Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 529 УПК
УПК КР · гл. 60Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 529. Экстрадиционный арест

1.

После получения по почте, факсу и иными видами связи от компетентного органа запроса о выдаче разыскиваемого лица (экстрадиции) следователь с согласия прокурора вносит в суд по месту содержания лица под стражей ходатайство о применении экстрадиционного ареста лица с целью выдачи (экстрадиции).

2.

Вместе с ходатайством на рассмотрение следственного судьи представляются:

1) копия запроса компетентного органа иностранного государства о выдаче лица;

2) сведения о гражданской принадлежности;

3) материалы экстрадиционной проверки.

3.

Следственный судья рассматривает ходатайство и выносит постановление о применении экстрадиционного ареста либо отказе в применении экстрадиционного ареста.

4.

При рассмотрении ходатайства следственный судья проверяет гражданскую принадлежность разыскиваемого лица, не исследуя вопрос о виновности и не проверяя законность процессуальных решений, принятых компетентными органами иностранного государства по делу в отношении лица, выдача (экстрадиция) которого запрашивается.

5.

Обжалование прокурором данного постановления следственного судьи осуществляется в порядке, предусмотренном статьей 35 настоящего Кодекса, в апелляционном порядке.

6.

В случае вынесения постановления об отказе в применении экстрадиционного ареста следственный судья одновременно принимает решение о содержании разыскиваемого лица под стражей на период пересмотра по ходатайству прокурора постановления и рассмотрения дела в апелляционном порядке.

7.

Экстрадиционный арест в отношении подлежащего выдаче лица (экстрадиции) применяется по решению следственного судьи каждый раз на срок до 2 месяцев. Продление срока экстрадиционного ареста свыше одного года с момента задержания лица не допускается, а мера пресечения подлежит отмене.

8.

Администрация места содержания под стражей не позднее 10 суток до истечения срока содержания под стражей лица, к которому применен экстрадиционный арест, обязана уведомить об этом прокурора.

9.

Освобождение лица, к которому применен экстрадиционный арест, производится на основании постановления прокурора, в том числе и по истечении срока, указанного в настоящей статье, если в этот срок выдача (экстрадиция) не состоялась, о чем немедленно сообщается в Генеральную прокуратуру.

10.

Освобождение лица из-под экстрадиционного ареста не препятствует повторному его применению с целью фактической передачи лица иностранному государству во исполнение решения о выдаче (экстрадиции), если иное не предусмотрено международными договорами Кыргызской Республики.

Кыргызча
Экстрадициялык камоо 1. Изделип жаткан адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жөнүндө компетенттүү органдын суроо-талабы почта, факс жана байланыштын башка түрлөрү менен алынгандан кийин тергөөчү прокурордун макулдугу менен адам камакта кармалган жердеги сотко аны өткөрүп берүү (экстрадициялоо) максатында адамды экстрадициялык камоого алууну колдонуу жөнүндө өтүнүчтү киргизет. 2. Өтүнүч менен бирге тергөө судьясынын кароосуна төмөндөгүлөр берилет: 1) чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабынын көчүрмөсү; 2) адамдын жарандыгы жөнүндө маалыматтар; 3) экстрадициялык текшерүүнүн материалдары. 3. Тергөө судьясы өтүнүчтү карайт жана экстрадициялык камоону дагы бир жолу колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. 4. Өтүнүчтү кароодо тергөө судьясы адамдын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселени изилдебестен жана чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан өткөрүп берүүчү (экстрадиция) адамга карата кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугун текшербестен, изделип жаткан адамдын жарандык таандыгын текшерет. 5. Прокурор тарабынан тергөө судьясынын токтомуна даттануу ушул Кодекстин 35-беренесине ылайык апелляциялык тартипте жүзөгө ашырылат. 6. Эгерде, тергөө судьясы экстрадициялык камоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарса, бир эле учурда изделүүчү адамды прокурордун өтүнүчү менен апелляциялык тартипте токтомдун кайра каралуу убактысына чейин камакта кармоо чечимин кабыл алат. 7. Өткөрүп берилүүгө (экстрадиция) тийиш болгон адамга карата экстрадициялык камак тергөө судьясынын чечими боюнча ар жолу 2 айга чейинки мөөнөткө колдонулат. Адам кармалган учурдан тартып бир жылдан ашык экстрадициялык камактын мөөнөтүн узартууга жол берилбейт, ал эми бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылууга тийиш. 8. Камакта кармоочу жайдын администрациясы экстрадициялык камакка алуу колдонулган адамдын камакка алуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 суткадан кечиктирбестен бул тууралуу прокурорго кабарлоого милдеттүү. 9. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн камакка алуу мөөнөтү өтсө, анын ичинде көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүп берүү (экстрадиция) ишке ашпаса, экстрадициялык камакка алуу колдонулган адамды бошотуу прокурордун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, бул жөнүндө Башкы прокуратурага тез арада билдирилет. 10. Адамды экстрадициялык камакка алуудан бошотуу, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, өткөрүп берүү (экстрадиция) жөнүндө чечимди аткаруу үчүн адамды чет мамлекетке иш жүзүндө өткөрүп берүү максатында анын кайталап колдонулушуна жолтоо болбойт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.