Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 32
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 5Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 32. Структура инвестиционного соглашения с участием государственных органов и органов местного самоуправления

1.

В инвестиционное соглашение с участием государственных органов и органов местного самоуправления включаются следующие минимальные условия:

1) предмет инвестиционного соглашения;

2) стороны инвестиционного соглашения;

3) права и обязанности сторон;

4) вопросы организации управления реализацией инвестиционного проекта, включая контроль за финансированием и исполнением обязательств участниками инвестиционного соглашения;

5) объем и источники финансирования, с указанием соотношения прямых и косвенных инвестиций (при их наличии);

6) условия и сроки предоставления стимулирующих мер (в случае их предоставления);

7) сроки реализации инвестиционного проекта с графиком и порядком осуществления мониторинга за его реализацией;

8) порядок возмещения расходов и распределения доходов;

9) порядок очередности выплат, в том числе при приостановлении либо досрочном прекращении действия инвестиционного соглашения;

10) определение юридической судьбы активов, в связи с исполнением инвестиционного соглашения, после прекращения его действия;

11) случаи приостановления или прекращения действия инвестиционного соглашения, включая условия досрочного прекращения его действия;

12) ответственность сторон за несоблюдение условий инвестиционного соглашения;

13) срок действия инвестиционного соглашения;

14) форс-мажорные обстоятельства и последствия их наступления;

15) порядок разрешения и сроки урегулирования споров, связанных с реализацией инвестиционного соглашения.

2.

Инвестиционное соглашение по договоренности сторон в зависимости от специфики инвестиционного проекта может включать в себя другие условия.

3.

Типовая форма инвестиционного соглашения утверждается уполномоченным государственным органом.

4.

Неисполнение инвестором обязательств по вложениям инвестиций по инвестиционному соглашению является основанием для досрочного расторжения инвестиционного соглашения и взыскания с инвестора средств на сумму предоставленных стимулирующих мер.

Кыргызча
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык макулдашуунун түзүмү 1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен инвестициялык макулдашууга төмөнкүдөй минималдуу шарттар киргизилет: 1) инвестициялык макулдашуунун предмети; 2) инвестициялык макулдашуунун тараптары; 3) тараптардын укуктары жана милдеттери; 4) инвестициялык макулдашуунун катышуучуларынын милдеттенмелерин каржылоону жана аткарууну контролдоону кошо алганда, инвестициялык долбоорду ишке ашырууну башкарууну уюштуруу маселелери; 5) тике жана кыйыр инвестициялардын катышын көрсөтүү менен каржылоонун көлөмү жана булактары (алар болгондо); 6) дем берүүчү чараларды берүү шарттары жана мөөнөттөрү (алар берилген учурда); 7) инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун графиги жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү; 8) чыгымдардын ордун толтуруу жана кирешелерди бөлүштүрүү тартиби; 9) төлөмдөрдүн кезектүүлүгүнүн, анын ичинде инвестициялык макулдашууну колдонууну токтотуп туруудагы же болбосо мөөнөтүнөн мурда токтотуудагы тартиби; 10) инвестициялык макулдашуунун колдонулушу токтотулгандан кийин анын аткарылышына байланыштуу активдердин юридикалык келечегин аныктоо; 11) инвестициялык макулдашуунун колдонулушун токтото туруу же токтотуу учурлары, анын ичинде анын колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу шарттары; 12) инвестициялык макулдашуунун шарттарын сактабагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги; 13) инвестициялык макулдашууну колдонуу мөөнөтү; 14) форс-мажордук жагдайлар жана алардын келип чыгышынын кесепеттери; 15) инвестициялык макулдашууну ишке ашырууга байланышкан талаш-тартыштарды чечүү тартиби жана жөнгө салуу мөөнөттөрү. 2. Тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык макулдашуу инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша өзүнө башка шарттарды да камтышы мүмкүн. 3. Инвестициялык макулдашуунун типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. 4. Инвестордун инвестициялык макулдашуу боюнча инвестицияларды салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоосу инвестициялык макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана берилген дем берүүчү чаралардын суммасына инвестордон каражаттарды өндүрүп алуу үчүн негиз болуп саналат.