Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 17
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 4Статус: действует

Статья 17. Порядок избрания Торага

1.

Жогорку Кенеш тайным голосованием с использованием бюллетеней избирает из своего состава Торага.

2.

Право выдвигать кандидатуру для избрания на должность Торага имеют фракции, депутатские группы и депутаты с обоснованием их решения о выдвижении или самовыдвижении.

3.

Письменное представление о выдвижении кандидатов на должность Торага представляется фракциями, депутатскими группами, депутатами председательствующему на заседании Жогорку Кенеша, который составляет единый список кандидатов по очередности выдвижения и оглашает его.

4.

После завершения представления кандидатур заседание Жогорку Кенеша переходит в режим заседания Комитета всего Жогорку Кенеша для дачи заключения в случае рассмотрения вопросов, указанных в статье 9 настоящего Регламента,

5.

На заседании Комитета всего Жогорку Кенеша рассмотрение кандидатур осуществляется в порядке, предусмотренном главами 14 и 15 настоящего Регламента.

6.

После принятия Комитетом всего Жогорку Кенеша заключения по представленным кандидатурам Жогорку Кенеш возвращается в режим заседания Жогорку Кенеша.

7.

Председательствующий на заседании Жогорку Кенеша объявляет о переходе к процедуре тайного голосования с использованием бюллетеней.

8.

В бюллетень для тайного голосования вносятся все рассмотренные Комитетом всего Жогорку Кенеша кандидатуры, за исключением лиц, взявших самоотвод.

9.

Каждый кандидат до включения своей кандидатуры в бюллетень вправе заявить самоотвод.

10.

Избранным считается кандидат, за которого проголосовало большинство от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

11.

Если в выборах Торага участвовал один кандидат и он не был избран, проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур.

12.

Если в выборах Торага участвовали два кандидата и ни один из них не набрал необходимого числа голосов, за кандидата, набравшего большее число голосов, проводится повторное голосование. Если он и в этом случае не набрал необходимого числа голосов, проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур.

13.

Если в выборах Торага участвовали два кандидата, которые набрали одинаковое число голосов, то проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур.

14.

Если в выборах Торага участвовали более двух кандидатов и ни один из них не набрал необходимое число голосов, проводится следующий тур выборов среди двух кандидатов, набравших наибольшее число голосов. Если ни один из них не набрал необходимое число голосов, за кандидата, набравшего большее число голосов, проводится повторное голосование. Если кандидат и в этом случае не наберет необходимое число голосов, проводятся повторные выборы с выдвижением новых кандидатур. Если кандидат, прошедший в следующий тур, снимет свою кандидатуру, голосование проводится за следующего по числу набранных голосов кандидата.

15.

В случае досрочного прекращения полномочий Торага, начиная со дня образования вакансии в течение 10 рабочих дней, фракции, депутатские группы, депутаты, избранные по одномандатным округам, не вошедшие во фракции и депутатские группы, выдвигают кандидата на должность Торага.

Кыргызча
Төраганы шайлоо тартиби 1. Жогорку Кеңеш бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү аркылуу өзүнүн курамынан Төраганы шайлайт. 2. Көрсөтүү же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө чечимин негиздөө менен фракциялар, депутаттык топтор жана депутаттар Төраганын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти көрсөтүү укугуна ээ. 3. Фракциялар, депутаттык топтор тарабынан Төраганын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуш Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга берилет, ал көрсөтүүнүн кезектүүлүгү боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны жарыялайт. 4. Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин ушул Регламенттин 9-беренесинде көрсөтүлгөн маселелерди кароо учурунда Жогорку Кеңештин жыйналышы корутунду берүү үчүн бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышынын режимине өтөт. 5. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйналышында талапкерлерди кароо ушул Регламенттин 14 жана 15-главаларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 6. Бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети сунуш кылынган талапкерлер боюнча корутундуну кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин жыйналышынын режимине кайтып келет. 7. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө жарыялайт. 8. Өз талапкерлигин алып салган адамдарды кошпогондо, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге бүткүл Жогорку Кеңештин Комитети караган бардык талапкерлер киргизилет. 9. Ар бир талапкер өзүнүн талапкерлиги бюллетенге киргизилгенге чейин өз талапкерлигин алып салууну билдирүүгө укуктуу. 10. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү жактап добуш берген талапкер шайланды деп эсептелет. 11. Эгерде Төраганы шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. 12. Эгерде Төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. 13. Эгерде Төраганы шайлоого тең сандагы добуштарды алган эки талапкер катышса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. 14. Эгерде Төраганы шайлоого экиден ашык талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, эң көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын ала албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна алган добуштардын саны боюнча кийинки талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт. 15. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттар Төраганын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.