Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 22
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 4Статус: действует

Статья 22. Координационный совет

1.

Координационный совет осуществляет общее планирование деятельности Жогорку Кенеша, обсуждение и решение организационных вопросов, направленных на эффективное осуществление Жогорку Кенешем своих полномочий.

2.

В состав Координационного совета входят Торага, его заместители, председатели комитетов, лидеры фракций и руководители депутатских групп, а в случае их отсутствия - заместители.

3.

Заседания Координационного совета проводятся по решению Торага.

4.

Координационный совет осуществляет рассмотрение:

1) проектов сессионного и ежемесячного планов работы Жогорку Кенеша для их утверждения Жогорку Кенешем;

2) результатов мониторинга и контроля исполнения ежегодного плана работы и плана законотворческой деятельности Жогорку Кенеша;

3) плана международного и межпарламентского сотрудничества Жогорку Кенеша;

4) состава направляемых за рубеж официальных парламентских делегаций (объем полномочий делегаций, их руководителей и сопровождающих лиц);

5) проекта положения о порядке проведения внутреннего аудита;

6) форм отчетов Торага, его заместителей, председателей комитетов, консультативно-совещательных органов Жогорку Кенеша;

7) типового положения комитета, фракции, депутатской группы и временной комиссии для их утверждения Жогорку Кенешем;

8) информации соответствующего комитета о состоянии дисциплины, этики и посещаемости депутатами заседаний Жогорку Кенеша;

9) иных вопросов по предложению членов Координационного совета.

5.

Решения Координационного совета направляются в Жогорку Кенеш и могут быть отменены большинством голосов от общего числа депутатов.

Кыргызча
Координациялык кеңеш 1. Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин ишин жалпы пландаштырууну, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашырышына багытталган уюштуруу маселелерин талкуулоону жана чечүүнү жүзөгө ашырат. 2. Координациялык кеңештин курамына Төрага, анын орун басарлары, комитеттердин төрагалары, фракциялардын лидерлери жана депутаттык топтордун жетекчилери, ал эми алар жок учурда - орун басарлары кирет. 3. Координациялык кеңештин жыйналыштары Төраганын чечими боюнча өткөрүлөт. 4. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат: 1) Жогорку Кеңештин сессиялык жана ар айдагы иш пландарынын долбоорлорун Жогорку Кеңеш бекитиши үчүн аларды; 2) Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планын жана мыйзам чыгаруу иш планын аткаруунун мониторингинин жана контролдоонун натыйжаларын; 3) Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуу планын; 4) чет өлкөлөргө жиберилүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамын (делегациялардын, алардын жетекчилеринин жана коштоочу адамдардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн); 5) ички аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун; 6) Төраганын, анын орун басарларынын, комитеттердин төрагаларынын, Жогорку Кеңештин консультациялык-кеңеш берүүчү органдарынын отчетторунун формаларын; 7) Жогорку Кеңештин бекитүүсү үчүн комитеттин, фракциянын, депутаттык топтун жана убактылуу комиссиянын типтүү жобосун; 8) тартиптин, этиканын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына депутаттардын катышууларынын абалы жөнүндө тиешелүү комитеттин маалыматын; 9) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди. 5. Координациялык кеңештин чечимдери Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн. 5-глава. Жогорку Кеңештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары