Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 21 июля 1997 года № 57 "О государственном пенсионном социальном страховании" · ст. 13Статус: действует

Статья 13. Надбавки к пенсиям

1.

К пенсиям устанавливаются следующие надбавки в процентах к расчетному показателю:

а) инвалидам войны и приравненным к ним лицам:

I группы - в размере 175 процентов расчетного показателя;

II группы - в размере 150 процентов расчетного показателя;

III группы и участникам войны - в размере 100 процентов расчетного показателя;

б) гражданам, репрессированным по политическим мотивам в 1930-1950 годы, необоснованно привлеченным к уголовной ответственности и впоследствии реабилитированным, - в размере 150 процентов расчетного показателя;

в) инвалидам I группы по зрению - в размере 200 процентов расчетного показателя;

г) лицам (в том числе временно направленным или командированным), принимавшим в 1986-1989 годах участие в работах по ликвидации последствий аварии на Чернобыльской АЭС в пределах зоны отчуждения или занятым в этот период на эксплуатации или других работах на Чернобыльской АЭС, пострадавшим на других атомных объектах гражданского или военного назначения, - в размере 50 процентов расчетного показателя;

д) пенсионерам, достигшим 80 лет; лицам, награжденным нагрудным знаком "Почетный донор Кыргызской Республики" или "Почетный донор СССР"; инвалидам I группы, а также одиноким пенсионерам II группы, нуждающимся в посторонней помощи, - в размере 100 процентов расчетного показателя;

е) бывшим несовершеннолетним узникам концлагерей, гетто и других мест принудительного содержания, созданных фашистами и их союзниками в период второй мировой войны, - в размере 200 процентов расчетного показателя;

ж) лицам, работавшим на предприятиях, в учреждениях и организациях города Ленинграда в период блокады с 8 сентября 1941 года по 27 января 1944 года и награжденным медалью "За оборону Ленинграда", и лицам, награжденным знаком "Жителю блокадного Ленинграда", - в размере 200 процентов расчетного показателя;

з) матерям, награжденным орденами "Мать-героиня" или "Баатыр эне", в том числе получающим пенсию по случаю потери кормильца, - в размере 1000 процентов расчетного показателя.

1-1.

В местностях, где установлены коэффициенты доплат к заработной плате и другим социальным выплатам в соответствии с нормативными правовыми актами, надбавка к пенсии начисляется с учетом этих коэффициентов.

В случае переезда пенсионера на постоянное место жительства в населенный пункт, где не установлен районный коэффициент или установлен в большем или меньшем размере, надбавка к пенсии, начисленная с учетом коэффициентов, не пересчитывается.

2.

Размеры надбавок, установленных к пенсиям по возрасту и инвалидности, повышаются на 300 сомов следующим категориям лиц:

- инвалидам Великой Отечественной войны и приравненным к ним лицам, в том числе военнослужащим, исполнявшим интернациональный долг, принимавшим участие в Баткенских событиях 1999-2000 годов и признанным инвалидами;

- участникам Великой Отечественной войны;

- участникам ликвидации последствий аварии на Чернобыльской АЭС и других атомных объектах гражданского или военного назначения.

Пункт 2 вступил в силу с 1 января 2003 года

2-1.

Конституционным законом могут быть предусмотрены иные надбавки, чем предусмотренные в настоящей статье.

3.

Выплата указанных надбавок производится в полном размере за счет средств государственного бюджета и выплачивается вместе с пенсией.

(В редакции Законов КР от 4 ноября 2003 года № 220, 12 февраля 2004 года № 11, 27 января 2006 года № 23, 20 марта 2008 года № 29, 12 февраля 2009 года № 47, 15 июля 2009 года № 218, 19 января 2010 года № 7, 26 июля 2011 года № 128, 16 ноября 2011 года № 211, 10 мая 2024 года № 84)

Кыргызча
Пенсияларга кошумча төлөө 1. Пенсияларга эсептешүү көрсөткүчүнө карата пайыз менен алынган төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр белгиленет: а) согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга: I топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 175 пайызы өлчөмүндө; II топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө; III топтогуларга жана согуштун катышуучуларына - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө; б) 1930-1950-жылдарда саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, негизсиз түрдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана кийин акталган жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө; в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө; г) 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде катышкан (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же иш сапарына жиберилгендерге) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө жарандык жана аскердик багыттагы башка атомдук объектилерде жабыр тарткан же башка жумуштарда иштеген адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 пайызы өлчөмүндө; д) 80 жашка толгон пенсионерлерге; "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга; 1 топтогу майыптарга, ошондой эле бирөөнүн жардамына муктаж болгон II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө; е) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө; ж) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө; з) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган, анын ичинде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайыз өлчөмүндө. 1-1. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген жерлерде ченемдик укуктук актыларга ылайык пенсияга үстөк акы ушул коэффициенттерди эсепке алуу менен эсептелет. Пенсионер райондук коэффициент белгиленбеген же көбүрөөк же азыраак өлчөмдө белгиленген калктуу конушка туруктуу жашоого көчкөн учурда, коэффициенттерди эске алуу менен эсептелген пенсияга кошумча акы кайра эсептелбейт. 2. Курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга белгиленген кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат: - Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматчыларына; - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына; - Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга. 2-1. Конституциялык мыйзам менен ушул статьяда каралгандан башка кошумча акылар каралышы мүмкүн. 3. Аталган кошумча төлөөлөрдү толук өлчөмдө төлөп берүү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана пенсия менен чогуу төлөнөт (КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2004-жылдын 12-февралындагы № 11, 2008-жылдын 20-мартындагы № 29, 2009-жылдын 12-февралындагы № 47, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2010-жылдын 19-январындагы № 7, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 211, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)