Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 29
Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью" · гл. 6Статус: действует

Статья 29. Обеспечение доступа к получению образования лицам с инвалидностью

1.

Государство гарантирует лицам с инвалидностью создание необходимых условий для доступа к получению непрерывного образования на протяжении всей жизни.

2.

Государство обязано обеспечить лицам с инвалидностью доступ к дошкольному, школьному, внешкольному и профессиональному образованию. Отсутствие статуса инвалидности не должно препятствовать получению образования лицам с ограничениями жизнедеятельности и здоровья.

3.

Воспитание и обучение лиц с инвалидностью в государственных и муниципальных общеобразовательных организациях осуществляются бесплатно и без ограничения в возрасте.

4.

Образовательные организации частной формы собственности вправе устанавливать льготы по оплате за обучение лицам с инвалидностью.

5.

Государство в целях обучения лиц с инвалидностью необходимым профессиональным навыкам, при невозможности предоставления образовательных услуг государственными образовательными организациями, вправе закупать услуги у реабилитационных центров и иных специальных организаций соответствующего профиля.

6.

Образовательные организации, осуществляющие обучение лиц с инвалидностью, адаптируют и модифицируют учебные программы, материалы и методы обучения с учетом возможностей развития и потребностей лиц с инвалидностью.

7.

Государство обеспечивает подготовку специальных педагогов, владеющих специальными методами обучения и воспитания.

8.

Сопровождение обучающихся лиц с инвалидностью в образовательном процессе осуществляется через создание социально-психологических и педагогических условий и услуг с учетом образовательных потребностей и индивидуальных возможностей.

9.

Государство предоставляет детям с инвалидностью возможности инклюзивного образования за счет организации подготовки педагогов, оснащения общеобразовательных организаций необходимым оборудованием и проведения информационной работы о правах детей с инвалидностью.

10.

Проведение информационной работы направлено на формирование инклюзивной культуры в обществе.

11.

Профессиональное образование должно быть ориентировано на рынок труда.

Кыргызча
Майыптыгы бар адамдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 1. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга жеткиликтүү болушу үчүн зарыл шарттарды түзүү кепилдигин берет. 2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкары жана кесиптик билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Майыптык статусунун жоктугу жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген адамдардын билим алуусуна тоскоол болбошу керек. 3. Мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында майыптыгы бар адамдарды тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат. 4. Жеке менчик түрүндөгү билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдарга окуу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу. 5. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды зарыл кесиптик көндүмдөргө окутуу максатында, мамлекеттик билим берүү уюмдары билим берүү кызматтарын көрсөтө албаган учурда реабилитациялоо борборлорунан жана тиешелүү профилдеги башка атайын уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу. 6. Майыптыгы бар адамдарды окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен окутуу программаларын, материалдарын жана окутуу усулдарын ыңгайлаштырат жана өркүндөтөт. 7. Мамлекет окутуунун жана тарбиялоонун атайын усулдарын билген атайын педагогдорду даярдоону камсыз кылат. 8. Окуп жаткан майыптыгы бар адамдарды билим берүү процессинде коштоо билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 9. Мамлекет майыптыгы бар балдарга педагогдорду даярдоону уюштуруунун, жалпы билим берүү уюмдарын керектүү жабдуулар менен жабдуунун, майыптыгы бар балдардын укуктары жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүнүн эсебинен инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. 10. Маалымат иштерин жүргүзүү коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандырууга багытталган. 11. Кесиптик билим берүү эмгек рыногуна багытталышы керек.