Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики" · гл. 2Статус: действует

Статья 9. Досрочное прекращение полномочий Акыйкатчы и его заместителей

1.

Полномочия Акыйкатчы, его заместителей досрочно прекращаются по следующим основаниям:

1) подача письменного заявления о досрочном освобождении от должности по собственному желанию;

2) вступление в законную силу обвинительного приговора суда;

3) вступление в законную силу судебного акта о применении принудительных мер медицинского характера;

4) вступление в законную силу судебного акта о признании безвестно отсутствующим или объявление умершим;

5) вступление в законную силу судебного акта о признании ограниченно дееспособным или недееспособным;

6) невозможность осуществления полномочий по состоянию здоровья в соответствии с медицинским заключением;

7) прекращение гражданства Кыргызской Республики либо установление наличия гражданства иностранного государства;

8) нарушение требований и ограничений, установленных статьей 8 настоящего конституционного Закона;

9) принятие Жогорку Кенешем решения о неодобрении ежегодного доклада Акыйкатчы;

10) факт смерти.

Положение пункта 9 части 1 настоящей статьи не распространяется на заместителей Акыйкатчы, избранных менее чем за 12 месяцев до заслушивания очередного ежегодного доклада Акыйкатчы.

Заключение о наличии основания для досрочного прекращения полномочий Акыйкатчы, за исключением пунктов 1–5, 9, 10 части 1 настоящей статьи, должна дать специальная комиссия Жогорку Кенеша. За заключение должно проголосовать не менее двух третей от общего числа членов комиссии.

Парламентские фракции, депутатские группы и депутаты Жогорку Кенеша вносят представление о досрочном прекращении полномочий Акыйкатчы в Жогорку Кенеш по основаниям, предусмотренным пунктами 6–8 части 1 настоящей статьи.

2.

При наступлении оснований, предусмотренных пунктами 1–5, 9, 10 части 1 настоящей статьи, Жогорку Кенеш принимает постановление о досрочном прекращении полномочий Акыйкатчы и его заместителей.

3.

Акыйкатчы вносит в Жогорку Кенеш представление о досрочном освобождении от должности заместителя Акыйкатчы по основаниям, предусмотренным пунктами 2–10 части 1 настоящей статьи.

Рассмотрение внесенного представления осуществляется в порядке, предусмотренном для Акыйкатчы.

4.

Решение Жогорку Кенеша о досрочном прекращении полномочий Акыйкатчы, его заместителей принимается большинством голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

Кыргызча
Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу 1. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат: 1) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өз каалоосу менен жазуу жүзүндө арыз бергенде; 2) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 3) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде; 4) дайынсыз жоголду деп таануу же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде; 5) аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде; 6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондо; 7) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда же болбосо чет мамлекеттин жарандыгы бар экендиги аныкталганда; 8) ушул конституциялык Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү бузганда; 9) Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын ар жылдык баяндамасын жактырбоо жөнүндө чечим кабыл алганда; 10) өлүмүнүн фактысы. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун жобосу Акыйкатчынын кезектеги ар жылдык баяндамасын укканга чейин 12 айдан кем эмес убакытта шайланган Акыйкатчынын орун басарларына жайылтылбайт. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–5, 9, 10-пункттарын кошпогондо, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздин бар экендиги жөнүндө корутундуну Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы берүүгө тийиш. Корутундуга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө тийиш. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары, депутаттык топтору жана депутаттары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6–8-пункттарында каралган негиздер боюнча Жогорку Кеңешке Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизет. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1–5, 9, 10-пункттарында каралган негиздер болгон учурда Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алат. 3. Акыйкатчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2–10-пункттарында каралган негиздер боюнча Акыйкатчынын орун басарын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңешке киргизет. Киргизилген сунушту кароо Акыйкатчы үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 4. Акыйкатчынын, анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 3-глава. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары