Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 53 НК
НК КР · гл. 3Статус: действует

Статья 53. Налоговый агент, права, обязанности и ответственность

1.

Если иное не предусмотрено настоящей статьей, налоговым агентом является организация или индивидуальный предприниматель, который обязан исполнить налоговое обязательство налогоплательщика в соответствии с требованиями настоящего Кодекса.

Органы законодательной, судебной, исполнительной государственной власти Кыргызской Республики со специальным статусом, иной государственный орган, орган местного самоуправления, определенный в Конституции Кыргызской Республики, а также орган государственного социального страхования Кыргызской Республики и Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики не являются налоговыми агентами по НДС по выполненным или оказанным в их адрес работам или услугам, местом поставки которых признается территория Кыргызской Республики, иностранной организацией, деятельность которой не приводит к возникновению постоянного учреждения на территории Кыргызской Республики.

2.

Налоговый агент исполняет свои обязанности с учетом льгот и освобождений, предусмотренных настоящим Кодексом, в отношении:

1) подоходного налога в качестве источника дохода по суммам, выплаченным работнику по трудовому договору, а также иному доходу, выплаченному физическому лицу и подлежащему налогообложению в соответствии с настоящим Кодексом;

2) налога от дохода иностранной организации, осуществляющей деятельность в Кыргызской Республике без образования постоянного учреждения, в качестве источника дохода;

3) налога от дохода иностранного субъекта от реализации доли в капитале или иной доли участия в отечественной организации, признаваемой источником дохода;

4) налога на транзакцию:

а) индивидуального предпринимателя, организации, филиала/представительства иностранной организации, зарегистрированных в Кыргызской Республике в соответствии с законодательством Кыргызской Республики о государственной регистрации;

б) иностранной организации, не имеющей постоянного учреждения в Кыргызской Республике и прошедшей налоговую регистрацию без государственной регистрации по адресу банка, в котором открыт ее счет;

5) НДС по выполненным или оказанным в его адрес работам или услугам, местом поставки которых признается территория Кыргызской Республики, иностранной организацией или индивидуальным предпринимателем, деятельность которого не приводит к возникновению постоянного учреждения на территории Кыргызской Республики, за исключением иностранной организации, указанной в части 4 статьи 28, зарегистрированной в Кыргызской Республике в соответствии с частью 2 статьи 111 настоящего Кодекса.

Настоящий пункт не распространяется на выполнение работ и/или оказание услуг в рамках реализации международных договоров или соглашений, указанных в статье 3 настоящего Кодекса, заключенных до даты вступления в силу настоящего Кодекса;

6) акцизного налога в качестве субъекта, осуществляющего переработку давальческого сырья, результатом которой является подакцизный товар.

2-1.

Налоговый агент исполняет свои обязанности в отношении подоходного налога от дохода физического лица, полученного им от осуществления деятельности с использованием информационной системы налогового агента, применяемой для заказа перевозки пассажиров и грузов, услуг службы такси и курьерской услуги, и подлежащего налогообложению в соответствии с настоящим Кодексом.

Внимание! Изменения, внесенные Законом КР от 12 февраля 2025 года № 37 в часть 2-1 настоящей статьи, вступают в силу с 1 сентября 2025 года.

3.

Налоговый агент обязан исполнить налоговое обязательство налогоплательщика вне зависимости от того, произведена выплата суммы дохода, оплата за товар, работы и услуги самим налоговым агентом или иным лицом по поручению налогового агента, или иным лицом в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

4.

Права и обязанности, установленные настоящим Кодексом для налогоплательщика, распространяются на налогового агента, если иное не установлено настоящим Кодексом.

5.

Если налоговый агент не удержал или удержал не полностью налоговое обязательство, предусмотренное настоящим Кодексом, то это неисполненное налоговое обязательство исполняется налоговым агентом.

6.

Банк не является налоговым агентом в отношении обязанности, предусмотренной пунктом 5 части 2 настоящей статьи.

7.

Отчет налогового агента представляется за месяц, в котором налоговое обязательство возникло. Представление отчета и уплата налогового обязательства налогового агента осуществляются в порядке и сроки применительно к каждому налогу отдельно согласно требованиям настоящего Кодекса.

8.

Освобождается от исполнения обязанностей налогового агента в отношении НДС, предусмотренного пунктом 5 части 2 настоящей статьи, резидент Парка высоких технологий, а также налогоплательщик, осуществляющий международные перевозки пассажиров, грузов и багажа воздушным и железнодорожным транспортом, при приобретении у иностранной организации или иностранного индивидуального предпринимателя работ и/или услуг, местом поставки которых признается территория Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 2 февраля 2024 года № 31, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 29 октября 2025 года № 243, 31 декабря 2025 года № 262, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Салык агенти, укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик 1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү болгон уюм же жеке ишкер салык агенти болуп саналат. Мыйзам чыгаруу, сот, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт. 2. Салык агенти өзүнүн милдеттерин ушул Кодексте каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен төмөнкүлөргө карата аткарат: 1) кызматкерге эмгек келишими боюнча төлөнгөн суммалар, ошондой эле жеке жакка төлөнгөн жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон башка киреше боюнча киреше булагы катары киреше салыгына; 2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдун кирешесинен алынуучу салыкка, киреше булагы катары; 3) чет өлкөлүк субъекттин киреше булагы деп таанылуучу капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан алган кирешесинен алынуучу салыкка; 4) транзакцияга салыкка: а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн; б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун; 5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында катталган, 28-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду болуп таанылган алардын дарегине иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар боюнча КНСке. Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызматтарды көрсөтүүгө жайылтылбайт; 6) акциздик товар натыйжасы болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүчү субъект катары акциздик салыкка. 2-1. Салык агенти жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон жеке жактын кирешесинен киреше салыгына карата өз милдеттерин аткарат. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 3. Салык агенти салык агентинин өзү же салык агентинин тапшырмасы боюнча башка адам же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка адам тарабынан кирешенин суммасын тɵлɵɵ, товар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр үчүн акылар төлөнгөнүнө карабастан, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү. 4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген укуктар жана милдеттер салык агентине жайылтылат. 5. Эгерде салык агенти ушул Кодекс менен каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толук эмес кармап калса, анда бул аткарылбаган салык милдеттенмеси салык агенти тарабынан аткарылат. 6. Банк ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган милдеттерге карата салык агенти болуп саналбайт. 7. Салык агентинин отчету салык милдеттенмеси пайда болгон ай үчүн берилет. Салык агентинин отчетун берүү жана салык милдеттенмесин төлөө ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө колдонулган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат. 8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти, ошондой эле аба жана темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.