Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 43 УК
УК КР · гл. 9Статус: утратил силу

Статья 43. Общественные работы

(1) Общественные работы состоят в выполнении осужденным в свободное от основной работы или учебы время бесплатного труда в пользу общества, вид которого определяется исполнительными органами местного самоуправления по согласованию с уголовно-исполнительной инспекцией.

(2) Общественные работы назначаются продолжительностью от сорока до трехсот шестидесяти часов. Отбываются осужденным бесплатно в свободное от основной работы и учебы время не свыше четырех часов в день, а неработающим - не свыше восьми часов в день.

Наказание в виде привлечения к общественным работам назначается, как правило, с учетом состояния его здоровья, профессии, квалификации, уровня образования.

(3) В случае злостного уклонения осужденного от общественных работ суд по представлению уголовно-исполнительной инспекции может заменить наказание исправительными работами, ограничением свободы или лишением свободы в пределах сроков, предусмотренных соответственно статьями 46-3 и 49 настоящего Кодекса. При этом время, в течение которого осужденный отбывал общественные работы, учитывается из расчета один день исправительных работ, ограничения свободы или лишения свободы за восемь часов общественных работ.

Общественные работы могут быть заменены исправительными работами, ограничением свободы или лишением свободы также в случае, если в санкции статьи, по которой лицо признано виновным, не предусмотрены данные виды наказаний. При этом срок исправительных работ, ограничения свободы или лишения свободы устанавливается на срок не более одного года.

Время, в течение которого осужденный работал, учитывается как смягчающее ответственность обстоятельство.

(4) Общественные работы не могут быть назначены:

1) военнослужащим;

2) женщинам в возрасте свыше 55 лет и мужчинам свыше 60 лет;

3) беременным женщинам;

4) женщинам, имеющим детей в возрасте до 3 лет;

5) инвалидам I и II группы;

6) лицам, не имеющим постоянного места жительства.

(В редакции Законов КР от 21 сентября 1998 года № 124, 12 марта 2002 года № 36, 25 июня 2007 года № 91, 31 июля 2012 года № 145)

Кыргызча
Коомдук жумуштарга тартуу (1) Коомдук жумуштар соттолгондордун негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдун пайдасына акысыз эмгектенүүдөн турат, анын түрү жазык-аткаруу тутумунун инспекциясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат. (2) Коомдук жумуштар кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки узактыкта белгиленет. Соттолгондор тарабынан, негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдук жумуш күнүнө төрт сааттан ашпаган, ал эми иштебегендерге күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка акысыз өтөлөт. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза, эреже катары, анын ден соолугунун абалын, кесибин, квалификациясын, билим деңгээлин эске алуу менен дайындалат. 3) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда сот жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча жазаны түзөтүү жумуштарына, ушул Кодекстин 46-3 жана 49-статьяларына ылайык каралган мөөнөттөрдүн чегинде эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштыра алат. Мында соттолгон адамдын коомдук жумуштарды аткарган мезгил ичиндеги убакыты түзөтүү жумуштарынын бир күнү, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу коомдук жумуштардын сегиз сааттык эсебинде эсепке алынат. Эгерде адам күнөөлүү деп табылган статьянын санкциясында жазанын мындай түрлөрү каралбаса, коомдук жумуштар түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга да алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарынын, эркиндигин чектөөнүн же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет. Соттолгон адам иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдеткен жагдай катары эске алынат. (4) Коомдук жумуштар: 1) аскер кызматчыларына; 2) 55 жаштан ашкан аялдарга жана 60 жаштан ашкан эркектерге; 3) кош бойлуу аялдарга; 4) 3 жашка чейинки балдары бар аялдарга; 5) I жана II топтогу майыптарга; 6) туруктуу жашаган жери жок адамдарга. (Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.