Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 51 НК
НК КР · гл. 3Статус: действует

Статья 51. Обязанности налогоплательщика

1.

Налогоплательщик обязан:

1) в установленном порядке зарегистрироваться в налоговом органе;

2) исполнять налоговое обязательство;

3) вести налоговый учет в соответствии с требованиями, установленными настоящим Кодексом;

3-1) через свой кабинет налогоплательщика вести Реестр налогового агента по наемным работникам и обеспечивать в нем актуальные сведения по физическим лицам, являющимся наемными работниками и состоящим с ним в трудовых отношениях. Настоящий пункт не распространяется на организации, финансируемые из государственного бюджета, а также на субъекты, указанные в части 2 статьи 47 настоящего Кодекса;

4) представлять налоговую отчетность в порядке и сроки, установленные настоящим Кодексом;

5) предоставлять пояснения, информацию и документы, в том числе в электронном виде, в случаях и в порядке, установленных настоящим Кодексом;

6) выполнять законное требование органа налоговой службы об устранении последствий налоговых правонарушений или о прекращении действия или бездействия, которые приводят к совершению налогового правонарушения;

7) не препятствовать законным действиям должностного лица органа налоговой службы при исполнении им служебных обязанностей на основании настоящего Кодекса;

8) на основании предписания допускать должностное лицо органа налоговой службы, осуществляющее налоговый контроль в форме налогового аудита, выездной налоговой проверки, рейдового налогового контроля и установления налогового поста для взыскания налоговой задолженности, признанной налогоплательщиком, за счет наличных денежных средств, определения фактического количества наемных работников, а также при проведении хронометражных обследований на территории или в помещении, наличие или использование которых приводит к возникновению налогового обязательства;

9) обеспечивать сохранность документов, подтверждающих исчисление, учет и исполнение налогового обязательства, в сроки:

а) документов на бумажном и электронном носителе - в течение не менее 6 лет, за исключением документов, подтверждающих приобретение и уплату налога на основе патента;

б) документов, подтверждающих приобретение и уплату налога на основе патента, - в течение 3 лет;

10) предъявить книгу инспекторских проверок должностному лицу органа налоговой службы, проводящего проверку, для регистрации проверки или контроля;

11) сообщать налоговому органу по месту текущего налогового учета об открытии или закрытии счетов в банках Кыргызской Республики, в том числе информацию о счетах, находящихся за пределами Кыргызской Республики, в течение 15 дней со дня, следующего за днем открытия или закрытия таких счетов;

12) исполнять требования, установленные законодательством Кыргызской Республики в отношении подакцизных товаров, товаров, ввозимых в Кыргызскую Республику из государств-членов ЕАЭС, а также товаров, перемещаемых по территории Кыргызской Республики;

13) представлять в налоговый орган по месту текущего налогового учета уведомление:

а) о ввозе товаров с территории государства-члена ЕАЭС на территорию Кыргызской Республики в связи с их передачей:

- от налогоплательщика государства-члена ЕАЭС своему филиалу или представительству в Кыргызской Республике;

- от филиала или представительства в государстве-члене ЕАЭС налогоплательщику Кыргызской Республики, филиалом или представительством которого является;

б) о вывозе товаров с территории Кыргызской Республики на территорию другого государства-члена ЕАЭС в связи с их передачей:

- от налогоплательщика Кыргызской Республики своему филиалу или представительству в государстве-члене ЕАЭС;

- от филиала или представительства в Кыргызской Республике налогоплательщику государства-члена ЕАЭС, филиалом или представительством которого является;

в) о временном ввозе товаров на территорию Кыргызской Республики с территории государств-членов ЕАЭС, которые в последующем будут вывезены с территории Кыргызской Республики без изменения свойств и характеристик ввезенных товаров;

г) о временном вывозе товаров с территории Кыргызской Республики на территорию государств-членов ЕАЭС, которые в последующем будут ввезены на территорию Кыргызской Республики без изменения свойств и характеристик вывезенных товаров;

д) о ввозе давальческого сырья на территорию Кыргызской Республики с территории государства-члена ЕАЭС для его дальнейшей переработки;

е) о вывозе давальческого сырья с территории Кыргызской Республики на территорию государства-члена ЕАЭС для его дальнейшей переработки.

Форма, сроки и порядок заполнения и представления уведомления утверждаются уполномоченным налоговым органом;

14) осуществлять маркировку товаров, представлять полную и достоверную информацию о маркируемых товарах и выполнять обязанности, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики и/или законодательством ЕАЭС в отношении маркировки товаров;

15) использовать фискальное программное обеспечение, разрешенное к использованию в соответствии с порядком, утвержденным Кабинетом Министров;

16) обеспечивать подключение субъектов к информационной системе, применяемой для заказа перевозки пассажиров и грузов, услуг службы такси и курьерских услуг исключительно при наличии налоговой регистрации;

17) при ввозе товаров в Кыргызскую Республику из государств-членов ЕАЭС представлять в налоговые органы документы на ввозимые товары и сопроводительные документы в порядке, определенном Кабинетом Министров;

18) применять каталог товаров, работ и услуг, утверждаемый уполномоченным налоговым органом, в случаях и порядке, определяемых Кабинетом Министров;

19) применять контрольные пломбы в случаях и порядке, определенных налоговым законодательством Кыргызской Республики и правом ЕАЭС;

20) приобретать товары, работы и услуги с получением счета-фактуры в виде электронного документа от поставщика, обязанного оформлять такой счет-фактуру в соответствии с настоящим Кодексом.

1-1.

Налогоплательщик, осуществляющий деятельность вне территории Кыргызской Республики, обязан уплачивать налоги исключительно в соответствии с упрощенной системой налогообложения на основе единого налога.

1-2.

Налогоплательщик, осуществляющий деятельность по транзакциям, обязан уплачивать налоги исключительно в соответствии с главой 65 настоящего Кодекса.

2.

Налогоплательщик выполняет иные обязанности, установленные налоговым законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 3 апреля 2023 года № 78, 23 июля 2024 года № 136, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Салык төлөөчүнүн милдеттери 1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) белгиленген тартипте салык органында катталууга; 2) салык милдеттенмесин аткарууга; 3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салыктык эсепке алууну жүргүзүүгө; 3-1) салык төлөөчүнүн өз кабинети аркылуу Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүүгө жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылууга. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, ошондой эле ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылбайт. 4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө; 5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө, анын ичинде электрондук түрдө берүүгө; 6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө салык кызматынын органынын мыйзамдуу талабын аткарууга; 7) ушул Кодекстин негизинде салык кызматынын органынын кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылбоого; 8) жазма буйруктун негизинде салык аудити, көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык төлөөчү тааныган салык карызын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү, жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн салык постун орнотуу формасында, ошондой эле бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келген аймакта же жайда хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамына кирүүгө мүмкүндүк берүүгө; 9) салык милдеттенмесин эсептɵɵнү эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин сакталышынын төмөнкүдөй мөөнөтүн камсыз кылууга: а) кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү документтер - патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган документтерди кошпогондо, 6 жылдан кем эмес; б) патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган документтер - 3 жылдын ичинде; 10) салык кызматынын органынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүгө; 11) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын банктарында эсептердин ачылгандыгы же жабылгандыгы жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан эсептери жөнүндө маалыматты мындай эсептер ачылган же жабылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде билдирүүгө; 12) акциздик товарларга, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып киргизилген товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча орду которулган товарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууга; 13) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына билдирүү тапшырууга: а) товарларды өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө: - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн анын Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө; - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги филиалдан же өкүлчүлүктөн филиал же өкүлчүлүк болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө; б) өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ башка мүчө мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө: - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги ɵзүнүн филиалына же өкүлчүлүгүнө; - Кыргыз Республикасындагы филиалдан же өкүлчүлүктөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнө; в) ташылып кирген товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыга турган товарларды ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып кирүү жөнүндө; г) ташылып чыккан товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кире турган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгуу жөнүндө; д) берилүүчү чийки затты аны андан ары кайра иштетүү үчүн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө; е) берилүүчү чийки затты андан ары кайра иштетүү үчүн аны Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө. Билдирүүнүн формасы, толтуруу жана берүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет; 14) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалана турган товарлар жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө жана товарларды маркалоо жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга; 15) Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну колдонууга; 16) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларга тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумуна такси кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана курьердик кызмат көрсөтүүнүн субъекттерин салыктык каттоосу болгондо гана кошууну камсыз кылууга; 17) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып кирүүдө салык органдарына ташып киргизилген товарларга документтерди жана коштомо документтерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте көрсөтүүгө; 18) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогдорун пайдаланууга; 19) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ЕАЭБдин укуктарында аныкталган учурларда жана тартипте контролдук пломбаларды пайдаланууга; 20) ушул Кодекске ылайык эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү болгон берүүчүдөн электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга. 1-1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчү салыктарды бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна ылайык гана төлөөгө милдеттүү. 1-2. Транзакциялар боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекстин 65-главасына гана ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү. 2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.