Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон КР от 21 января 2000 года № 36 "О физической культуре и спорте" · ст. 3Статус: действует

Статья 3. Основные понятия

Для целей настоящего Закона используются следующие основные понятия:

1) Азиатские игры, Азиатские Паралимпийские игры и Азиатские Сурдлимпийские игры - спортивные состязания, проводимые каждые четыре года среди атлетов со всех стран Азии под эгидой Олимпийского совета Азии, а также среди спортсменов с инвалидностью с поражением опорно-двигательного аппарата и органов зрения;

2) запрещенные субстанции и (или) методы в спорте (далее - допинг) - химические соединения (вещества, лекарства) и методы, включенные в запрещенный список международного стандарта Всемирного антидопингового агентства, в том числе использование или попытка использования субстанции и (или) метода, включенных в перечни субстанций и (или) методов, запрещенных для использования в спорте;

3) нормативные основы физического воспитания - набор критериев оценки (нормативов) физической подготовленности в возрастном аспекте, последовательно охватывающих население Кыргызской Республики;

4) олимпийское движение - международное общественное движение, направленное на развитие спорта как одного из средств достижения физического и духовного совершенства человека, укрепление международного спортивного сотрудничества;

5) паралимпийское движение - часть международного олимпийского движения, объединяющего в своих рядах организации и лиц с ограниченными возможностями здоровья, целью которого является развитие спорта как одного из средств достижения физического и духовного совершенства человека, укрепления международного сотрудничества и приобщения лиц с инвалидностью к занятию спортом, здоровому образу жизни;

6) сурдлимпийское движение - составная часть международного сурдлимпийского движения, целями которого являются пропаганда и внедрение принципов сурдлимпийского движения, содействие развитию физической культуры и спорта среди спортсменов с нарушениями слуха, укрепление международного спортивного сотрудничества, участие в Сурдлимпийских играх и других международных спортивных мероприятиях, проводимых под эгидой Международного комитета спорта глухих;

7) Олимпийские игры, Паралимпийские игры и Сурдлимпийские игры - международные комплексные спортивные соревнования, проводимые раз в четыре года под эгидой международного олимпийского, паралимпийского и сурдлимпийского комитетов;

8) чемпионаты мира по олимпийским видам спорта - крупные международные соревнования, проводимые раз в четыре года или не более одного раза в год среди атлетов;

9) система физического воспитания населения и подготовки спортсменов - совокупность государственных и общественных форм деятельности, целью которой является физическое воспитание населения и развитие спорта в стране;

10) спорт - обобщенное понятие одного из компонентов физической культуры общества, исторически сложившегося в форме соревновательной деятельности и специальной практики подготовки человека к соревнованиям, а также специфические отношения, нормы и достижения, возникающие в процессе этой деятельности;

11) спорт высших достижений - сфера, обеспечивающая раскрытие потенциальных возможностей человека, достижение высоких спортивных показателей, установление рекордов;

12) спортивное соревнование - способ демонстрации, сравнения и оценки спортивных достижений;

13) спортсмен - лицо, имеющее спортивный разряд или спортивное звание в соответствии с Единой спортивной классификацией, систематически занимающееся избранным видом спорта и принимающее участие в спортивных соревнованиях по установленным правилам;

14) физическая культура - составная часть культуры, область социальной деятельности, являющаяся совокупностью духовных и материальных ценностей, создаваемых, развиваемых и используемых обществом в целях физического развития человека и укрепления здоровья;

15) физическое воспитание - организованный педагогический процесс, направленный на формирование здорового, физически и духовно совершенного, морально стойкого подрастающего поколения, укрепление здоровья, повышение работоспособности, творческого долголетия и продление жизни человека;

16) физкультурно-спортивные организации - коммерческие и некоммерческие организации независимо от их организационно-правовых форм и форм собственности, основным видом деятельности которых является оказание услуг в области физической культуры и спорта;

17) главный тренер сборной команды - лицо, имеющее высшее профильное образование и ответственное за руководство, формирование, подготовку и выступление сборной команды по виду спорта на Олимпийских играх, Паралимпийских играх и Сурдлимпийских играх, а также Азиатских играх, Азиатских Паралимпийских играх и Азиатских Сурдлимпийских играх, чемпионатах мира по видам спорта и других международных соревнованиях, назначаемое в порядке, определяемом уполномоченным государственным органом в сфере физической культуры и спорта;

18) старший тренер сборной команды - лицо, имеющее высшее профильное образование и ответственное за обеспечение профессиональной подготовки, обучение, совершенствование физической, теоретической, морально-волевой, технической сторон спортивно-тренировочного процесса спортсменов по определенному виду спорта для их выступлений на Олимпийских играх, Паралимпийских играх и Сурдлимпийских играх, а также Азиатских играх, Азиатских Паралимпийских играх и Азиатских Сурдлимпийских играх, чемпионатах мира по видам спорта и других международных соревнованиях, назначаемое в порядке, определяемом уполномоченным государственным органом в сфере физической культуры и спорта;

19) личный тренер - лицо, имеющее спортивное профессиональное образование, осуществляющее учебно-тренировочный процесс подготовки чемпиона или призера и руководство его состязательной деятельностью для достижения спортивных результатов;

20) первый тренер - лицо, специализирующееся в определенном виде спорта, участвовавшее в начальном обучении и совершенствовании мастерства путем развития функциональных возможностей спортсмена в юные годы, завоевавшего впоследствии звание чемпиона или ставшего призером;

21) киберспорт (электронный спорт) - вид соревновательной деятельности, основанный на использовании компьютерных игр и видеоигр, в котором участники (спортсмены) соревнуются индивидуально или в составе команды по установленным правилам с использованием информационных технологий.

(В редакции Законов КР от 18 ноября 2011 года № 219, 1 июня 2013 года № 87, 23 апреля 2016 года № 50, 18 июля 2020 года № 82, 14 апреля 2023 года № 90, 28 июля 2026 года № 128 )

Кыргызча
Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: 1) Азия оюндары, Азиянын Паралимпиадалык оюндары жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндары - Азиянын Олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппараты жана көрүү органдары жабыркаган майыптыгы бар спортчулардын арасында ар бир төрт жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештер; 2) спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) методдордун тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо; 3) дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу, дене тарбиялык даярдыгын баалоонун критерийлеринин (ченемдеринин) топтому; 4) олимпиадалык кыймыл - адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган эл аралык коомдук кыймыл; 5) паралимпиадалык кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарында бириктирген бөлүгү, анын максаты адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана майыптыгы бар адамдарды спорт менен машыгууга, сергек жашоо мүнөзүнө тартуу болуп саналат; 6) сурдлимпиадалык кыймыл - эл аралык сурдлимпиадалык кыймылдын курамдык бөлүгү, сурдлимпиадалык кыймылдын принциптерин пропагандалоо жана киргизүү, угуусу бузулган спортчулардын арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо, Сурдлимпиада оюндарына жана Эл аралык дүлөйлөр спорт комитетинин калкасы астында өткөрүлүүчү башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу анын максаттары болуп саналат; 7) Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдлимпиадалык оюндар - эл аралык олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык комитеттердин калкасы астында төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер; 8) спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттары - атлеттер арасында төрт жылда бир жолу же жылына бирден көп эмес жолу өткөрүлүүчү эл аралык ири мелдештер; 9) калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана спортчуларды даярдоо системасы - максаты калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана өлкөдө спортту өнүктүрүү болуп саналган иштин мамлекеттик жана коомдук формаларынын жыйындысы; 10) спорт - коомдун мелдешүү иш-аракеттери жана адамды мелдештерге даярдоонун атайын практикасы формасында тарыхый жактан калыптанган дене тарбиянын компоненттеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ошондой эле ушул иш-аракеттердин процессинде келип чыгуучу өзгөчө мамилелер, ченемдер жана жетишкендиктер; 11) жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, спорттук жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорддорду коюуну камсыз кылуучу чөйрө; 12) спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүү, салыштыруу жана баалоо ыкмасы; 13) спортчу - Бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар, спорттун тандалган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана спорттук мелдештерге белгиленген эрежелер боюнча катышкан адам; 14) дене тарбия - адамды дене бою жагынан өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү жана пайдаланылуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иштин тармагы; 15) дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене бою жана руханий жактан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу өсүп келе жаткан муунду калыптандырууга, ден соолукту чыңдоого, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, чыгармачыл узак жашоого жана адамдын өмүрүн узартууга багытталган уюштурулган педагогикалык процесс; 16) дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан ишинин негизги түрү дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар; 17) курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиадалык оюндарда, Паралимпиадалык оюндарда жана Сурдлимпиадалык оюндарда, ошондой эле Азия оюндарында, Азиянын Паралимпиадалык оюндарында жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалуучу адам; 18) курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиадалык оюндарга, Паралимпиадалык оюндарга жана Сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле Азия оюндарына, Азиянын Паралимпиадалык оюндарына жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн спорттун белгилүү бир түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук-машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам; 19) жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоонун окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик жүргүзүүчү адам; 20) биринчи машыктыруучу - спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен, кийин чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу адам; 21) киберспорт (электрондук спорт) - компьютердик оюндарды жана видео оюндарын пайдаланууга негизделген мелдешүү ишинин түрү, анда катышуучулар (спортчулар) маалымат технологияларын пайдалануу менен белгиленген эрежелер боюнча жекече же команданын курамында мелдешишет. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2013-жылдын 1-июнундагы № 87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)