Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 22
Закон КР от 12 августа 2025 года № 198 "Об инвестициях в Кыргызской Республике" · гл. 4Статус: действуетредакция 08.04.2026

Статья 22. Механизм рассмотрения жалоб инвесторов

1.

Инвестор вправе подать жалобу на действия и/или бездействие государственных органов и органов местного самоуправления в компетентные государственные органы, органы местного самоуправления, в том числе в уполномоченный государственный орган, до момента обращения в суд, третейский суд или международный арбитраж.

Государственные органы и органы местного самоуправления обязаны рассмотреть жалобу инвестора в пределах своей компетенции и принять решение по восстановлению нарушенных прав и законных интересов инвестора и устранению выявленных нарушений.

2.

Уполномоченный государственный орган рассматривает жалобу инвестора путем принятия решения совместно со всеми заинтересованными сторонами в соответствии с законодательством Кыргызской Республики на основе следующих принципов:

1) верховенство права и соблюдение правовых процедур;

2) объективность;

3) беспристрастность;

4) полнота;

5) эффективность.

3.

Ведение реестра жалоб осуществляется уполномоченным государственным органом с соблюдением законодательства о защите данных.

4.

Государственные органы и органы местного самоуправления обязаны рассмотреть жалобу инвестора, своевременно реагировать на запросы уполномоченного государственного органа, предоставлять запрашиваемую им информацию и принимать участие в рассмотрении жалобы инвестора, организуемом уполномоченным государственным органом.

5.

Государственные органы и органы местного самоуправления обязаны представить свою позицию по жалобе в уполномоченный государственный орган в течение 7 рабочих дней с момента получения запроса уполномоченного государственного органа.

6.

По результатам рассмотрения жалобы инвестора в случае выявления нарушения законодательства Кыргызской Республики государственными органами, органами местного самоуправления уполномоченный государственный орган имеет право направить информацию в Кабинет Министров и/или Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики для принятия дальнейших мер.

7.

Порядок рассмотрения и разрешения жалоб инвесторов уполномоченным государственным органом утверждается Кабинетом Министров.

Кыргызча
Инвесторлордун даттанууларын кароо механизми 1. Инвестор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине карата компетенттүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сотко, бейтарап сотко же эл аралык арбитражга кайрылган учурга чейин даттанууга укуктуу. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде инвестордун даттануусун кароого жана инвестордун бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алууга милдеттүү. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестордун даттануусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте төмөнкү принциптердин негизинде чечим кабыл алуу жолу менен карайт: 1) укук үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы; 2) объективдүүлүк; 3) калыстык; 4) толуктук; 5) натыйжалуулук. 3. Даттануулардын реестрин жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо менен жүзөгө ашырылат. 4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестордун даттануусун кароого, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө, ал сураган маалыматты берүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган инвестордун даттануусун кароого катышууга милдеттүү. 5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даттануу боюнча өз позициясын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы алынган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү. 6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда инвестордун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган андан ары чараларды көрүү үчүн маалыматты Министрлер Кабинетине жана/же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүүгө укуктуу. 7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвесторлордун даттанууларын кароонун жана чечүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.