Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 8 августа 2025 года № 191 "О правах и гарантиях лиц с инвалидностью" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Предмет настоящего Закона

1.

Настоящий Закон определяет государственную политику в отношении лиц с инвалидностью по обеспечению им равных со всеми другими гражданами возможностей в реализации прав и свобод, устранению ограничений в их жизнедеятельности, созданию благоприятных условий, позволяющих лицам с инвалидностью вести полноценный образ жизни, активно участвовать в экономической, политической, культурной и социальной жизни общества, а также выполнять свои гражданские обязанности, предусмотренные Конституцией Кыргызской Республики, общепризнанными принципами и нормами международного права, а также международными договорами, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

2.

Настоящий Закон устанавливает гарантии защиты и поддержки, предоставляемые лицам с инвалидностью, а также меры, направленные на охрану здоровья населения, профилактику инвалидности и создание условий для включения лиц с инвалидностью в общество.

Кыргызча
Ушул Мыйзамдын предмети 1. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарга карата алардын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, майыптыгы бар адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий, маданий жана социалдык турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна мүмкүндүк берүүчү жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт. 2. Ушул Мыйзам майыптыгы бар адамдарды коргоо жана колдоо кепилдиктерин, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоого, майыптыктын алдын алууга жана майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.