Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон КР от 21 января 2025 года № 18 "О свободе вероисповедания и религиозных объединениях" · гл. 2Статус: действует

Статья 11. Центральный орган управления религиозных организаций

1.

Для координации и направления деятельности религиозные организации одного вероисповедания вправе создать один центральный орган управления религиозными организациями (далее - центральный орган управления).

Религиозные организации соответствующего вероисповедания для создания центрального органа управления созывают учредительное собрание, которое формирует руководящие и иные органы управления.

Внешние связи центрального органа управления, включая взаимодействие с зарубежными религиозными организациями и участие в международных религиозных мероприятиях, а также получение финансирования от зарубежных религиозных организаций, осуществляются по согласованию с уполномоченным государственным органом по делам религий.

2.

Наименование центрального органа управления должно содержать указание на вероисповедную принадлежность, основной предмет его деятельности и слова "духовное управление".

Центральным органом управления мусульман Кыргызской Республики является Духовное управление мусульман Кыргызстана (Муфтият).

3.

Центральные органы управления выполняют следующие функции:

1) согласовывают с уполномоченным государственным органом по делам религий строительство религиозных учебных заведений и объектов религиозного назначения на основе фактических потребностей и количественного состава верующих конфессии в конкретном населенном пункте. Строительство указанных объектов без согласования запрещается и является основанием для отказа в учетной регистрации;

2) разрабатывают учебные пособия и учебно-методические комплексы для религиозных учебных заведений;

3) вносят ходатайство в уполномоченный государственный орган по делам религий о разрешении выступления религиозного проповедника и публикации информации по религиозным вопросам в СМИ и сети Интернет;

4) дают для верующих заключения о внешнем виде священнослужителей, верующих, захоронении и сокрытии умершего, сооружении памятника и т.д.;

5) принимают решения об условиях религиозных обрядов в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

6) назначают руководителей религиозных учебных заведений и религиозных объектов. Решения о назначении, принимаемые центральными органами управления, подлежат обязательному исполнению.

Кыргызча
Диний уюмдардын борбордук башкаруу органы 1. Диний уюмдардын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн бир динди туткан диний уюмдар бир борбордук башкаруу органын (мындан ары - борбордук башкаруу органы) түзүүгө укуктуу. Тиешелүү динди туткан диний уюмдар борбордук башкаруу органын түзүү үчүн уюштуруу чогулушун чакырат, ал башкаруунун жетектөөчү жана башка органдарын түзөт. Борбордук башкаруу органынын тышкы байланыштары, анын ичинде чет өлкөлүк диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык диний иш-чараларга катышуу, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардан каржы алуу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. 2. Борбордук башкаруу органынын аталышы диний таандыктыгына карата көрсөтмөнү, анын ишинин негизги предметин жана "дин башкармалыгы" деген сөздөрдү камтууга тийиш. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын борбордук башкаруу органы болуп саналат. 3. Борбордук башкаруу органдары төмөнкү функцияларды аткарат: 1) конкреттүү калктуу конуштагы конфессияга ишенгендердин иш жүзүндөгү муктаждыктарынын жана сандык курамынын негизинде диний окуу жайларын жана диний багыттагы объекттерди курууну дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат. Аталган объекттерди макулдашуусуз курууга тыюу салынат жана эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат; 2) диний окуу жайлары үчүн окуу куралдарын жана окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгат; 3) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний насаатчынын сүйлөп чыгуусуна уруксат берүү жана диний маселелер боюнча ЖМКга жана Интернет тармагына маалымат жарыялоо жөнүндө өтүнүч киргизет; 4) дин кызматкерлеринин, динге ишенгендердин сырткы келбети, маркумдун сөөгүн коюу жана жашыруу, эстелик тургузуу ж.б. жөнүндө динге ишенгендер үчүн корутунду берет; 5) диний жөрөлгөлөрдүн шарттары тууралуу чечимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат; 6) диний окуу жайларынын жана башка диний объекттердин жетекчилерин дайындайт. Борбордук башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган дайындоо жөнүндө чечимдер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.