Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах" · гл. 3Статус: действует

Статья 24. Порядок проведения аукциона

1.

Уполномоченный государственный орган по недропользованию организует аукционы на основании положения, утверждаемого Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Аукционная комиссия должна состоять из представителей уполномоченного государственного органа по недропользованию, заинтересованных министерств и ведомств, местных государственных администраций или местного самоуправления, на территории которых размещается объект права пользования недрами. Состав комиссии (не менее 5 человек) утверждается приказом уполномоченного государственного органа по недропользованию.

Председателем и секретарем комиссии назначаются представители уполномоченного государственного органа по недропользованию.

Секретарь комиссии не имеет права голоса при принятии решений комиссией, осуществляет работу по подготовке и проведению заседаний комиссии, ведет протокол заседаний комиссии и подсчет голосов членов комиссии при голосовании.

2.

Объявление о проведении аукциона публикуется в средствах массовой информации и размещается на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию не позднее чем за 45 дней до даты проведения аукциона.

3.

Аукционы являются открытыми.

4.

Стартовая цена участка недр, выставляемого на аукцион, должна быть не меньше суммы бонуса и стоимости геологической информации о недрах.

Объем необходимой геологической информации о недрах по каждому участку недр, выставляемому на аукцион, определяется уполномоченным государственным органом по недропользованию.

5.

Победителем аукциона считается претендент, предложивший самую высокую цену за получение права пользования недрами.

Победителем аукциона на право пользования недрами с целью разработки крупных и средних месторождений золота, серебра считается претендент, предложивший самую высокую цену за получение права пользования недрами и долю государству. Порядок определения размера передаваемой доли устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

6.

Право пользования недрами предоставляется победителю аукциона на основе протокола аукционной комиссии.

7.

Расходы участников аукциона возмещению не подлежат.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 23 июня 2022 года № 48, 6 мая 2024 года № 82)

Кыргызча
Аукционду өткөрүү тартиби 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондорду уюштурат. Аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, таламдаш министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти аймагында жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн турууга тийиш. Комиссиянын курамы (5 адамдан кем эмес) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү дайындалат. Комиссиянын катчысы комиссия чечим кабыл алган учурда добуш берүү укугуна ээ эмес, комиссиянын жыйыналыштарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт, комиссиянын жыйыналыштарынын протоколун жүргүзөт жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт. 2. Аукционду өткөрүү жөнүндө кулактандыруу аукционду өткөрүүнүн датасына чейин 45 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырылат. 3. Аукциондор ачык болуп саналат. 4. Аукционго коюлуучу жер казынасынын тилкесинин башталгыч баасы бонустун жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын наркынын суммасынан кем болбоого тийиш. Аукционго коюлган жер казынасынын ар бир тилкеси боюнча жер казынасы жөнүндө зарыл геологиялык маалыматтын көлөмү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 5. Аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер эсептелет. Ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 6. Аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугу берилет. 7. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдарынын орду толтурулбайт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-июнундагы № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)