Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 26
Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах" · гл. 3Статус: действует

Статья 26. Приостановление и прекращение права пользования недрами

1.

Право пользования недрами может быть приостановлено уполномоченным государственным органом по недропользованию на срок до 3 месяцев с указанием причин приостановления и с предписанием об устранении нарушений в случаях:

1) нарушения требований охраны недр, экологической и промышленной безопасности, установленных законодательством Кыргызской Республики, создающие непосредственную угрозу жизни или здоровью людей, работающих или проживающих в зоне влияния работ, связанных с пользованием недрами;

2) непредставления отчетов о выполнении геологических, горных работ и отчетов о движении запасов полезных ископаемых в сроки, установленные законодательством Кыргызской Республики;

3) представления отчетов о выполнении геологических, горных работ и отчетов о движении запасов полезных ископаемых, содержащих недостоверные сведения;

4) невыполнения требований по аккумулированию средств для рекультивации земельного участка;

5) нарушения сроков оплаты бонуса и/или лицензионных платежей;

6) неуведомления уполномоченного государственного органа по недропользованию в установленный срок о смене участников лицензиата - юридического лица, если такая смена влечет уплату бонуса в соответствии с налоговым законодательством Кыргызской Республики.

Право пользования недрами по объектам, включенным в реестр участков недр общегосударственного значения, распределяемых по конкурсу, приостанавливается уполномоченным государственным органом по недропользованию на 3 месяца в случаях невыполнения или ненадлежащего выполнения лицензиатом обязательств, предусмотренных условиями социального пакета.

2.

Если устранение причин, повлекших приостановление права пользования недрами в соответствии с пунктом 1 части 1 настоящей статьи, в целях поддержания горного имущества в сохранном, безаварийном и безопасном для людей и окружающей среды состоянии невозможно в течение срока приостановления, то уполномоченный государственный орган по недропользованию по мотивированному заявлению недропользователя вправе продлить срок для устранения нарушений. Заявление о продлении срока подается не позднее 5 дней до истечения срока приостановления лицензии.

3.

Основания для прекращения прав пользования недрами:

1) отказ от права пользования недрами недропользователем;

2) истечение срока действия лицензии на право пользования недрами, если лицензиатом не подано заявление о продлении или трансформации лицензии в срок;

3) проведение работ без технического проекта, получившего все необходимые положительные экспертизы, и/или без лицензионного соглашения на проведение работ;

4) неустранение в срок причин, повлекших приостановку права пользования недрами;

5) выполнение работ, направленных на пользование недрами, в период времени, на который право пользования недрами было приостановлено;

6) непредоставление или выявление факта предоставления недропользователем недостоверных сведений о бенефициарах компании;

7) невыполнение условий лицензионного соглашения по проектированию работ свыше 2 лет, за исключением лицензий, выданных на участки недр общегосударственного значения путем проведения конкурса;

8) (Утратил силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 27 июня 2024 года № 106)

4.

Дополнительные основания для прекращения права пользования недрами по объектам, включенным в реестр участков недр общегосударственного значения, распределяемых по конкурсу:

1) неуплата или несвоевременная уплата цены за право пользования недрами и штрафных санкций, предусмотренных условиями конкурса по конкурсному объекту;

2) нарушение, после однократного продления, срока представления технического проекта с положительными экспертными заключениями в области промышленной, экологической безопасности и охраны недр.

5.

Прекращение прав пользования недрами производится решением уполномоченного государственного органа по недропользованию. Со дня вступления в силу судебного акта о признании недействительным решения о предоставлении права пользования недрами такое право считается прекращенным.

6.

Решение уполномоченного государственного органа по недропользованию о приостановлении или прекращении права пользования недрами вступает в силу со дня принятия. Решение уполномоченного государственного органа по недропользованию о приостановлении или прекращении права пользования недрами с указанием оснований принятия такого решения направляется недропользователю в течение 10 рабочих дней со дня принятия. Решение уполномоченного государственного органа по недропользованию может быть обжаловано в судебном порядке.

7.

В случае возникновения форс-мажорных обстоятельств право пользования недрами приостанавливается по заявлению недропользователя на срок их действия. В течение 10 рабочих дней со дня подачи такого заявления уполномоченный государственный орган по недропользованию вправе отказать в приостановлении прав пользования недрами с указанием мотивов отказа. На время действия форс-мажорных обстоятельств срок действия лицензии и сроки выполнения условий лицензирования продлеваются на соответствующий период времени.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 23 июня 2022 года № 48, 27 июня 2024 года № 106)

Кыргызча
Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жана токтотуу 1. Жер казынасын пайдалануу укугу токтото туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жоюу жөнүндө милдеттендирүүчү катты берүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда 3 айга чейинки мөөнөткө токтотуп турулушу мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары бузулганда жана бул жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштардын таасир этүү зонасында иштеген жана жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна тикелей коркунуч жаратканда; 2) геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бербегенде; 3) ишенимсиз маалыматтарды камтыган геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду бергенде; 4) жер тилкесин рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда; 5) бонусту жана/же лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузганда. 6) Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө лицензиаттын - юридикалык жактын катышуучуларынын алмашылгандыгы жөнүндө билдирбөө, эгерде мындай алмаштыруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бонус төлөөгө алып келсе. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугу лицензиат социалдык пакеттин шарттарында каралган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга токтотулуп турат. 2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тоо-кендик мүлктү сакталган, бузулбаган жана калк жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу максатында жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу мүмкүн болбосо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун жүйөлөнгөн арызы боюнча бузууларды жоюу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мөөнөттү узартуу жөнүндө арыз лицензияны токтото туруу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен берилет. 3. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер: 1) жер казынасын пайдалануучунун жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартуусу; 2) эгерде лицензиат лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин лицензияны узартуу же трансформациялоо жөнүндө арыз бербесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн аяктоосу; 3) жумуштарды зарыл болгон бардык оң экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жана/же жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуусуз жүргүзүү; 4) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп турууга алып келген себептерди мөөнөтүндө жойбогондук; 5) жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турулган мезгил ичинде жер казынасын пайдаланууга багытталган жумуштарды аткаруу. 6) жер казынасын пайдалануучу тарабынан компаниянын бенефициарлары жөнүндө маалыматты бербөө же туура эмес маалыматты бергендигинин фактысы аныкталса. 7) конкурс өткөрүү аркылуу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна берилген лицензияларды кошпогондо, жумуштарды долбоорлоо боюнча лицензиялык макулдашуунун шарттарын 2 жылдан ашык аткарбоо; 8) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн кошумча негиздер: 1) конкурстук объект боюнча конкурстун шарттарында каралган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны жана жазапулдук санкцияларды төлөбөй коюу же өз убагынан кечиктирип төлөө; 2) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жаатындагы эксперттик оң корутундулары бар техникалык долбоорду берүүнүн мөөнөтүн бир жолку узарткандан кийин аны кайрадан бузуу. 5. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүргүзүлөт. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди жараксыз деп таануу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып мындай укук токтотулду деп эсептелет. 6. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими, мындай чечимди кабыл алуунун негиздерин көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануучуга мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жиберилет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 7. Форс-мажор келип чыккан учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун арызы боюнча аны колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат. Андай арыз берилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөсүн көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруудан баш тартууга укуктуу. Форс-мажорду колдонуу мезгилинде лицензияны колдонуу мөөнөтү жана лицензиялоо шарттарын аткаруу мөөнөттөрү убакыттын тиешелүү мезгилине карата узартылат. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-июнундагы 48, 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)