Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 80 ЗК
ЗК КР · гл. 11Статус: действуетредакция 18.07.2025

Статья 80. Предоставление пастбищ в иных целях, не связанных с выпасом скота

1.

Пастбища могут быть предоставлены физическим и юридическим лицам во временное пользование с учетом интересов местного населения в целях ведения охоты, пчеловодства, сбора лекарственных трав, плодов и ягод, заготовки сена и топлива, добычи полезных ископаемых, установки легкой конструкции (некапитальных) сооружений связи, пунктов приема и первичной переработки молока, пунктов искусственного осеменения сроком на 5 лет с последующим его продлением до 20 лет.

2.

Для туристических целей пастбища предоставляются с правом установки сооружений легкой конструкции (некапитальных) сроком до 20 лет с последующим продлением.

3.

Если землепользователь в течение 3 лет с момента предоставления ему пастбища во временное пользование в туристических целях не реализовал проект, предоставленный в пользование участок подлежит изъятию.

4.

Для реализации рыбохозяйственной деятельности пастбища предоставляются местной государственной администрацией после перевода (трансформации) земель в категорию "Земли промышленности, транспорта, связи, энергетики, обороны и иного назначения" в порядке, определяемом Кабинетом Министров, сроком до 20 лет с последующим продлением.

5.

Обязательным условием предоставления пастбищных угодий, не связанных с выпасом скота, является параллельное восстановление равнозначной территории деградированных пастбищ на соответствующей территории в порядке, определяемом Кабинетом Министров.

6.

Пастбищные угодья, подлежащие восстановлению, определяются и утверждаются органами местного самоуправления в соответствии с планом по управлению пастбищами и их использованию.

7.

Порядок предоставления пастбищ в иных целях, не связанных с выпасом скота, определяется Кабинетом Министров.

Кыргызча
Жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүү 1. Жайыттар жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен аңчылык кылуу, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди чогултуу, чөп жана отун даярдоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү жыйноо жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын, малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу максатында жеке жана юридикалык жактарга 5 жылдык мөөнөткө, кийин аны 20 жылга чейин узартуу менен убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн. 2. Туристтик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен 20 жылга чейинки мөөнөткө, кийин узартуу укугу менен берилет. 3. Эгерде жерди пайдалануучу жайытты туристтик максатта убактылуу пайдаланууга берген учурдан тартып 3 жылдын ичинде долбоорду ишке ашырбаса, пайдаланууга берилген жайыт жери алынып коюлууга тийиш. 4. Балык чарба ишин жүзөгө ашыруу үчүн жайыттар жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан жерлер "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандан (трансформациялангандан) кийин, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте, кийин 20 жылга чейинки мөөнөткө узартуу менен берилет. 5. Тиешелүү аймакта деградацияланган жайыттардын бирдей маанидеги аймагын Министрлер Кабинети тарабынан аныктаган тартипте параллелдүү калыбына келтирүү мал жаюу менен байланышпаган жайыт жерлерин берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат. 6. Калыбына келтирилүүгө тийиш болгон жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат жана бекитилет. 7. Жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Право на дату

Действие было до 04.08.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.