Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики" · гл. 2Статус: действует

Статья 6. Порядок представления кандидатур на должности Акыйкатчы, его заместителей и их избрания

1.

Кандидатуры на замещение должности Акыйкатчы вносятся в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики (далее – Жогорку Кенеш) по представлению парламентских фракций, депутатских групп и депутатов Жогорку Кенеша не позднее 20 дней до истечения срока полномочий Акыйкатчы и не позднее 15 дней в случае досрочного прекращения его полномочий.

Парламентские фракции, депутатские группы и депутаты Жогорку Кенеша представляют не более чем по три кандидатуры на должность Акыйкатчы.

2.

Жогорку Кенеш вправе проводить парламентские слушания по обсуждению кандидатур на должность Акыйкатчы с участием представителей гражданского общества.

3.

Акыйкатчы избирается на должность Жогорку Кенешем тайным голосованием с использованием бюллетеней.

4.

Кандидатуры на замещение должности заместителя Акыйкатчы представляет Акыйкатчы.

5.

Избранным на должность Акыйкатчы, его заместителя считается кандидат, набравший большинство голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

6.

Если ни один из кандидатов не набрал необходимого числа голосов, то проводится второй тур голосования по двум кандидатурам, набравшим наибольшее количество голосов. Избранным во втором туре голосования считается кандидат, набравший большинство голосов от общего числа депутатов.

Если по итогам второго тура кандидаты набрали одинаковое число голосов, то проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур.

Если ни один из кандидатов не набрал необходимого числа голосов, проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур. Если кандидат, прошедший в следующий тур, снимет свою кандидатуру, голосование проводится по следующему кандидату, набравшему наибольшее количество голосов.

Если в выборах участвовал один кандидат и он не был избран, проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур.

Повторные выборы проводятся в срок не ранее 14 и не позднее 30 дней со дня проведения голосования.

7.

Процедура голосования по избранию Акыйкатчы не может быть перенесена на следующее заседание Жогорку Кенеша.

8.

Акыйкатчы, его заместители считаются вступившими в должность с момента принесения присяги.

До избрания нового Акыйкатчы обязанности Акыйкатчы исполняет один из заместителей.

9.

Акыйкатчы имеет двух заместителей. Заместителей Акыйкатчы избирает и освобождает от должности Жогорку Кенеш по представлению Акыйкатчы.

Кыргызча
Акыйкатчынын, анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо жана аларды шайлоо тартиби 1. Акыйкатчынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлер Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирилбестен жана анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда 15 күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш) парламенттик фракцияларынын, депутаттык топторунун жана депутаттарынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңешке киргизилет. Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары, депутаттык топтору жана депутаттары Акыйкатчынын кызмат ордуна үчтөн ашык эмес талапкерди сунуштайт. 2. Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын кызмат ордуна талапкерлерди жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүгө укуктуу. 3. Акыйкатчы кызмат ордуна Жогорку Кеңеш тарабынан бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. 4. Акыйкатчынын орун басарынын кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди Акыйкатчы сунуштайт. 5. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Акыйкатчынын, анын орун басарынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет. 6. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын керектүү санын албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи турунда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде экинчи турдун жыйынтыктары боюнча талапкерлер бирдей сандагы добуштарды алса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын керектүү санын албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салса, добуштардын көбүрөөк санын алган кийинки талапкер боюнча добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Кайра шайлоо добуш берүү өткөрүлгөн күндөн тартып 14 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 7. Акыйкатчыны шайлоо боюнча добуш берүү жол-жобосун Жогорку Кеңештин кийинки жыйналышына жылдырууга болбойт. 8. Акыйкатчы, анын орун басарлары ант берген учурдан тартып кызмат ордуна киришкен болуп эсептелет. Жаңы Акыйкатчыны шайлаганга чейин Акыйкатчынын милдеттерин орун басарлардын бири аткарат. 9. Акыйкатчынын эки орун басары болот. Акыйкатчынын орун басарларын Акыйкатчынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш кызмат ордуна шайлайт жана бошотот.