Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 31
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 5Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 31. Инвестиционное соглашение с участием государственных органов и органов местного самоуправления

1.

Сторонами по инвестиционному соглашению вправе выступать Кабинет Министров, государственные органы и/или органы местного самоуправления Кыргызской Республики.

2.

Стороной инвестиционного соглашения в зависимости от суммы инвестиций могут выступать:

1) орган местного самоуправления, за исключением мэрий городов, - от 1 миллиона до 50 миллионов сомов;

2) два и более органа местного самоуправления, за исключением мэрий городов, - от 1 миллиона до 200 миллионов сомов;

3) мэрии городов, за исключением городов Бишкек и Ош, - от 1 миллиона до 300 миллионов сомов;

4) два и более органа местного самоуправления, среди которых мэрия города, за исключением городов Бишкек и Ош, - от 1 миллиона до 400 миллионов сомов;

5) органы местного самоуправления города Бишкек и города Ош - от 1 миллиона до 1 миллиарда сомов;

6) министерство или ведомство - от 1 миллиона до 1 миллиарда сомов;

7) Кабинет Министров - от 1 миллиарда сомов и более.

3.

При этом в случае превышения пороговых сумм, указанных в части 2 настоящей статьи, участие в инвестиционном соглашении принимают один или несколько государственных органов/органов местного самоуправления при непосредственной координации действий Кабинетом Министров.

4.

Инвестиционное соглашение с участием государственных органов и органов местного самоуправления, заключаемое инвестором, не может устанавливать предоставления налоговых, таможенных, а также иных льгот и преференций, не предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кагышуусу менен инвестициялык макулдашуу 1. Инвестициялык макулдашуу боюнча тараптар катары Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгууга укуктуу. 2. Инвестициялардын суммасына жараша инвестициялык макулдашуунун тарабы болуп төмөнкүлөр чыгат: 1) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 50 миллион сомго чейин; 2) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 200 миллион сомго чейин; 3) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, шаарлардын мэриялары - 1 миллиондон 300 миллион сомго чейин; 4) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ичинде шаардын мэриясы - 1 миллиондон 400 миллион сомго чейин; 5) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин; 6) министрлик же ведомство - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин; 7) Министрлер Кабинети - 1 миллиард сом жана андан ашык. 3. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн босоголук суммалар ашып кеткен учурда, инвестициялык макулдашууга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттерин түздөн-түз координациялоодо бир же бир нече мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышат. 4. Инвестор тарабынан түзүлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуу салыктык, бажылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка жеңилдиктерди жана преференциялардын берилишин белгилей албайт.