим Кодексом, за исключением случаев, установленных пунктами 4 и 5 настоящей статьи.

2.

К имуществу, приобретенному совместно лицами, брак которых признан недействительным, применяются положения Гражданского кодекса Кыргызской Республики о долевой собственности. Брачный договор, заключенный супругами (статьи 43-45 настоящего Кодекса), признается недействительным.

3.

Признание брака недействительным не влияет на права детей, родившихся в таком браке или в течение трехсот дней со дня признания брака недействительным (пункт 2 статьи 51 настоящего Кодекса).

4.

При вынесении решения о признании брака недействительным суд вправе признать за супругом, права которого нарушены заключением такого брака (добросовестным супругом), право на получение от другого супруга содержания в соответствии со статьями 95 и 96 настоящего Кодекса, а в отношении раздела имущества, приобретенного совместно до момента признания брака недействительным, вправе применить положения, установленные статьями 35, 39 и 40 настоящего Кодекса, а также признать действительным брачный договор полностью или частично.

Добросовестный супруг вправе требовать возмещения причиненного ему материального и морального вреда по правилам, предусмотренным гражданским законодательством.

5.

Добросовестный супруг вправе при признании брака недействительным сохранить фамилию, избранную им при государственной регистрации заключения брака.

Кыргызча
Никени жараксыз деп табуунун натыйжалары 1. Ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында белгиленгенден башка учурларды кошпогондо, сот тарабынан жараксыз деп табылган нике ушул Кодексте каралган жубайлардын укуктары менен милдеттерин жаратпайт. 2. Никеси жараксыз деп табылган адамдар биргелешип сатып алган мүлккө карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин үлүштүк менчик жөнүндө жоболору колдонулат. Жубайлар тарабынан түзүлгөн нике келишими (ушул Кодекстин 43-45-статьялары) жараксыз деп табылат. 3. Никенин жараксыз деп табылышы ушундай никеде же нике жараксыз деп табылган күндөн тартып үч жүз күндүн ичинде төрөлгөн балдардын укугуна таасирин тийгизбейт (ушул Кодекстин 51-статьясынын 2-пункту). 4. Никени жараксыз деп табуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот ушундай никеге туруу менен жубайынын бузулган укугун (ак ниеттүү жубайынын), ушул Кодекстин 95 жана 96-статьяларына ылайык башка жубайынан каражат алып туруу укугун, ал эми нике жараксыз деп табылган учурга чейин биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүүгө карата ушул Кодекстин 35, 39 жана 40-статьяларында белгиленген жоболорун колдонуу укугуна, ошондой эле нике келишимин толук же жарым-жартылай жарактуу деп таанууга укуктуу. Ак ниеттүү жубай жарандык мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча өзүнө келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. 5. Ак ниеттүү жубай нике жараксыз деп табылганда никеге туруу мамлекеттик каттоодон өткөндө тандап алган фамилиясын сактап калууга укуктуу. III БӨЛҮМ ЖУБАЙЛАРДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН МИЛДЕТТЕРИ

Право на дату

Действие было до 05.09.2003? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.