Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 78 ЗК
ЗК КР · гл. 11Статус: действуетредакция 18.07.2025

Статья 78. Пастбища

1.

Использование пастбищ осуществляется в соответствии с планом по управлению пастбищами и их использованию и ежегодным планом использования пастбищ.

2.

Использование пастбищ для выпаса скота осуществляется на основании пастбищных билетов, выдаваемых ежегодно. Порядок предоставления пастбищ определяется Кабинетом Министров.

3.

Пастбищные билеты выдаются исполнительным органом местного самоуправления после внесения соответствующего сбора за пользование пастбищными угодьями. По решению представительного органа местного самоуправления допускается внесение сбора за пастбищный билет в размере не менее 50 процентов от общего объема сбора не позднее 15 апреля, а оставшейся части - не позднее 1 ноября текущего года. В случае несвоевременного внесения сбора за пользование пастбищными угодьями начисляется пеня за каждый день просрочки в соответствии с Кодексом Кыргызской Республики о неналоговых доходах.

4.

Размер сбора за пользование пастбищными угодьями определяется ежегодно для каждой пастбищной системы и для каждого вида пользования пастбищ исполнительным органом местного самоуправления не ниже налоговой базовой ставки с учетом оптимальной нагрузки, включается в ежегодные планы использования пастбищ и утверждается представительным органом местного самоуправления.

5.

Сбор за пользование пастбищными угодьями устанавливается и изменяется в зависимости от поголовья скота и вида сельскохозяйственных животных.

6.

Размер сбора за использование пастбищ в иных целях определяется:

1) для участков, ведение деятельности на которых приводит к нарушению пастбищного покрова, в соответствии с нормативами стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, установленными Кабинетом Министров;

2) для участков, ведение деятельности на которых исключает выпас скота, но не приводит к нарушению пастбищного покрова, равным размеру сбора за использование данного участка для выпаса скота.

7.

Типовые положения о порядке разработки плана по управлению пастбищами и их использованию, ежегодного плана по использованию пастбищ, порядке установления сбора за использование пастбищ, положение о порядке определения норм нагрузки скота на пастбищные угодья Кыргызской Республики, порядок определения государственных стандартов и методов оценки мониторинга состояния и качества пастбищ, а также положения, инструкции, правила и другие нормативные правовые акты по вопросам управления пастбищами и их использования разрабатываются уполномоченным государственным органом в сфере управления пастбищными угодьями и утверждаются Кабинетом Министров.

8.

Положения данной статьи не применяются к пастбищам, находящимся в категории "Земли государственного лесного фонда".

Кыргызча
Жайыттар 1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу ар жыл сайын берилүүчү жайыт билеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Жайыттарды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 3. Жайыт билеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйым төлөнгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт билети үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмес жыйымды учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен, ал эми калган бөлүгүн - 1-ноябрынан кечиктирбестен төлөөгө жол берилет. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым өз убагында төлөнбөгөн учурда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык ар бир кечиктирилген күн үчүн туум эсептелет. 4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жыл сайын ар бир жайыт тутуму жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан оптималдуу жүктөмдү эске алуу менен салыктык базалык ставкадан төмөн эмес аныкталат, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет. 5. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым мал башына жана мал чарбачылыгынын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт. 6. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат: 1) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерине ылайык иш жүргүзүү жайыт катмарынын бузулушуна алып келүүчү жерлер үчүн; 2) иш жүргүзүү мал жаюуну жокко чыгарган, бирок жайыт катмарын бузууга алып келбеген жерлер үчүн, ошол жерге мал жаюу үчүн пайдалангандыгы үчүн жыйымдын өлчөмүнө барабар. 7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планды иштеп чыгуунун тартиби, жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык план, жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор, Кыргыз Республикасынын жайыт жерлерине малдын жүктөө ченемдерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо, жайыттардын абалына жана сапатына мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик стандарттарын жана баалоо методдорун аныктоонун тартиби, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу маселелери боюнча жоболор, нускамалар, эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар жайыт жерлерин башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 8. Бул берененин жоболору "Мамлекеттик токой фондунун жерлери" категориясында турган жайыттарга карата колдонулбайт.

Право на дату

Действие было до 04.08.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.