Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 29 СК
СК КР · гл. 5Статус: действует

Статья 29. Лица, имеющие право требовать признания брака недействительным

1.

Требовать признания брака недействительным вправе:

а) несовершеннолетний супруг, его родители (лица, их заменяющие), территориальное подразделение уполномоченного государственного органа по защите детей или прокурор, если брак заключен с лицом, не достигшим брачного возраста, при отсутствии разрешения на заключение брака до достижения этим лицом брачного возраста (статья 14 настоящего Кодекса). После достижения несовершеннолетним супругом восемнадцати лет требовать признания брака недействительным вправе только этот супруг;

б) супруг, права которого нарушены заключением брака, а также прокурор, если брак заключен при отсутствии добровольного согласия одного из супругов на его заключение: в результате принуждения, обмана, заблуждения или невозможности в силу своего состояния в момент государственной регистрации заключения брака понимать значение своих действий и руководить ими;

в) супруг, не знавший о наличии обстоятельств, препятствующих заключению брака, опекун супруга, признанного недееспособным, супруг по предыдущему нерасторгнутому браку, другие лица, права которых нарушены заключением брака, произведенного с нарушением требований статьи 15 настоящего Кодекса, а также территориальное подразделение уполномоченного государственного органа по защите детей и прокурор;

г) прокурор, а также не знавший о фиктивности брака супруг в случае заключения фиктивного брака;

д) супруг, права которого нарушены, при наличии обстоятельств, указанных в пункте 3 статьи 16 настоящего Кодекса.

2.

При рассмотрении дела о признании недействительным брака, заключенного с лицом, не достигшим брачного возраста, а также с лицом, признанным судом недееспособным, к участию в деле привлекается территориальное подразделение уполномоченного государственного органа по защите детей.

Кыргызча
Никени жараксыз деп табууну талап кылууга укугу бар адамдар 1. Никени жараксыз деп табууну талап кылууга төмөндөгүлөр укуктуу: а) жашы жетпеген жубайы, анын ата-энеси (аларды алмаштыруучу адамдар) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм же прокурор, эгерде нике нике курагына жетпеген адам менен түзүлсө, бул адам нике курагына жеткенге чейин никеге турууга уруксаты болбогондо (ушул Кодекстин 14-статьясы). Жашы жетпеген жубайы он сегиз жашка чыккандан кийин никени жараксыз деп табууну талап кылууга жубайы гана укуктуу; б) никеге туруу менен укугу бузулган жубайы, ошондой эле прокурор, эгерде нике жубайлардын биринин ыктыярдуу макулдугусуз түзүлсө: мажбурлоонун, алдоонун, адаштыруунун же никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда өзүнүн абалы менен өзүнүн жасап жаткан аракетинин маанисин түшүнбөй жана аны башкарууга мүмкүнчүлүгү келбей турган абалда түзүлсө; в) никеге турууга жолтоо болгон жагдайлардын бар экенин билбеген жубайы, аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайынын камкорчусу бузула элек никеде турган мурдагы жубайы, ушул Кодекстин 15-статьясынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн никеден улам укуктары бузулган дагы башка адамдар, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр жана прокурор; г) прокурор, ошондой эле жалган нике түзүлгөн учурда анын жалган түзүлгөнүн билбеген жубайы; д) ушул Кодекстин 16-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо укугу бузулган жубайы. 2. Нике курагына жете элек адам ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адам менен түзүлгөн никени жараксыз деп табуу жөнүндө иш каралганда бул ишке катышууга балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тартылат.

Право на дату

Действие было до 05.09.2003? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.