Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 3. Законодательство Кыргызской Республики об инвестициях, инвестиционной деятельности и режиме стабилизации

1.

Законодательство об инвестициях, инвестиционной деятельности и режиме стабилизации основывается на Конституции Кыргызской Республики и состоит из настоящего Закона, международных договоров, вступивших в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики (далее - международные договоры), и иных нормативных правовых актов Кыргызской Республики, регулирующих вопросы осуществления инвестиций.

2.

В случае внесения изменений или дополнений в настоящий Закон, налоговое законодательство Кыргызской Республики или законодательство о неналоговых платежах инвестор и/или инвестируемое предприятие, заключившие соглашение о стабилизации, вправе в течение 10 лет с даты подписания указанного соглашения применять наиболее благоприятные условия, предусмотренные указанными нормативными правовыми актами на момент их выбора. Указанное право распространяется на налоги, включая налог на добавленную стоимость, за исключением иных косвенных налогов, а также на неналоговые платежи, за исключением платежей за услуги, предоставляемые государственными органами. Порядок и условия применения режима стабилизации определяются законодательством Кыргызской Республики.

3.

Применение режима стабилизации не ограничивает права инвестора и/или инвестируемого предприятия использовать более благоприятные условия, установленные законодательством Кыргызской Республики, вступившим в силу после подписания соглашения о стабилизации.

4.

Право на использование режима стабилизации предоставляется:

1) инвестору, осуществляющему вложения в капитал инвестируемого предприятия в течение 3 лет с даты подписания соглашения о стабилизации в размере не менее 200 миллионов сомов, определяемых по официальному курсу Национального банка Кыргызской Республики (далее - Национальный банк) на день подписания указанного соглашения, а также самому инвестируемому предприятию;

2) инвестору, осуществляющему деятельность, связанную с изучением, поиском, разведкой и разработкой полезных ископаемых, при условии вложения инвестиций в капитал инвестируемого предприятия в течение 5 лет с даты подписания соглашения о стабилизации в размере не менее 1 миллиарда сомов, определяемых по официальному курсу Национального банка на день подписания указанного соглашения, а также самому инвестируемому предприятию.

5.

Невыполнение инвестором обязательств по вложению установленных настоящей статьей инвестиций в капитал инвестируемого предприятия является основанием для расторжения соглашения о стабилизации и взыскания неуплаченных налогов и неналоговых платежей, экономия по которым была достигнута в результате применения режима стабилизации.

6.

Изменение состава акционеров или участников инвестора и/или инвестируемого предприятия не прекращает действие режима стабилизации и не влияет на установленные сроки его применения.

7.

В случае если международный договор предусматривает иные, более благоприятные положения по сравнению с нормами национального законодательства, регулирующего инвестиционные правоотношения, применяются положения международного договора в той части, в которой их применение соответствует национальным интересам Кыргызской Республики.

8.

В целях защиты национальной безопасности, общественного порядка, охраны здоровья населения, защиты прав и свобод других лиц инвестиционная деятельность иностранного инвестора может быть запрещена или ограничена законами Кыргызской Республики.

9.

Инвестиции в финансово-кредитные организации и организации, предоставляющие платежные услуги, регулируются банковским и платежным законодательствами Кыргызской Республики.

Кыргызча
Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 1. Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 2. Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына же салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзгөн инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлган датадан тартып 10 жылдын ичинде аларды тандоо учурунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларында каралган кыйла жагымдуу шарттарды колдонууга укуктуу. Көрсөтүлгөн укук, башка кыйыр салыктарды кошпогондо, кошумча нарк салыгын кошуп алганда, салыктарга, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдөн сырткары салыктык эмес төлөмдөргө жайылтылат. Турукташтыруу режимин колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 3. Турукташтыруу режимин колдонуу инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыйла жагымдуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектебейт. 4. Турукташтыруу режимин пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет: 1) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 3 жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) расмий курсу боюнча аныкталуучу 200 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө салымдарды жүргүзгөн инвесторго, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзүнө; 2) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 5 жыл ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча аныкталуучу 1 миллиард сомдон кем эмес өлчөмдө инвестиция салынган шартта, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзү пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвесторго. 5. Инвестордун ушул беренеде белгиленген инвестицияларды инвестициялануучу ишкананын капиталына салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоосу турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында үнөмдөөгө жетишилген төлөнбөгөн салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү өндүрүү үчүн негиз болуп саналат. 6. Акционерлердин же инвестордун катышуучуларынын жана/же инвестициялануучу ишкананын курамынын өзгөрүшү турукташтыруу режиминин колдонулушун токтотпойт жана аны колдонуунун белгиленген мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбейт. 7. Эгерде эл аралык келишимде инвестициялык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу улуттук мыйзамдардын ченемдерине салыштырмалуу башка, кыйла жагымдуу жоболор каралса, эл аралык келишимдин жоболоруна алар Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келген бөлүгүндө колдонулат. 8. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында чет өлкөлүк инвестордун инвестициялык ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынышы же чектелиши мүмкүн. 9. Финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү уюмдарга инвестициялар Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм мыйзамдары менен жөнгө салынат.